“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

18 - Апреля  2017 | 4 : 25543
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

 

 

 

АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл өкмөтү катышып, жеңип алды. Долбоордун шартына ылайык бардык айылдарда киришүү чогулуштарын жана 5 фокус группаларды өткөрүп, жыйынтыгында бир көйгөй пайда болгон. Ал көйгөй жаштардын көп жылдан берки талабы болуп, натыйжада  «Интернационал айылына минифутбол аянтчасын куруу» долбоору жаралган. Ал айылдын ортосуна түшүп, душ, чечинүүчү жайлары жана министадиону менен курулмай болду.

Арал айыл аймагынын Интернационал айылында спорт зал жана спорт аянтчаларынын жоктугу спортко шыгы бар, келечекте көптү үмүттөндүргөн жаштарыбызга кедергисин тийгизүүдө, себеби жаштарыбыз бүгүнкү күндө республикалык, областтык жана райондук мелдештерде алдыңкы орундарды алгандарына карабастан, машыгуучу жайлардын жоктугу жалпы жашоочуларыбызды өкүндүрөт. АРИСтин АИД-3 долбоору менен кичи футбол аянтчасын курулушу жаштардын ден соолугун чындоо менен алардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, үмүт-тилектерин жандандырат. Ошондой эле республикалык жана эл аралык денгээлде спорт оюндарынын түрлөрү боюнча турнирлерге катышуу менен ийгиликтерге жетишүүгө  шарт түзүлөт. Арал айыл аймагы көп улуттуу болгондуктан, улуттар арасындагы мамилелердин чындалуусу, жаштардын арасындагы ынтымактын бекемделиши, жаштардын бош убактыларын туура пайдаланышы  жана ички-тышкы  миграциянын  кыскаруусу менен аракечтик, бангичилик азаят. Келечекте ден соолугу чын, сергек, билимдүү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө  салымын кошкон патриот чыгаан  инсандардын чыгышына өбөлгө түзүлөт.

Арал айыл аймагына караштуу Интернационал айылы, аймактын борбору болуп саналат, эң көп калк жана социалдык объектилер ушул айылда жайгашкан. Бирок калктын демографиялык өсүшү жана жаштардын жумушсуздугу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратууда. Жаштар бош убактыларын өткөрүүдө коомдогу терс көрүнүштөрдү түзгөн аракечтик, наркомания жана кылмыштуулука барганы баарыбызга жаңылык эмес. Айыл аймактагы жашоочулар негизинен айыл жана мал чарбасы менен алектенишип, тирилигин өткөрөөрү белгилүү, кеч күз, кыш мезгилдеринде айрыкча жаштарга жумуш жоктугунан ар түрдүү жаман иштер көп болууда.         

 Ошондон улам бул маселе ар жерде көтөрүлүп, бирок натыйжа болбогон. АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун презентациясында жаштарыбыз демилге көтөрүшүп, долбоордун бардык иш-чараларына активдүү катышаарын билдиришкен. Долбоордун бирден бир талабы болгон коомчулуктун салымы (600 мин сом)  азыркы күндө активдуу чогултулуп жатат. Ал эми курулуш иштерине да жаштарыбыз активдүү катышаарын айтып жатышат. Долбоор ишке ашкан учурда жаштардын бош болгон убактылары ден соолукту чындоо менен өтөт. Айыл өкмөтүнүн бюджети аз болуп, дотацияда тургандыктан спорт аянтчаларын курууга болбой жатат. Эгерде бул курулуш колдоого алынса, жаштарыбыздын бош убактылары, айрыкча кыш мезгилинде текке кетпей ден соолуктарын чындоого жумшалмак, ошондой эле райондун, областтын аймагында өткөрүлгөн мелдештерге катышууга шарт түзүлмөк. Ылайым болуп калар...

 

 

Асылбек Абдыкадыров,  Арал айылдык кеңешинин депутаты                                            

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 4791
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

               Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар...

14 - Августа  2017 | 11 : 34762
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган... Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган...

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу...

27 - Марта  2017 | 8 : 51356
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30452
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

    Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу...

6 - Февраля  2017 | 7 : 291023
Спортчулардын ийгилиги Спортчулардын ийгилиги

   Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды...

3 - Февраля  2017 | 11 : 36673
Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, Байгелуу орундарды...

5 - Января  2017 | 10 : 54600