“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКда мыкты жетишкендик -1000-насыя берилди

18 - Апреля  2017 | 5 : 14743
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКда мыкты жетишкендик -1000-насыя берилди

 

 

 

 

 

2017-жылдын 13-апрелинде, саат 10.00дө Экономика министрлигинин конференц-залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын  чегинде “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” (МИК) ачык акционердик коому тарабынан  1000-насыяны берүүгө байланыштуу иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович ачып, Кыргызстанда ипотека ишинин ийгилитүү жүрүп жатканына токтолуп, 1000-насыяны алган жаранга насыя сертификатын тапшырды. Ошондой эле иш-чарада МИКтин, БТА банкынын, Эьдорада компаниясынын өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, насыя ээсине өз белектерин тапшырышты.

 

1000-насыяны алуу бактысына билим берүү тармагынын кызматкери Бишкек шшарынын тургуну Балбаева Айнагуль Токтосуновна  өз турак жайлуу болду. Насыя МИК менен өнөктөш катары иштеп жаткан “БТА банк” ЖАК тарабынан берилди.

МИК өзүнүн иш-аракетинде ушундай урунттуу учурларга  дал келип калган насыя алуучуларга кызыктыруу белегин берүү тажрыйбасына ээ болуп келе жатат.  Мисалы, буга чейин МИК тарабынан берилип жаткан насыянын 1 млрд. сом суммасын Бишкек шаарындагы мектептердин биринде иштеп жаткан англис тили мугалими Сайкал Садирова насыя алуу менен толуктаган. Бул  жетишкендик белгиленген аземде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ипотекасы 1 млрд. сомду толуктаган катышуучуну- куттуктап, ага өз колу менен ипотекалык сертификат тапшырган жана МИК жетекчилиги тарабынан ага  кызыктыруучу белек да берилген.  Ал эми бүгүнкү 1000-насыя ээсине “Эльдорадо”компаниясынын өкүлдөрү демөөрчүлүк  менен баалуу белектерди тапшырышты.

Кыргызстанда жарандардын турак жай маселесин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биринчи жолу саясый жана экономикалык кадам шилтенгенин баса белгилеп кетүүгө болот. Атайын “Арзан турак жай 2015-2020” программасы иштелип чыгып, кабыл алынuган. Ал эми, аталган Программаны аткаруу боюнча Мамлекеттик Ипотекалык Компания уюшулуп, иштеп жатат. Белгилүү болгондой, МИК тарабынан  алгачкы насыя берилген 2015-жылдын  март айынан тартып, бүгүнкү күнгө карата 1000-насыя берилип, жалпы суммасы  1 218 476 403,00 сомго жетти.  Бул көрсөткүчтү биздин өлкөнүн экономикасында кыска убакыттын ичиндеги дурус жетишкендик катары кароого болот.

МИК тарабынан каржыланып жаткан акча каражаты - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен 2,5 млрд суммасында бөлүнгөн бюджеттик  ссуданын 1 млрд. сомдон ашыгы натыйжалуу өздөштүрүлдү.  Бул ссуда МИКке 10 жыл мөөнөтү менен жылдык 3 пайызда берилип жатат. Демек, МИК бул каражаттарды пайызы менен мамлекеттик бюджетке толук кайтарып берет дегендик.

МИК тарабынан азыркы учурда 2 механизм ишке ашырылып жатат. Алар: “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу”.

МИКтин өзүнүн турак жай фонду жок, ошондуктан биринчи механизм боюнча Программанын катышуучулары  рыноктон өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша турак жайларды сатып алып жатышат. Ал эми 2-механизм боюнча жер үйлөрдү курууга насыя алышууда. Насыялардын пайызы адегенде жылдык 12-14 пайыз болсо, көптөгөн жарандардын суроо талаптарын эске алып, Өкмөттүн тиешелүү чечими менен аларды 10-12 пайызга чейин  төмөндөтүүгө жетиштик.

            Ипотекалык насыялар МИК менен өнөктөштүктө иштешип  жаткан 12 банк аркылуу берилип жатат. Азыркы учурда насыялар артыкчылык коюлган бюджеттик мекемелерде иштегендерге берилип жатат. Статистикалык көрсөткүчтөр ипотекалык насыялоо арымынын алга жылып жатканын көрсөтүүдө.

Тармактар боюнча:

 

Тармактар

Саны

Суммасы

%

Билим беруу

431

491 422 202,00

40,33%

Саламаттыкты сактоо

204

243 904 587,00

20,02%

Социалдык онуктуруу

30

31 023 466,00

2,55%

Маданият

31

45 554 305,00

3,74%

Бюджеттик башка уюмдар

304

406 571 843,00

33,37%

Бардыгы

1000

1 218 476 403,00

100,00%

 

Аймактар боюнча:

 

Аймактар

Саны

Суммасы

Улушу (%)

1

Бишкек

376

605 718 294,00

49,71%

2

Чуй

128

136 319 548,00

11,19%

3

Талас

26

16 904 000,00

1,39%

4

Нарын

39

33 500 430,00

2,75%

5

Ысык-Кол

114

83 976 818,00

6,89%

6

Ош шаары

174

211 393 460,00

17,35%

7

Ош

28

26 453 853,00

2,17%

8

Жалал-Абад

94

80 890 000,00

6,64%

9

Баткен

21

23 320 000,00

1,91%

 

Барыдыгы:

1000

1 218 476 403,00

100,00%

 

Башка структураларда, анын ичинде коммерциялык  ишканаларда иштегендерге ипотекага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү тууралуу  МИК тарабынан немец KfW  банкынан жана  башка инвесторлордон  инвестиция тартуу аракетин көрүүдө. 

 

Жакынкы учурларда немец  KfW банкы менен  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда 11 млн. евро  берүү тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө. Бул тиешелүү жол-жоболор аяктагандан  кийин ишке ашат жана Бишкек жана Ош шаарларын кошпогонло,  Кыргызстандын бардык аймактарында ипотекалык насыялоону улантуу үчүн багытталат.

 

МИК тарабынан берилип жаткан насыянын суммасы 3 млн. сомго, 15 жылдан ашпаган мөөнөткө чейин.

 

           

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган 2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) шаршембиде 2017-жылы кылмыш куугунтуктоосуна 262 журналист кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтуктоолорго биринчи кезекте...

14 - Декабря  2017 | 4 : 202
Жаңгак фестивалы Арсанбапта Жаңгак фестивалы Арсанбапта

  Акыркы төрт жылдан бери жаңгак фестивалы бир топ ийгиликтерди ачыкка чыгарып жаткан учур. Тактап айтканда, акыркы учурда жаңгак өсүмдүгүнүн сапатын арттыруу, анын мөмөсүн сыртка экспорттоо колго алынып,...

8 - Ноября  2017 | 9 : 1053
УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН... УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН...

  Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул...

21 - Августа  2017 | 4 : 46288
Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда

    Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,2 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар...

17 - Августа  2017 | 3 : 47275
Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат

    Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка...

16 - Августа  2017 | 3 : 1227
Германияда сот тутуму кандай? Германияда сот тутуму кандай?

  Сот тутумундагы пресс-кызматынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германияда жана Страссбург шаарында окуу жана таанышуу сапарына барып келишти.  Андагы сапарда маалымат каражаттарынын...

24 - Июля  2017 | 5 : 12383
Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда

    Жалал-Абад областында кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ)...

22 - Июня  2017 | 10 : 22678