Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

28 - Марта  2017 | 2 : 56465
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

 

      Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.

 Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнүн Колот айылынын тургуну Омурзаков Каржаады Кимсанович, 2017-жылдын 1-мартында Базар-Коргон РИИБно арыз менен кайрылып, 2016-жылдын ноябрь айында 6 баш уйларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткенин билдирген.

         Аталган арыз 2017-жылдын 1-мартында РИИБнын КККне 167 саны менен каттоого алынып, 2017-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнын 165-ст. 2-б. 3-п. менен 66-17-31 сандуу кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

         Иш боюнча жабырлануучу К.Өмүрзаков өзүнүн түшүнүк  катында, 2016-жылдын 20-ноябрында жогоруда аталган 6 баш уйлары уурдалган замат, Базар-Коргон РИИБнын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү милициянын ага лейтенанты Токтогулов Бексултан Шомшибековичке билдиргенин көрсөткөн.

         Акман айыл өкмөтүнүн салык инспектору Өмүрзакова Жаңылкан Кимсановна өзүнүн түшүнүк катында, жогоруда аталган иниси К.Өмүрзаковдун 6 баш уйу уурдалгандан кийин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү милициянын ага лейтенанты Б.Токтогуловго уурдалган уйлардын ону тусун жазып бергенин жана арыз менен кайрылуусун айтканда, РИИБдо маалымат бар деп арыз албастан кеткенин көрсөткөн.

         Бирок, милиция кызматкерлери тарабынан арызы боюнча кылмыш иши козголгондугу же текшерүү жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө дайын жок болуп жаткандыктан, 2017-жылдын 1-мартында РИИБнын башчысына арыз менен кайрылганын көрсөткөн.

          Андыктан, Б.Токтогулов тарабынан кылмышты жаап-жашыруу менен  жасалган кылмыш жөнүндө билдирүүнү каттоого албастан, тийиштүү текшеруу иштерин жүргүзбөстөн Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 155-ст. 1-б. талаптарынын бузулушуна жол берген. 

         Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 155-ст. 1-б. талабында алгачкы текшерүү органы, тергөөчү жана прокурор жасалган же даярдалып жаткан ар кандай кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана кароого милдеттүү деп белгиленген.

         Б.Токтогулов өзүнө маалым болгон кылмышты жаап жашырып, жасалган кылмыш боюнча изин суутпай издөө иш-чараларынын жүрүшүнө жана кылмыштын ачылуусуна жолто болгондугу аныкталып, ага карата тартиптик түрдө чара көрүү жөнүндө 2017-жылдын 15-мартында Базар-Коргон РИИБнын башчысынын наамына сунуш прокурордук актысы келтирилип, кароо алдында.

         Ошондуктан, ар кандай кылмыштар жөнүндө укук коргоо органдарына кайрылууда жогоруда көрсөтүлгөндөй кылмышты жаап жарышууларды болтурбоо жана алдын алуу үчүн, арыз кайсыл күнү, кандай сан менен каттоого алынгандыгын жана кандай чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жазуу түрүндө билдирүү алууңуздар зарыл.

 

Базар-Коргон районунун

прокурорунун орун басары                                                                  З.Тойчубаев

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  2017-жылдын 3-декабрында саат 18:30 чамасында Жалал-Абад Казарман жолунун 38 чакырымында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Д. А ны мамлекеттик...

4 - Декабря  2017 | 6 : 5300
Маңзат сөзсүз уулайт Маңзат сөзсүз уулайт

      Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо...

26 - Октября  2017 | 7 : 27241
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2452
Кумарпоздордун курмандыгы болдум Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого...

7 - Сентября  2017 | 5 : 29409
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын...

7 - Сентября  2017 | 5 : 51439
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28658
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү... 11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү...

    Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча...

4 - Ноября  2016 | 11 : 41223