Кызмат абалынан пайдаланган кызматкерлер аёсуз жазаланат

2 - Марта  2017 | 8 : 513077
Кызмат абалынан пайдаланган кызматкерлер    аёсуз жазаланат

 

   Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын подполковниги Акылбек Мамасейитов областтын шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен өз жеринде жакындан таанышуу учурунда билдирди.


   Андан сырткары    алыскы   Ала-Бука, Аксы, Майлуу-Суу,Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул   райондоруна барып катардагы кызматкерден тартып жетекчилик кызматта өз милдетин аткарып жаткан өздүк курамдын көйгөйлөрүн угуп    маселени  чечүүгө бел байлады.
    Жаңы жетекчи барган жерде шарт түзмөй сайын жумушту талап кылуу мүмкүн эместигин эске алып, кызматкерлердин эң алгач социалдык маселелерине көңүл буруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да жолугуп көйгөйлөрдү ортого салышты. Чындыгында региондорду кыдырууда милиция кызматкерлеринин жашоо шарты, турак жайга, үй курууга жер тилкелеринин жоктугу эске алынды жана   айрым акимдер жер тилкелерин караштырууга убадаларын беришти. Ошондой эле "өздүк курам эс алуу күндөрүн мүмкүн болушунча максималдуу деңгээлде эс алсын" деп жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө талап кылды.
    Мындан сырткары Акылбек Мамасейитов шаар,райондук ички иштер бөлүмдөрү менен таанышуу учурунда материалдык техникалык базасы, убактылуу кармоочу жайлар, нөөмөт бөлүмдөрү, иштөө бөлмөлөрүн да карап чыкты.    
     Жалпысынан алганда баардык региондордо кадр маселесиндеги көйгөйлөрдүн (кызмат ордун которууда)  бар экендиги башкармалыктын жетекчисине жер жерлерде кызматкерлерди жеке кабыл алууда маалым болду. ​    

    

Иш сапары учурунда башкармалыктын башчысы тарабынан өздүк курамга бир топ тапшырмалар, аны менен бирге министрликтин талаптары коюлду. Анын ичинде кызматкерлердин тартиби, эл ишенимине ээ болуу,  коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана функционалдык милдеттерди так аткарууну буйруду. Чек арага чектеш жайгашкан ички иштер бөлүмдөрүнө коңшу мамлекеттин укук коргоо органдары менен мамилени жакшыртып тыгыз байланышта жумуш алып баруусу керекдигин айтты.
    Эске сала кетсек, жаңы дайындалган Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси   калган аймактардан да кабар алууну улантууда.

Элиза Капарова 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5271
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3102
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 775
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1474
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1979
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2592
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55162