Министр Талантбек Батыралиев Жалал-Абаддагы Мед Лайн медициналык борборунун иши менен таанышты

16 - Марта  2017 | 4 : 50957
Министр Талантбек Батыралиев Жалал-Абаддагы Мед Лайн медициналык борборунун иши менен таанышты

    

Жакында КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарындагы Мед Лайн менчик медициналык борборунун иши менен жеринде таанышты. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Мед Лайн медициналык борборунун жетекчиси Жылдыз Кожалиева жаңыдан гана ачылып иштей баштаган менчик медициналык борборунун учурдагы иш аракеттери туурасында КРнын Саламактыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кеңири маалымат берди.

      Аталган медициналык борбордун курулушу мындан эки жыл илгери башталган. Аны куруу максатында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 230 миң доллар кредит алышкан. Учурда  бул ооруканада 26 дарыгер жана 7 медайымдар иштеп жатышат. Медициналык жабдуулар Швецария, Япония жана Германия мамлекеттеринен сатылып келинген. Оорукана жалпысынан 48 койка орунга эсептелген. Оорукананын башкы артыкчылыгы бул жерде заманбап акыркы үлгүдөгү эндовидеохирургия медициналык жабдуусу орнотулган.

     КРнын Саламатыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев оорукананын ичин бир сыйра кыдырып, ал жерде дарыланып жатышкан бейтаптар менен аңгемелешти. Бул жерде иштеп жатышкан дарыгерлер менен медайымдарга бир катар сунуштарын айтып, калктын ден соолугун чыңдоодогу аракеттери кандай натыйжа берип жаткандыгы туурасындагы маселелерге кызыкты. Бул ооруканада бейтаптардын реаблитация мезгилиндеги эс алуу шарттарына дагы атайын көңүл бурулган. Оорукананын айлана тегерегин жашылдандыруу максатында баалуу бак-дарактар олтургузулуп жатат.

      Өз кезегинде КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөбүздө ооруканаларга алардын менчигинин түрүнө карабастан талаптар бирдей катуу боло тургандыгын бул жерде иштеп жатышкан дарыгерлерге дагы бир ирет эскертти. Калктын ден соолугун коргоодо дарыгерлердин кесиптик даярдыктары жана бейтаптарга сылык жана кичипейил мамиле жасоонун мааниси абдан чоң экендигин белгилеп кетти. Дарыгер бейтаптарды жылуу сөздөрү менен дагы дарылоосу зарыл экендигин белгиледи.

-    Биздин оорукана көп тарамактуу оорукана болуп саналат. Кардиохирургиялык оорулардан башка хирургиялык, акушердик-гинекологиялык операциялардын баары пландык негизде жүргүзүлөт. Бөйрөктөгү ташты талкалап түшүрүүчү уретроскоптук лазердик дарылоо ташка түз тийгизип талкалоо жолу менен жүргүзүлөт. Урологиялык жана ашказан ооруларын дарылоо япония өндүрүшүнөн чыгарылган медициналык жабдуулар менен ишке ашырылат. Невропаталогиялык оорулар боюнча дагы иш алып барабыз. Эң башкысы бизде өз кесибин терең аздектеп сүйгөн дарыгерлердин көбү медицина илимдеринин докторлору жана кандидаттары,- дейт Мед Лайн ооруканасынын жетекчиси Жылдыз Кожалиева.

 

    Жолдошбай Осмонов, журналист

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу... Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу...

         Өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк оорусунун кесепетинен экени аныкталып,көпчүлүк  бул дарт жөнүндө билгенге жана андан сактанууга өзгөчө кызыктаар...

9 - Февраля  2018 | 7 : 12743
Үй-бүлө ууланды Үй-бүлө ууланды

    Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан...

26 - Декабря  2017 | 14 : 19236
Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

                    Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу...

14 - Декабря  2017 | 11 : 12241
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү” “ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:   Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да...

16 - Ноября  2017 | 8 : 32613
Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 25291
Донорлор  өмүр  тартуулашты Донорлор өмүр тартуулашты

         Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.  Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча...

29 - Сентября  2017 | 6 : 21425
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

    Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы...

15 - Июня  2017 | 5 : 341199