“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

24 - Марта  2017 | 10 : 47623
“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

Областтын прокурору Ө. Жамшитов:

 

    Өткөн жылы областта эң көп жер, мамлекеттик сатып алуулар, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдар бузулган. Акыркы жылдары жер мыйзамдарынын бузулушу боюнча томдук китеп жазылчудай болуп турат. Себеби, 50 жылдык мөөнөткө элге берилген үлүш жерлер четинен жасалма документтер аркылуу чекке берилип, айрым кызмат адамдары үчүн акча табуунун булагына айланып кеткен. Бул маселе катуу көзөмөлгө алынуусу керек болуп турат. Мисалы, Таш-Булак айыл аймагынан 30 гектар үлүш жер трансформация болбой туруп элге берилип, андагы жерлерге үйлөр тургузулуп калган. Мамлекеттик сатып алууларда тааныш билиштик көп эле роль ойноодо. Мына ушул сыяктуу маселелерди Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Асилбекович Джамшитов маектешүүдө ачык айтып берди.

 

-Өткүрбек мырза, алгач былтыркы жылы областтык прокуратура жүргүзгөн текшерүүлөргө токтолуп берсеңиз. Кайсыл мыйзам бузуулар көбөйдү, мыйзамдуулуктун аткарылуусу кандай болду?

 

-Жалал-Абад областынын прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө КРнын Конституциясынын 104-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде, Президенттин Жарлыктарынын жана КРнын Башкы прокурорунун тармактык буйруктарын, коллегиянын чечимдерин жетекчиликке алуу менен иш алып барды. Былтыркы жылы аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүктөрүнө көзөмөл жүргүзүү багыты боюнча 1104 текшерүү жүргүзүлүп, 1595 прокурордук акт келтирилген. Мунун натыйжасында мамлекетке келтирилген 8429022 сомдук материалдык зыян прокурордук актылардын негизинде өндүрүлгөн. Текшерүүлөрдүн ичинен 500ү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башкача айтканда айыл өкмөттөрдө, мэрияларда жүргүзүлгөн. 159у министрликтердин, мамкомитеттердин, ведомстволордун структуралык бөлүмдөрүндө, 124 контролдоочу органдарда, 49 мамлекеттик администрацияларда, 57 текшерүү ички иштер органдарында жүргөн. Мыйзамдардын түрү боюнча алганда эң көп мыйзам бузуучулук жер мыйзамдары боюнча аныкталган. Башкача айтканда 116 текшерүү жүргүзүлүп, 290 прокурордук актылар киргизилген, 318 000 сом материалдык зыян актылардын негизинде өндүрүлгөн. Жер мыйзамдарынын бузулушу боюнча 14 кылмыш иши козголгон. Коррупциялык кылмыш иштерди аныктоо боюнча жүргүзүлгөн кадамдардын артында 119 кылмыш иши козголду. Мунун ичинен 51 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, мамлекетке келтирилген 15 438899 сомдук зыян толугу менен мамлекетке кайтарылган. Козголгон кылмыш иштердин 40 пайызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары түзгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баруучу текшерүүчүлөр прокуратура органдарына катталып, текшерүүгө негиз болгондо гана жүргүзүлүп жатат. Мамлекет тараптан мына ушундай ыңгайлуу шарт жаратылганына карабастан коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузууларга көп жол берип жатышат.

 -Сиз айтып жаткан коррупциялык мүнөздө канча мыйзам бузуу фактылары аныкталды?

-“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча жалпы 197 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Мындагы мыйзам бузуунун ичинен 62си айыл өкмөттөрдө орун алууда. Андан соң эле социалдык сферадагы мекемелерде түзүүдө. Тактап айтканда 60, мэрия жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 19, мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүндө 10, мамлекеттик администрацияларда 10, салык кызматында 10, ички иштер органдарында 6, калган органдарда 2ден, же 3төн мыйзам бузуу фактылары катталган. Негизинен бюджеттик каражаттарды өз кызыкчылыгына иштетүү, же мыйзамсыз жумшоо, мыйзамсыз айлык акы алуу, кызматтык материалдык баалуулуктарды жеке кызыкчылыктарга иштетип жиберген жагдайлар болгон.

 -Координациялык кеңеште гектарлаган үлүш жерлер турак жайга берилип кеткенин да белгиледиңиз. Кайсыл айыл өкмөттөрдө ошондой мыйзам бузуулар катталган?

