Айлакер Анарбаева №1- алдамчыбы? Же тергөөчүлөр кимге жан тартат?

26 - Апреля  2017 | 3 : 36755
Айлакер Анарбаева №1- алдамчыбы?  Же тергөөчүлөр кимге жан тартат?

“Акыйкатка” арыз

 

 

Менин Сиздерге арыз менен кайрылуумдун себеби;  2012-жылдын январь айында апам Зулайка Сатымкулова жана айылдашыбыз Эркайым Калмурзаева  болуп биргеликте, Сузак районуна караштуу №25 А.Тажибаев атындагы орто мектептин мугалими Бактыгүл Анарбаевага  «Бай-Түшүм» банкынан кредитке 60 000 сомдон, 120 000 сом акча алып беришкен. Ал “өз убагында төлөйм, кредит алып бериңиздер”- деп суранып келип акчаны банктан алдырат да өз учурунда төлөбөй үч жыл убакыт өткөрөт. «Бай-Түшүм» банкынан: “башкы сумманы төлөбөсөңөр кредитке алынган сумманын күндөн күнгө тууму (пениясы) өсө берет, үйүңөрдү алып коебуз” дегенинен, 2014-жылы мен жана эжем экөөбүз “Мөл-Булак” кредиттик кичи банкынан насыяга акча алып 60 000 сом башкы сумманы төлөдүк. Бирок дале толук кутулган жокпуз. Анын тууму жана Эркайым Калмурзаева менен бирге поручитель болгондугу үчүн анын дагы туумдарын кошо төлөп калдык. Дагы деле төлөп жатабыз.

Карызкор Бактыгүл Анарбаева ушул күнгө чейин алган суммасын төлөбөй келгендиктен, апамдын арзыбаган төрт миңге жетпеген пенсиясынан ушул күнгө чейин 50 пайызы “Бай-Түшүм” банкынын эсебине которулуп келет. Байкуш Апам ушул көйгөйдүн айынан ооруга чалдыгып, карып кетти. Эки жылдан бери пенсиясын толук ала албайт. Акыры айлабыз кетип, карызкор Бактыгүл Анарбаеванын жетим, жесир үй-бүлөлөрдү алдап, ишеничине кирип карызга кредит алдыртып өз убагында төлөбөй, ал үй-бүлөлөрдүн айткан сөзүн тоготпой, “колуңан келгенди кылып ал” деп, какшатып жүргөндүгүн көрүп айлабыз куруду. Аргасыз үстүнөн арыз жазып, Сузак райондук сотуна кайрылдык.

Сузак райондук сотунун 20-октябрь 2015-жылдагы №ГД-889/15 сандуу аткаруу барагынын негизинде Сузак райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан козголгон карызкор Бактыгүл Анарбаевадан менин апам Зулайка Сатымкулова менен Эркайым Калмурзаеванын пайдасына ар бирине  60 000сом (алтымыш миң) сомдон 120 000 (жүз жыйырма миң) сом өндүрүлсүн деп Сузак райондук сотунун төрайымы А. А. Смадиярова тарабынан чечим чыккан. Бирок, мында туумдар менен биздин моралдык зыян тартканыбыз эсепке алынбаган. Ал мыйзамдуу да күчүнө кирген. Карызкор Бактыгүл Анарбаева ай сайын 1500 сомдон төлөп турам деп айткан, бирок ал айткан сөзүнө турбады. Качан сурасаң “төлөйм ушул айда” деп, жооп берет бирок, төлөбөйт.

Арадан айлар өттү, карыз төлөнбөдү. Соттук аткаруучу Ж. Осмонов тарабынан карызкор Бактыгүл Анарбаева соттун чечимин аткарбай жүргөндүктөн Кыргыз Республикасынын КЖКнин 338-ст. талабы боюнча чара көрүү максатында сунуш менен Сузак РИИБне 2016-жылдын 22-январында кайрылган. Бирок, Сузак РИИБнин тергөөчүсү Г. Мавлянкулова иш боюнча бир тараптуу карап, биз тараптан мени же апам Зулайка Сатымкулованы чакырбастан эле, карызкор Бактыгүл Анарбаеванын берген жалган көрсөтмөлөрүнө ишенип, телефон аркылуу берген маалыматы боюнча 16.02.2016-жылы Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 156-1, 28-ст. 1-б, 2-п менен кылмыш иш козгоодон баш тартуу токтомун чыгарган. Токтом менен соттук аткаруучуну, же өндүрүп алуучу катары бизди, өз учурунда маалымдап тааныштырган эмес. 

