Өз бөйрөгүн тууганына берген аял

25 - Апреля  2017 | 3 : 45728
Өз бөйрөгүн тууганына берген аял

 

 

Мындан төрт жылдан ашыгыраак убакыт мурун Базар-Коргондо бир аял өз жакынына бир бөйрөгүн бергени тууралуу сөз таркаган. Жалал-Абад областтык “Жалолобод тонги” газетасына да кабар жетип, көлөмдүү макала да жарыяланган. Бирок, арадан бир-эки жыл өткөн соң ал окуя тууралуу айтылбай да, эч бир басылмада жазылбай да калды. Ошондой кайрымдуу иш жөнүндө канчалык көбүрөөк сөз болсо, көбүрөөк адамдар укса кайрымдуулукка дит коюп, жардамга муктаж адамдарга жардам колун созгон инсандардын катары көбөйөөр деген ниетте ушул макаланы жазууга бел байладым.

 

...Чынгыздын эки бөйрөгү тең иштен чыкканына жарым жылча болгон эле. Анын абалы күндөн күнгө оорлошуп, тамакка табити жоголуп, түнү бою уктай албай онтоп чыга турган болуп калган. Атасы Сатаралы ажы менен апасы Жыпаргүл баласынын күндөн-күнгө соолуп бара жатканын көргөндө ичтен сыздап, өздөрүн койорго жай таппай жүрүштү. Эти сөөгүнө жабышып калган он сегиз жаштагы уулун күн алыс гемодиализге алып барышат. Жасалма бөйрөккө туташтырылып үч-төрт саат жаткандан кийин Чынгыздын абалы бир аз жакшырып калат да, бир күндөн кийин кайра эле баштагы азаптуу күнгө кабылат. Кайрадан гемодиалез...

Жасалма бөйрөк менен жашоо качанкыга чейин уланар экен, деген суроо баланы да, анын ата-энесин да кыйнап турду. Үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп кеңешкен соң, Чынгызды Туркияга алып барып дарылатууну чечишти. Ал мамлекеттин дарыгер адистери бөйрөктү көчүрүп орнотуу боюнча чоң тажрыйбага ээ экенин угушкан болчу. Бирок, Сатаралы ажынын Россияда жашап, иштеп калган бир тиш доктур досу Чынгызды Москвага алып барууну сунуш кылды жана ишеничтүү дарыгерлер менен тааныштырып коюуга убада берди.

Сатаралы ажы менен Жыпаргүлдү уулун кайрадан толук кандуу жашоого кайтаруу үчүн сарптала турган чоң суммадагы каражат ойлондурбайт болчу, алар үчүн баласынын ден соолугу биринчи орунда турар эле. Москвадагы бөйрөк трансплатациясы боюнча илим изилдөө институту менен байланыш түзүлдү. Институттун кызматкерлери Чынгызга башка бөйрөк орнотууга даяр экендиктерин, ал үчүн бөйрөгүн бере турган донор табуу керектигин айтышты. Донорду биринчи кезекте оорулуунун бир туугандарынан, алар туура келбесе ата-энесинен, такыр болбосо башка жакын туугандарынын арасынан издөө керектигин түшүндүрүштү. Ошентип, Чынгызга анын атасынын бир тууган карындашы Гүлипа Оморалиеванын бөйрөгү туура келерлиги аныкталды.

Чындыгында Гүлипаны эч ким бир бөйрөгүн Чынгызга берүүгө мажбурлай албайт болчу. Бирок, ал өзү Чынгыздын ахвалына агасы менен жеңесинен да көбүрөөк кайгырып жүргөн. Ошондуктан суратпай туруп, бөйрөгүн берүүгө дароо макул болду...

2012-жылдын сентябрь айынын башталышында Москвага жөнөштү. Самолетто бара жатканда Чынгыздын: “Кана эми, Москвага барганда эки бөйрөгүм тең иштеп кетип, эжемдин бөйрөгүн алуунун кажети болбой калса” деген сөздөрү Гүлипанын жүрөгүн ого бетер эзип жиберди. Арыктап, чийдей болуп калган инисин бооруна кыскан Гүлипа көз жашын көрсөтпөй сүртүп алып, “өзүңдү колго ал, баары жакшы болот” деп инисин жооткотту.