 -Учурда жер мыйзамдары боюнча маселе өтө курчуп, критикалык абалга келип олтурат. Айыл өкмөттөр тарабынан айыл чарба багытындагы үлүш жерлерди бир нече гектарлап, мыйзамсыз берип жиберген фактылар аныкталууда. Учурда мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыларды, буйрук токтомдорду жокко чыгаруу боюнча сот органдарына доо арыз берилип жатат. Жалал-Абад шаарына жакын Сузак, Ырыс, Атабеков айыл өкмөттөрүндө бир нече гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилип кеткен. Турак жайга муктаж болгон жарандардын кезектүүлүгү сакталбай, бир адамга бир нече жолу жер участогу берилген. Сынактар, торуктар мыйзам бузуу менен өткөрүлүп, жерлер жең ичинен сатылып жатышы эл арасында нааразычылыкты жаратууда. Айыл өкмөттөрдө үлүш жерлерди турак жайга берүү боюнча токтомдорду чыгарып алышып, 3-4 жыл сактап анан алып чыгып жатышканы өкүндүрөт. Алардын максаты –  эскирүү мөөнөтү келсе иш жабууга туура келет. Ошого тууралап, иш тутууга аракет жасап жатышат. Бирок, кайсыл гана кызмат адамы болбосун, мыйзам буздубу, мыйзам алдында бары бир, жооп бериши керек. Жерлердин мыйзамсыз берилүүсү боюча Таш-Булак айыл өкмөтүн мисалга алса болот. Аталган аймактын кызмат адамдарына карата былтыркы жылдын ноябрь айында эки кылмыш иши козголгон болчу, үчүнчү жолкусун Башкы прокуратура козгоду. Бул козголгон кылмыш иштердин натыйжасында мыйзамсыз токтом, мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу үчүн 237 доо арыз сотко жиберилди. Мындай кадам чек эмес, алдыда мындан да көп болушу мүмкүн. Жалал-Абад райондор аралык соту биз келтирген 72 токтомдорду мыйзамсыз берилгенин аныктап, жокко чыгарды. Козголгон кылмыш иштер боюнча 30 гектар үлүш жерлер мыйзамсыз берилип кеткени ачыкталып жатат. Мыйзам бузуу менен берилип кеткен жерлерди алган атуулдардын айрымдарынын ар бир жер участогун 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин сатып алганы боюнча көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Бул деген тийиштүү кызмат адамдары биригип алып, үлүш жерлерден акча жасашкандыктарын айтып турат. Тергөөнүн жыйынтыгы да көп маселелерди ачыктайт. Маалыматтарга караганда айрым кызмат адамдары менен үлүш ээлери менен пикир алышып, “жериңди берсең сага участка беребиз” - деген сыяктуу сүйлөшүүлөр менен жерлерин участокко алмаштырып жиберип жатышат. А негизи жер Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн трансформацияга бекитилгенден кийин чекке берилүүсү керек. Үлүш жерлердин берилип жатышы боюнча талкуулап, өзгөчө көңүлгө ала баштасак ошол эле Сузак районунда фонддун жеринен турак жай куруу үчүн казык кагып бергени боюнча маалымат келди. Бул маалымат текшерилүүдө, аныктала элек. Эмне үлүш бүтүп, фонддун жери калганбы? Жер берүүдөн коркпой калышканбы? -деген ой келүүдө. Мындан улам жер мыйзамдары өзгөчө көзөмөлгө алынууда.

-Жер адистерин алмаштыруу маселени жеңилдетеби?

 

-Айыл өкмөттөрдө жер адистери, жер маселесин тейлеген орун басарлары15-20 жылдан бери иштеп келе жатышат. Ушул жер боюнча көп иштеп жаткан адистер, орун басарлар, комиссиянын составы тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү менен пайда көрүү өнөкөткө айланган. Алар кайсыл жерде кандай жер бар экенин, баасы канча экенин, кандай жолдор менен жасалма документтер түзүлө тургандыгын, архитектура жана мамлекеттик каттоодо ким аркылуу документ жасоону жакшы билишет. Аларды ротациялоо, же иштен четтетүү маселеси көтөрүлбөсө, жаңы шайланган айыл өкмөт башчылары да мыйзам бузууларга баруусу мүмкүн. Бул боюнча координациялык кеңешмеде жаңыдан дайындалган айыл өкмөт башчыларына эскерттик. Тилекке каршы бир дагы айыл өкмөт башчылары кызыгып келип, сурап кетишкен жок. Жакынкы күндөрү айыл өкмөттөргө жер комиссиясынын составын кароо боюнча кат жолдогону жатабыз. “Элге иштеп берсем экен” - деген жаштар бар, аларга мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

 

-Жарандардын жогорку бийликке кайрылуулары боюнча да алдыда турат экенбиз. Негизи бийликке калк кандай даттануулар менен көп кайрылууда?

