Эки айда элүү кырсык жүз берди

14 - Марта  2017 | 5 : 15621
Эки айда элүү кырсык жүз берди

 

 

 

Жалал-Абадга жаз келгенде эле жер көчкү, суу ташкыны көпчүлүктү элеңдетет. КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы бул жаатта кандай кадамдарды жасап жатканынан кабар алуу максатында башкармалыктын башчысынын  милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов менен маектештик.

 

-Абдишарип мырза, жаз келип, күн жылый баштады. Жаратылыштын мындай жагымдуу абалы айрым коркунучтар менен да коштолуусу мүмкүн. Тактап айтканда  жер козголуп, сел жүрүшү күтүлөт эмеспи. Областтагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы кандай алдын алуу иштерин  жүргүзүүдө?

 

-Ооба, жаз келгенде  биздин областта жаратылыш кырсыктары көп болот. Быйыл жаз келбей жатып эле жер көчкү көпчүлүктүн эсин алды. Анткени кыш жеңил болуп, күн  ысып, жер тоңгон жок. Бул жагдай жер көчкү коркунучу бар аймактарга ого бетер кооптуулукту жаратты. Биздин областта жер көчкү, кар көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо кырсыктары бир топ алдын алуу иштерин талап кылат. Мунун ичинен  жер көчкү көп катталат. Алдын алуу иштери калкты жана кызматтык адамдарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо эрежелерин окутуудан башталат. Өткөн жылы 141 адамды окуттук. Ошондой эле областтагы өзгөчө коркунучу бар аймактардагы калкты жеринде барып окутуу, түшүндүрүү иштери  болду. Өзгөчө кырдаалдар  башкармалыгынын  райондук жана шаардык  бөлүмдөрдүн башчылары тарабынан  1055 адамга кырсыктардан сактануу эрежелери окутулду. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын президентинин 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүүсүнүн программасында каралган “Жашыл” долбоор ишке ашууда.Өткөн жылы 35 гектар жер аянтын камтыган 10 обьект планга киргизилип,  жер көчкү коркунучу бар жерлерди жашылдандыруу аракети жүргүзүлдү. Муну менен катар жаратылыш кырсыктарына даярдыктарыбыз канаттандырарлык. Техникалык жактан мүчүлүштөрүбүз жок.

-Алдын алуу иштери кооптуу жерлерден жарандарды көчүрүү менен коштолот. Бүгүнкү күндө канча үй бүлө  ата конуштарынан  көчүрүлдү?

-Учурда област боюнча жалпы 3138  үй бүлө коопту жерлерден көчүрүлүүгө тийиш.  Тилекке каршы, мамлекеттик жардамдарын алса да, тообокел кылып 1789  үй- бүлө  көчпөй  келүүдө. Көчпөй көгөргөндөрдүн көпчүлүгү сузактыктар. Бул райондо 1106 адам кооптуу жерлерден коркпой жашап келүүдө. Анын ичинен малекеттик жардамын алса да,  жер көчкүдөн коркпой  958  үй -бүлө көчө элек. Андан кийин Аксы районунда да жер көчкүнү тоготпогондор бар. Мындан сырткары сел коркунучунан сактануу үчүн 718, таш кулоо коркунучунан 33  үй- бүлө  көчүрүлүүгө тийиш. Башка район-шаарлар да жаратылыш кырсыктарынан кур эмес.

-Жыл башынан бери абал кандай болду?

-2017-жылдын январь-февраль айында эле областта 50 жолу өзгөчө кырдаал фактысы  катталды. Мында адам өмүрүнө зыян келбегени  менен бир топ экономикалык чыгым болду. Сузак районундагы  чилдеде болгон  төрт жолку  жер көчкү жашоочулардын жер которуштуруусун шарттады. 34  үй -бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, бир мектеп жабылды.Мындан сыртакары 37 жолу кар көчкү Ош-Бишкек жолунда, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондорунда катталды. 8 жолку калың кар, бир таш кулоо кошумча болду.

-Алдын алуу жана куткаруу иштери алгачкы эки ай ичинде кандай жүрдү?

- Областтык  жарандык коргонуу башчысынын 2017-жылдагы иш мерчемдеринин негизинде “ар кандай өзгөчө кырдаалга өздүк курамдын иш аракеттери ”  деген темада беш штабдык машыгуу жана эки комплекстик текшерүү, бир мекемелик машыгуу, бир штабдык  окуу өткөрүлдү. Мындан сырткары Республикалык жарандык коргонуу башчысынын эки штабдык машыгуусу болуп өттү. Област боюнча 2017-жылдын февраль айына карата 3560 ар какндай категориядагы жарандар окутулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 4771
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16110
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52221
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 2288
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө” “Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:   Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында...

3 - Августа  2017 | 5 : 29388
“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген” “Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

Областтын прокурору Ө. Жамшитов:       Өткөн жылы областта эң көп жер, мамлекеттик сатып алуулар, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдар бузулган. Акыркы жылдары жер...

24 - Марта  2017 | 10 : 47512
Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

    Ушул жылдын орчундуу окуясы жарандарга электрондук паспорт берүү жана президенттик шайлоо болот өңдөнөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында 2017- жылдын...

15 - Февраля  2017 | 4 : 301105