Илим изилдөө институтунда аларды дагы бир жолу дыкат текшерүүдөн өткөрүштү. Анализдер Гүлипанын бир бөйрөгүн көчүрүп, Чынгызга орнотууга боло тургандыгын тастыктады. Аларды үч күн бою операцияга даярдашты. Донор да, оорулуу да аябай толкунданып жатышты. Айрыкча Чынгыздын тынчсыздануусу күч эле. Дарыгерлерди суроолор менен шаштырды: “Операциядан кийин эжем бир бөйрөгү менен мурдакыдай эле жашай береби? Мен үйлөнө аламбы, балалуу боломбу?..” Дарыгерлер анын кадимкидей үйлөнө алуусун, кадимкидей эле балалуу болоорун айтып, тынчсыздануусуна аралжы болушту.

12-сентябрь күнү биринчи болуп Гүлипаны операция столуна жаткырышты. Үч саатка созулган операция ийгиликтүү аяктап, реанимация бөлүмүнө өткөрүштү. Наркоздон ойгонгон Гүлипа эч кандай ооруну да, эми бир бөйрөгү жок экенин да сезген жок. Операциядан соң Гүлипа ооруканада он күн жатып, дарыланып чыкты. Чынгыз болсо бир жарым ай ооруканада калып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Эжеси Кыргызстанга кайтаардан мурун Чынгыз менен коштошуу үчүн ал жаткан палатага кирип, жүзүнө кан жүгүрүп, кайрадан жашоого үмүтү арткан инисин көргөндө жаратканга шүгүр келтирди.

- Эже сиз мени кайра жашоого кайтардыңыз, менин өмүрүмдүн куткаруучусу болдуңуз. Туулган күнүмө дүйнөдө эч ким бере алгыс белек бердиңиз, сиздин бөйрөгүңүз менен мен жүз жыл жашасам болоорун дарыгерлер айтышты, - деди Чынгыз чексиз ыраазы боло. Операция болоордон эки күн мурун Чынгыз он сегиз жашка толгон болчу.

Операциядан чыккандан төрт айдан кийин Чынгыз Москвага дагы бир жолу барып келди. Себеби көчүрмө бөйрөк орнотулган адам ар дайым дарыгердин кароосуна барып туруусу, керектүү дары-дармектерди убагында кабыл алуусу зарыл экендигин дарыгерлер айтышкан. Азыр болсо Чынгыздын ден соолугу жакшы. 2015-жылы Айкыз аттуу кыз менен баш кошушуп, 2016-жылы кыздуу болушкан, кызынын аты Асема.

Гүлипа Оморалиеванын мындай эрдиги Базар-Коргондо анчейин ашкере болбогону менен Москвада кыйла дүң болуп, көпчүлүктү толкундантканы ырас. Агасы Сатаралы москвалык дарыгерлерге кайра-кайра рахмат айтып, ыраазылык билдиргенде алар: “Рахматты бизге эмес, карындашыңызга айтыңыз, уулуңуздун өмүрүн чындап сактап калган инсан ошол карындашыңыз”, - дешкен.

Базар-Коргондо да Гулипанын баатырдыгына тан бергендер болду. Райондогу борбордук мечиттин мурдагы имам-хатиби Тажидин кары Абдумажидов:

- Гүлипа, сиз чыныгы периштесиз. Алла Таала ар бир пендесине он эки мүчө берет, сиз ошол он эки мүчөңүздүн бирин кайрымдуулук үчүн берип, Кудайга жага турган иш кылдыңыз, - деди жалпыга угуза.

Гүлипанын апасы Зымырат эже көп жылдар бою соода тармагында эмгектенип, турмушка жакшы из калтырып кетти. Айылдагы көчөлөрдүн бирине анын ысмы ыйгарылган. Артында калган перзенттери да өздөрүнүн жакшы жактары менен эл арасында кадыр-баркка ээ. Муну биз Гүлипанын мисалында даана көрүп турабыз.

 

Батыржан ГАЗИБАЕВ,

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ич жылыган ийги иштер Ич жылыган ийги иштер

  Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун алыскы айыл аймактарында болуп, жергиликтүү калктын үнүн угуп кайтты. Чек арага чектеш...

29 - Мая  2018 | 4 : 29171
Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 22282
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 47314
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 34140
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 52284
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 44203
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18298