Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков коомдук уюмдардын жетекчилерин кабыл алды

28 - Марта  2017 | 10 : 17498
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков коомдук уюмдардын жетекчилерин кабыл алды

 

      Бүгүн, 28-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облусундагы коомдук уюмдардын жетекчилерин иш бөлмөсүндө кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Жолугушууга облусттук Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, облустук аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, “Союз Чернобыль” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдияр Исраилов, Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амиракулов жана облусттук ардагерелер кеңешинин төрагасынын орун басары Сүйөркул Бакиров катышты.

      Жолугушууда облусттук коомдук уюмдардын жетекчилери өз тармактарындагы иштердин жүрүшү жана өздөрүнүн көйгөйлүү маселелери туурасында ачык-айрым маанайда кеңири ой бөлүштү. Облусттук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев облус аймагында 100 миңден ашуун пенсионерлер бар экендигин белгилөө менен алардын пенсияларын индексациялоо маселесине көңүл буруу, Жалал-Абад санаториясында согуштун жана эмгектин ардагерлерине 1 бөлмө ажыратуу зарылдыгын ортого салды. Ал эми облустук  аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова облус калкынын 51 пайызын аялдар түзөөрүн эске салып, аялдар кеңешинин ишин жандандыруу максатында бир бөлмө ажыратып берүү өтүнүчүн билдирди. Аялдарды 8-март жана “Энелер күнүндө” гана эскербестен аларды коомдук турмушка активдүү катыштыруу сунушун билдирди. Ал эми “Союз Чернобыль” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдияр Исраилов Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш сейил багында тургузулуучу чернобылчылардын эстелигине каражат жагынан жардам көрсөтүү сунушун айтып кетти. Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустам Амиракулов Эгемендүү Кыргызстанды сырткы душмандардан коргогон жигиттерге ипотекалык кредиттен жардам көрсөтүлсө деген пикирин ортого салды.

-     Урматтуу коомдук уюмдардын жетекчилери, Сиздер тарабынан айтылган бардык сунуштар биз тараптан сөзсүз эске алынат. Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагерлери жыл өткөн сайын улам азайып баратат. Азыр облус аймагында болгону 95 согуштун ардагерлери калды. Аларга ар тараптуу сый-урматтарды жана камкордуктарды көрүү биздин башкы парзыбыз. Облустагы райондордун мамлекеттик администрация башчылары – акимдер менен шаарлардын башчылары болгон мэрлер коомдук уюмдар менен тыгыз байлынашта иш алып баруусу алардын иш-аракеттеринин негизги бөлүгүнө кирет. Облустун аймагындагы санаториялар, алардын менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдардын өтүнүч талаптарын аткарууга милдеттүү. Силер тарабынан айтылган ой-сунуштарды мен колдоймун жана мындан ары тыгыз байланышта иш алып барабыз деп ишенемин. Кандай гана маселе болбосун мага түз кириңиздер, Сиздер үчүн менин иш бөлмөмдүн эшиги ар дайым ачык,- деди жолугушууну жыйынтыктаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган 2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) шаршембиде 2017-жылы кылмыш куугунтуктоосуна 262 журналист кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтуктоолорго биринчи кезекте...

14 - Декабря  2017 | 4 : 202
Жаңгак фестивалы Арсанбапта Жаңгак фестивалы Арсанбапта

  Акыркы төрт жылдан бери жаңгак фестивалы бир топ ийгиликтерди ачыкка чыгарып жаткан учур. Тактап айтканда, акыркы учурда жаңгак өсүмдүгүнүн сапатын арттыруу, анын мөмөсүн сыртка экспорттоо колго алынып,...

8 - Ноября  2017 | 9 : 1054
УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН... УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН...

  Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул...

21 - Августа  2017 | 4 : 46288
Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда

    Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,2 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар...

17 - Августа  2017 | 3 : 47275
Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат

    Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка...

16 - Августа  2017 | 3 : 1227
Германияда сот тутуму кандай? Германияда сот тутуму кандай?

  Сот тутумундагы пресс-кызматынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германияда жана Страссбург шаарында окуу жана таанышуу сапарына барып келишти.  Андагы сапарда маалымат каражаттарынын...

24 - Июля  2017 | 5 : 12383
Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда

    Жалал-Абад областында кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ)...

22 - Июня  2017 | 10 : 22678