 

-Талдоо жүргүзгөнүбүздө эң көп бузулган мыйзамдардын бири “жарандардын кайрылууларын кароо тартиби” жөнүндө мыйзам болду. Бул багытта 198 административдик өндүрүш козголгон, 11 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган, 61 сунуш келтирилген. Бул деген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар тарабынан жарандардын кайрылуулары өз учурунда каралбайт, же толук текшерилбейт дегенди билдирет. Ушундай мамиледен улам республикада жарандардын жогорку бийлик өкүлдөрүнө даттануусу боюнча 3-орунда турабыз. Мисалы, былтыркы жылы Президенттик аппаратка 97, Өкмөткө 11, КРнын Акыйкатчысынын аппаратына 11, Жогорку Кеңешке 72 арыз түшкөн. Негизинен Сузак, Токтогул, Базар-Коргон райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан кайрылышууда. Жогорку бийлик тарапка тергөөчүлөргө нааразы болуп кайрылгандар арбыган. Мындан улам тергөөчүлөрдү окутуу керек. -Кечиресиз кординациялык кеңеште да катталган кылмыштар тергөөчүлөрдүн айынан ачылбай калып жатканын, окутуу зарылдыгын айттыңыз эле... -Жаш тергөөчүлөрдү окутуу зарыл. Анткени, кээде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн балдары кылмышты ачып бергени менен кылмыштын бети тергөөчүнүн чабалдыгынан ачылбай калууда. Негизи окуя болгон жердин командири жалпак тил менен айтканда тергөөчү болот да. Ал окуя болгон жерге кароону жүргүзөт, экспертиза дайындайт. Кылмыштын бетинин ачылуусу ошол тергөөчүнүн кароо далилдеринен көз каранды болот. Анын туура эмес далил алуусунан улам кармалган кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш процессуалдык кодекстин талаптары сакталбай калууда. Анан алардын үстүнөн кайрылгандар болууда. Жогорку бийликке кайрылган арыз даттануулардын дээрлиги да дал ушул тергөө ишине нааразы болуп кайрылгандар түзгөн.

-Мамлекеттик сатып алууларда абал кандай?

 

-Мамлекеттик сатып алуулар багытында жалпы 80 мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Эң көбү социалдык сферадагы ишканаларда -36, айыл өкмөттөрдө -25, мэриялар жана алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрүндө -6, ал эми 13 мыйзам бузуу калган мекемелерде орун алган. Тендерден качып каражатты 2-3кө бөлүп жиберген фактылар да жок эмес. Айрым мекемелерде тендер өткөрүү менен иш жүргүзө турган каражатты 300-400 миңден бөлүп жиберишүүдө. Шаардык, же райондук билим берүү бөлүмдөрүндө мектептерге, же бала бакчаларга азык түлүктөрдү сатып алууда да тааныштыкка жол берилет. Учурда дал ушул тендерлердин алкагында анализ жүргүзүлүп баштады. Бир эле адам тендерден ута берет, башкасына жол жок, мындай жагдайдан алыс эмеспиз. Ошол үчүн да эл арасында “тендер тааныш билиш менен эле өтөт, ишенген адамы бар” - деп айтылып жатат. Канчалаган жаш ишкерлерибиз бар. Жада калса, ручка сатып алуу үчүн тендерлерге да катыша алышпай жүрөт.

 

 -Жашы жете элек өспүрүмдөрдү көзөмөлдөө кандай болуп жатат?

 

 -Област аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн саны 449 миң 591. Анын ичинен 9376 жарым жетим, 446 тоголок жетим бала. Ата-энеси сыртка чыгып, чоң ата чоң энелеринин, таене-таяталарынын колдорунда 18 миңден ашуун бала тарбияланып жатат. Алардын жашоо шарттары социалдык коргоо органдары тарабынан текшерилип, актылар түзүлгөн. Жалпы өспүрүмдөрдүн ичинен 520 өспүрүмдүн ата-энеси психикалык жана наркологиялык каттоодо турат. Бул абал да ойлонтот, ошондуктан дайым көзөмөлдө болуп жатат. Былтыркы жылы 88 өспүрүмгө карата 98 кылмыш иши козголгон. Өспүрүмдөр тарабынан анча оор эмес кылмыштар көбүрөөк жасалган. Өз өмүрүн кыюу маселесине да артыкчылыктуу иш алып баруу керек. Биздин кызматкерлер да өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан оолак болууга, өз өмүрүн кыюуну алдын алуу багыттарды шаардагы мектеп окуучуларга түшүндүрүү ишин жүргүзүп бүттү. Кызматтык форма менен барышып окуучулар менен баарлашып, пикир алышып келишүүдө. Түшүндүрүү ишине өзүм да мектептерге барууну көздөп жатам. Менин жеке пикиримде мектепти бүтүрүүчүлөрү, жогорку класстын окуучулары менен мекеме-ишканалардын жетекчилери жолугушуп, баарлашып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кесипти туура тандоого багыт беришсе жакшы болмок. Мындай кадам артында балдардын билим алууга болгон аракети күчөп, кесип тандоосуна туура багыт берилген болоор эле. Өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо үчүн бүт аракетибиз жумшала берет.

 

 Маектешкен: Жумагүл ШАЙЫКОВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 3570
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47145
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43143
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47148
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16167
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52395
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22223