Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды

27 - Марта  2017 | 8 : 51367
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды

 

     

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин Кубогуна арналган спорттун мини-футбол мелдеши жыйынтыкталды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Аталган спорттук иш-чара Нур Ордо мектеп гимназиясынын спорт залында өтүп,  төрт күнгө созулган спорттун мини-футбол боюнча мелдешине облустун район-шаарларынан 24 команда катышты. Булгаары топ чеберлери күйөрмандарга өздөрүнүн эң мыкты оюндарын тартуулашты. Спорттун мини-футбол боюнча өткөрүлгөн облус жетекчисинин Кубогуна арналган мелдештин финалдык оюнунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын “Динамо” жана Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Петролеум компани” командалары чыгып, 2-1 эсебинде “Динамо” командасы жеңишти колго киргизди жана облус жетекчисинин Кубогунун ээси болуп калды. Ал эми 3-4 орун үчүн болгон мелдеште “Жалалабатэлектро” ААКсынын “Энергетик” командасы “Байлык финансы” компаниясынын командасы менен беттешип, 4-2 эсебинде  “Энергетик”  командасы жеңишке жетишти.

    

 Биринчи жана төртүнчү орундарды камсыз кылган командаларга Дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен медалдар тапшырылды. Мындан сырткары спорттун мини-футбол турниринин эң мыкты дарбазачысы, коргоочусу, чабуулчусу, бомбардири, мыкты калысы, мыкты ардагер оюнчусу жана мелдештин бардык оюндарын үзгүлтүксүз өткөрбөй көргөн күйөрман номинациясы боюнча дагы жеңүүчүлөр аныкталып, аларга дагы футбол тобу жана спорттук формалар белек катары тапшырылды. Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга сыйлыктарды КРнын футбол федерациясынын түштүк аймагы боюнча катчысы Тайырбек Чойбеков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн  аппаратынын башкы адиси Эрнис Бөрүбаев тапшырды.

    

Спорт – бул тынчтыктын элчиси. Спорт – бул ден соолук дегендей төрт күнгө созулган спорттун мини-футбол боюнча облус жетекчисинин кубогуна арналган мелдешке катышкан командалардын булгаары топ чеберлери жүздөгөн күйөрмандарга эң мыкты оюндарды тартуулашты. Мелдештин башкы демөөрчүсү КРнын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери Жапар Капаров жетектеген Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы болду.

    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 47125
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

               Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар...

14 - Августа  2017 | 11 : 34808
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл “Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

      АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл...

18 - Апреля  2017 | 4 : 25560
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30471
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

    Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу...

6 - Февраля  2017 | 7 : 291055
Спортчулардын ийгилиги Спортчулардын ийгилиги

   Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды...

3 - Февраля  2017 | 11 : 36686
Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, Байгелуу орундарды...

5 - Января  2017 | 10 : 54633