Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

15 - Февраля  2017 | 3 : 28688
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

 

Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык сотто  КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда өткөн жергиликтүү соттордун жыйынтыктоочу чогулушунда маалым болду. Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга КРнын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р. Ибраимов да катышты.

Областтык соттун төрагасы Ш. Камбаров жыйынды алып барып, жыл ичинде сотко келип түшкөн иштер боюнча статистикалык маалыматтар  боюнча баяндама жасады.  Төрага маалымдагандай, былтыркы жылы жергиликтүү сотторго 2074 кылмыш иши түшсө, областтык сотто апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 621 жарандык иш каралган. Жергиликтүү сотторго 12095 жарандык иштер түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 586 кылмыш иши каралган. Ал эми экономикалык жана административдик иштер боюнча 1551 иш түшүп,  анын 350 иш областта каралган.

Жыйын жүрүшүндө сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү боюнча да сөз болду.

Жогорку Соттун төрайымы А. Токбаева соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө билдирүүлөрдү угуп, сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга болгон күч аракетти жумшоого чакырды. Ошондой эле бардык судьяларга ишти бирдей бөлүштүрүү, анда убактысын, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, жер маселеси, жашы жетпегендерге карата ишти кылдат кароо сыяктуу маанилүү маселелерге токтолду.

Жалал-Абад областтык соттун басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  2017-жылдын 3-декабрында саат 18:30 чамасында Жалал-Абад Казарман жолунун 38 чакырымында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Д. А ны мамлекеттик...

4 - Декабря  2017 | 6 : 5332
Маңзат сөзсүз уулайт Маңзат сөзсүз уулайт

      Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо...

26 - Октября  2017 | 7 : 27295
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2495
Кумарпоздордун курмандыгы болдум Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого...

7 - Сентября  2017 | 5 : 29471
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын...

7 - Сентября  2017 | 5 : 51490
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56495
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү... 11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү...

    Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча...

4 - Ноября  2016 | 11 : 41267