Кургак учукту жайылтпоо үчүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 37490
Кургак учукту жайылтпоо үчүн...

 

         

 Жалал-Абад шаарындагы үй - бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери кургак учук оорусу менен ооругандарды дарылоодо эч кандай кошумча акы алышпайт.  Алар кошумча түйшүк жараткан бул иш үчүн өкмөттүк деңгээлде акча каралуусун сунушташууда. Бул тууралуу шаардык мэрияда болуп өткөн  кеңешмеде айтылды. Айрым ҮДТ да оорулууларга дары берип,  ичирүү үчүн атайын каналар жетишсиз. Бул жагдай кургак учук оорусу менен күрөшүүгө таасирин берет.

Шаардык кургак  учукка каршы күрөшүү диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбековдун айтымында  көпчүлүк УДТда оорулуулардын какырыгын убагында алуу, дарыларды сыркоонун өтүнүчү менен колдоруна берип коюу жана санитардык баракчаларды илбөө сыяктуу мүчүлүштүк  арбын. Акыркы учурда оорунун дарыларга туруктуу түрү көп кездешүүдө. Аталган дартты  ачык түрүндө ооругандарды мажбурлап,  дарылоочу мекеменин жоктугунан оору жайылуу коркунучунда .

Областтык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын башчысынын орун басары  Кайринса Дыйканбаева мажбурлап, дарылоо менен оорулуунун маалыматтары жашыруун сакталып,  дарттын жайылышын алдын алууга болорун эскертет. Анткени, такай дарылануудан ар кандай себептерден улам баш тарткандар  көп. Алар коом үчүн коркунучтуу оорунун таякчаларынын жайылышын шарттайт.  К. Дыйканбаева бул көйгөй тууралуу министрликке да сунуш  жолдогон. Алардын жооп берүүсүнө караганда быйыл түштүк жергесинде кургак учукту жабык түрүндө дарылоочу мекеме курулушу мүмкүн. Кошуна өлкөлөрдө мындай мекемелер натыйжалуу иштеп жатат. Учурда областтык кургак учук ооруканасында 336 оорулуу дарыланууда.

 Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу... Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу...

         Өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк оорусунун кесепетинен экени аныкталып,көпчүлүк  бул дарт жөнүндө билгенге жана андан сактанууга өзгөчө кызыктаар...

9 - Февраля  2018 | 7 : 12624
Үй-бүлө ууланды Үй-бүлө ууланды

    Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан...

26 - Декабря  2017 | 14 : 19215
Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

                    Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу...

14 - Декабря  2017 | 11 : 12195
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү” “ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:   Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да...

16 - Ноября  2017 | 8 : 32533
Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 25253
Донорлор  өмүр  тартуулашты Донорлор өмүр тартуулашты

         Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.  Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча...

29 - Сентября  2017 | 6 : 21398
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

    Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы...

15 - Июня  2017 | 5 : 341095