Кан борборунда шарт жакшырды

23 - Марта  2017 | 10 : 22357
Кан борборунда шарт жакшырды

 

 

Жалал-Абад областтык кан борбору көчмө топтун жардамы менен шаардын мекеме ишканаларына , окуу жайларына жана аймактык ооруканаларга барып түшүндүрүү, үгүт иштерин жүргүзүү жолу менен акысыз донорлордон кан алып, кан компоненттеринин запасын түзүүдө. Акыркы жылдары кан аркылуу жугуучу инфекциялар кескин азайды. Тактап айтканда мурунку жылдарда жараксызды 30-33 пайызга чейин жетип көйгөйлүү маселе жараткан. Азыр 10-12 пайызга чейин азайган. Борбордо кан даярдоо бөлүмү, экспедиция бөлүмү, бактерологиялык ,  биохимиялык жана  иммунологиялык  лабороториялар жеткиликтүү иштеп келүүдө. Донордун каны Келл антигенге, микрореакцияга, малярияга, кандын жалпы анализине жана зааранын жалпы анализине текшерилет. Мындан сырткары ВИЧ\ СПИДге жогорку деңгээлде текшерүү жүрөт. Бүгүнкү күнгө чейин 3712 донордун анализдери текшерилди.

Айтмакчы учурда бул борборго ар дайым 350 донор кан тапшырып турат. Кан запасын камдаган областтык кан борборунда 45 медицина кызматкерлери иштеп келүүдө. Булардын демилгеси менен кан компоненттерин куюудагы жабыркоолордун алдын алуу үчүн аймактык ооруканалардагы дарыгерлер менен орто билимдүү мед кызматкерлерин кан куюу ыкмасы боюнча окутууларды өткөрүп турушат. 1968-жылы кан борбору 47-жыл аралыгында элибизге опол тоодой эмгек кылды. Кандан жасалган ар түрдүү компоненттер, перепараттар ар кандай автокырсыктарда, жаратылыш кырсыктарында көп кан жоготкон, төрөт учурларында, ашказан, боор, жүрөк операцияларында, ак кан жана гематологиялык, шишик ооруларында бирден бир алмаштырылгыс даары. Бир да оорукана операция учурундла же аз кандуу бейтаптарга кандан жасалган перепаратсыз толук түрдө жардам бере албайт. Мына ушундай өмүр үчүн маанилүү рол ойногон кан борбору немецтик өнүгүү банкы аркылуу  16 млн 682 миң 899,0 сомдук жаңы заманбап медициналык аппараттарга ээ болду.  Мынданг чырткары областтык кан борборунун имараты толук оңдоп түзүүдөн өтөт.

 Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Үй-бүлө ууланды Үй-бүлө ууланды

    Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан...

26 - Декабря  2017 | 14 : 1920
Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

                    Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу...

14 - Декабря  2017 | 11 : 1249
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү” “ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:   Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да...

16 - Ноября  2017 | 8 : 32172
Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 25112
Донорлор  өмүр  тартуулашты Донорлор өмүр тартуулашты

         Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.  Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча...

29 - Сентября  2017 | 6 : 21143
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

    Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы...

15 - Июня  2017 | 5 : 34685
“Стартап” старт алды “Стартап” старт алды

  Эми жаш ишкерлерге финансылык кеп-кеңештерди, бизнес-план түзүүнүн жолдору тууралуу акысыз, терең маалыматты Жалал-Абад шаарында ачылган “Стартап борбору” берет. Бул борбор айрыкча жаңы ишкердикти...

11 - Апреля  2017 | 10 : 20432