Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

17 - Марта  2017 | 8 : 30870
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

 

Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты. Рыскулбек Таласбаев бул тууралуу өзү билдирди.   Петроглифтер топтому Чаткал районунун деңиз деңгээлинен 3770  метр бийиктиктеги, Өзбекстанга чектеш жайгашкан Беш-Таш ашуусуна жакын Бугулуу-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ал өзү билдиргендей, 2013-жылдын август айында атайы ат арытып, Бугулуу-Төр жайлоосуна чыгып барып, ал жердеги петроглифтерди ар бир ташка  бор менен номур коюп фотоаппарат менен сүрөткө тартып келген. -Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун болгону менен, сүрөттөрдүн саны көбүрөөк, себеби, айрым таштарда жалгыз гана сүрөт болсо, айрымдарында беш-ондон сүрөт тартылган. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган.

Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган.  Эң кызыктуусу жана таңгалыштуусу-айрым сүрөттөрдө куйруктуу же, үч буттуу адамдардын тартылганы. Мындай адамдардын сүрөттөрүн 2016-жылдын декабрь же, январь айында Орусиянын биринчи каналынан белгилүү алып баруучу Валдис Пельш Байкал көлүнүн айланасындагы аска таштардан таап, тартып алып, коомчулукка көрсөтүү менен, аларды –башка планетадан келген адамдарбы?....-деген деген жоромолун айтпады беле.-дейт Рыскулбек Таласбаев өз табылгасы тууралуу маалымат менен бөлүшүп жатып.
-Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешээри белгилүү. Мис: “Кыргызстандын тарыхы: Урунттуу учурлар” (2012. Авт: Ө. Осмонов, А. Мырзакматова)   окуу китебинен  төмөнкүдөй маалыматты ала алабыз  Кыргызстандагы Саймалы-Таш сүрөт галереясында жүз миңден ашуун сүрөттөр болгондуктан, аны дүйнөдөгү эң чоң таштагы сүрөт галереясы деп атап коюшкан.    Эми, биздин Чаткал өрөөнүндөгү  аска таштарга чегилген сүрөттөрдүн топтомун да аска таштарга тартылган ири сүрөт галереяларынын катарына  кошуп кетсек калыстык болоор.
Мен тарыхчы, археолог же, байыркы сүрөттөрдү окуп, чечмелеген адис окумуштуу эмесмин. Ошондукта, бул таштардагы байыркы жазууларга окшогон айрым чийме белгилер өзүнүн изилдөөчүлөрүн табат деген ишеничтемин.


  Бул таштарга чегилген адамдар менен жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү аркылуу байыркы ата-бабалар Адам менен Жаратылыштын өз ара байланышына, бири бирине болгон көз карандылыгына өтө терең маани берип, аны бизге осуят катары ушул сүрөттөр аркылуу калтырышканбы-деймин.-дейт Чаткал райондук аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев. 

М. Эшназаров, Чаткал району

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мамыр Мерген-тарыхый инсан Мамыр Мерген-тарыхый инсан

    Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон....

28 - Марта  2018 | 4 : 44308
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 32929
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311314
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 342313
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451072
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541652
Тарыхый жай тактык сурайт Тарыхый жай тактык сурайт

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын чыныгы аты – Калмак Кыргын. Совет доорунун шарпасы менен Калмак-Кыргын аты өчүрүлүп, расмий документтерде Калмак-Кырчын деп аталып, жазылып калган. Балким, ушинтип аталышы...

23 - Июня  2016 | 9 : 421229