Санарипке өтүү программасынын алкагында

16 - Марта  2017 | 5 : 7532
Санарипке өтүү программасынын алкагында

 

Бүгүн өлкө алдында турган эң маанилүү, эң актуалдуу маселелерден болуп жаткан аналогдук телеберүүдөн санариптик телеберүүгө өтүү алкагында атайын иш мерчемдерге ылайык КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын маалыматтык-технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, РПО МТР ААКнын өкүлдөрү жер-жерде жолугушуу иш чараларын өткөрүшүүдө.   

Иш чара областыбызда алгач Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, ага мекеме-ишканалардын жетекчилери, активисттери жана айыл аймактарынын башчылары чакырылган.

КРнын маалыматтык-технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов аналогдук, санариптик телесигналдардын бүгүнкү күндөгү абалы жана аткарылып жаткан иштери жөнүндө кеңири маалымат берди. Айрыкча, КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы 692-токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүгө өтүүнүн мамлекеттик программасын» ишке ашыруу, боюнча түзүлгөн жумушчу топтун иш аракетине кеңири токтолду.

«Биз бүгүн санариптик телеберүүгө даярбызбы?» деген суроо турду. Албетте, көп иштер аткарылды. Райондун элинин токсон пайызга жакын санариптик берүүгө даяр. Мисалы, Токтогул шаарынын жашоочуларынын дээрлик бардыгы 16 каналдан сапаттуу, мыкты берүүлөрдү көрө алышат. Сапаттуу санариптик кутучаларды сатып алуу, туташтырылган эски зымдарды алмаштыруу, антенаны телемунараны каратып бийик орнотуу иштерин жакшы билишет.

Бирок андай болсо эмне үчүн Токтогул районунун он төрт элдүү пункттарында санариптик таза, мыкты сапатта көрүүгө технологиялык мүмкүнчүлүктөрү жок. Мисалы, алыскы Толук айыл аймагына караштуу Толук, Алмалуу, Ноот, Чаар-Таш айылдарында жана Сары-Камыш айыл аймагындагы Бирлик, Көтөрмө айылдарында санариптик телеберүүгө кошууга телерадио толкундары өтпөй калган.

Бул программаны ишке ашыруу үчүн ретрансляторлорду орнотууга жана алардын инфратүзүмүн курууга акысыз жер тилкелерин ажыратуу маселелерин ыкчам чечүүдө турат. Талаптагыдай шарттарды жаратуу милдеттери бар. (АТР) Автоматтык теле көрсөтүү ретрансляторлорду орнотуу үчүн акысыз имараттарды берүү, электр чубалгыларынын өткөрүү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу иши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын башчыларына тапшырылды. Телемунараларды орнотуу эң башкы маселелерден экендиги жыйында баса белгиленди.

Негизинен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаман эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекеме-ишканаларга маалыматтык баракчалар жөнөтүлүп, эл топтолгон жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген.

Исабек ТОКТОГУЛОВ,

Токтогул району

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

                                                                                                         2018-жыл...

23 - Января  2018 | 10 : 254
Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу...

16 - Января  2018 | 4 : 1210
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат «Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп...

12 - Января  2018 | 6 : 3956
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы... Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы...

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол...

11 - Января  2018 | 5 : 042
Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары...

12 - Декабря  2017 | 10 : 3345
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин...

26 - Октября  2017 | 4 : 5798
Депутат айым менен жолугушуу Депутат айым менен жолугушуу

           Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жалал-Абад областындагы  активист айымдар менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүк майрамынын жана...

7 - Сентября  2017 | 5 : 34292