Сузакта жылдын мыкты мугалимдери тандалды

20 - Февраля  2017 | 9 : 411006
Сузакта  жылдын мыкты мугалимдери тандалды

 

 

Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор тандалып алынды. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Кароо-сынакка катышкан мугалимдер негизинен сабак өтүү усулу, өзүн тааныштыруу, эссе, тест, педагогикалык чыгармачылыгын өстүрүү жаатындагы жеке долбоорлорун суруш кылышып, алар калыстар тобу тарабынан бааларын алышты. Райондогу Таш-Булак айыл өкмөтү боюнча  Таалайгүл Идирисова атындагы мектеепте өткөн кароо-сынакка Таш-Булак, Октярдын 40 жылдыгы жана Төрөмаматов атындагы мектептердини мугалимдери  кеилшкен. Анда Таалайгүл  Идирисова мектептин ар тараптуу активдүүлүгү жана чыгармачылыгы менен айырмаланган математика мугалими  Айнура Сүйөркулова 1-орунга жетишти.

Сынактын жеңүүчүсү Айнура Сүйөркулованын айтымында, кароо-сынакта талаптар катуу коюлганы менен калыстар тобу тарабынан калыстык көрсөтүлдү.

-Балдар менен иштөө мен үчүн кызыктуу, ошондуктан мугалимдик кесипти тандап, бир топ жылдан бери мектепте эмгектенип келем. Эң негизи балдарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү  биздин милдет, - дейт ал.

Калыстар тобунун төрайымы, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Айзада Көкчөеванын айтымында,  бул кароо-сынактын балдардын билимин тереңдөтүүдөгү алган орду зор.

- Биз, мугалимдердин арасынан мыктыларын туура тандап алышыбыз керек, анткени алдыда райондук, областтык, республикалык турларга катышышат.  Ал эми болуп өткөн кароо-сынак ачык айкын, калыс  өттү, - дейт ал.

 

Сузакта мугалимдердин ыгармчсылык активдүүлүгүн жогорулатуу ушуну менен эле чектелип калбайт. Райондук билим берүү бөлүмүнүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Душанали Токтогуловдун айтымында, алдыда дагы көптөгөн пландуу иш-чаларалар бар. 

-Мугалимдердин коомдогу кесиптик беделин көтөрүү, билим берүүнүн жаңы потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ачуу жана эң мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген  мугалимдерге колдоо көрсөтүү багытында көптөгөң пландарыбыз бар. Ал жаңы пландардын үстүндө аракеттерди көрөбүз дейт, - дейт ал.

Белгилей кетсек, жылдын  мыкты мугалимин тандоо сынагынын райондук туру 6-7-апрелде өтөт. Анда Сузак районундагы бардык айыл өкмөттөрдөн алдыңкы орунга жетишкен мугалимдер күч сынашат.

 

Бегимжан Каныбек кызы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мектеп окуучуларын эмне азгырат? Мектеп окуучуларын эмне азгырат?

    Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл балдардын кылмышка аралашуусу көп. Былтыр жыл ичинде 12 кылмыш иши катталса, 2017- жылы тогуз ай ичинде 20 кылмыш катталган. Шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштешүү...

8 - Ноября  2017 | 9 : 6236
“Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок” “Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок”

                        Жыл жаңырганда эле билим берүү министрлиги окуу системасында жаңы өзгөрүштөрдү киргизди. Тактап айтканда 2017-жылдын 12 январында №33 буйругу чыгып,...

3 - Февраля  2017 | 11 : 55779
Окуу жылга даярдык кандай? Окуу жылга даярдык кандай?

  Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланууга жергиликтүү бийлик, мугалимдердин да маани беришпегендигинен  учурда бир эмес эки заманбап болуп бүткөн мектепте окуучу толбой  турат,  биринде...

26 - Августа  2016 | 18 : 41300