Кайрадан карызкордун соттун чечимин аткарбай жүргөндүгү боюнча, тергөөчүгө анын үстүнөн кылмыш иш козготуу маселесин чечип берүүңүздү суранамын деп Сузак районунун прокурору М. Э. Алымбековго арыз менен кайрылдым.

Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Г.Мавлянкулованын №137 сандуу материалы көзөмөлгө алынып, кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтому бузулуп, кошумча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн 2016-жылдын 28-ноябрында № 8/1-341-16 сандуу кат менен Сузак РИИБне жиберилет. Тергөөчү Алишер Мирзакаримов арызды канаттандырган жок. Тергөөчү А.Мирзакаримовдон “карызкордун соттун чечимин аткаруудан баш тартып жүргөндүктөн КРнын КЖКнин 338-ст. талабы боюнча чара көрүңүз”-деп сурандым. Бирок, чара көрө алган жок, болгону 4500 сом өндүрүлдү. Башка эч кандай сумма өндүрүлгөн жок. Бул жерде белгилеп койчу жагдай тергөөчүлөр жагдайды билип туруп да кайсы бир кызыкчылыктарга ойнойт экен деп калдым.

2017-жылдын 17-январында карызкор Бактыгүл Анарбаева келип, “Зулайка Сатымкуловага 20-февральга чейин ар бир айга 1500 сомдон эсептеп 4 айга 6000сом төлөйм, эгер төлөй албасам соттун чечимин аткаруудан баш тартуу боюнча чара көрүүгө макулмун”-деп тил кат жазат.  Андан бери да канча убакыт өттү. Айла жок КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарымдуу өкүлүнө да кайрылдым. Ал арызымы областтык прокурорго жолдоду. Учурда  иш кайрадан Сузак РИИБнин тергөө бөлүмүндө турат. Бул жолкусунда чечилет деп үмүт кылганым менен кыжаалаттыгым бар.  

Бактыгүл Анарбаева өзү ЮСАИД эл аралык уюмунда долбоорлор менен иштейт.Жакшы акча алат. Андан сырткары мугалим болуп, мектепте иштейт. Ал мындай алдамчылык, кара мүртөздүк сапаты менен балдарга кандай окуу, тарбия берет? Же келечекти,  коомду өзүндөй кылып тарбиялагысы келеби? Эгер мындай алдамчы, таш боор, мерездерге чара көрүлбөсө, көрүп-билип туруп, кайдыгер болгон тергөөчүлөргө(ишти кыскарткан) баа берилбесе эртең коомду ушундай амалкөй, алдамчылар басып кетеби деп корком. Же үй-бүлөсү, балдары деле уялып, “берели” дешпейт. 

Мына ушул күнгө чейин Бактыгүл Анарбаевадан 60 000сом суммага туумдарды(пенияны) кошуп өндүрө албай келебиз. Же карызкорго иш козгоп чара көрүлбөйт. Соттун чыгарган чечими толук аткарылбай келет. Биздин маселебиздин чечилүүсүнө, тарткан азап-тозогубуз менен моралдык зыяныбызды өндүрүп алууга жана арыз менен кайрылган мекеме-ишканалардын жүргүзгөн иштеринен маалымат алып, жардам берип коюуңуздарды суранам.

 

 Элмира Сатымкулова, Сузак районунун Сымкат айылынын тургуну 

 

Редакциядан: тараптардын пикири болсо гезит басууга даяр!

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган 2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) шаршембиде 2017-жылы кылмыш куугунтуктоосуна 262 журналист кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтуктоолорго биринчи кезекте...

14 - Декабря  2017 | 4 : 202
Жаңгак фестивалы Арсанбапта Жаңгак фестивалы Арсанбапта

  Акыркы төрт жылдан бери жаңгак фестивалы бир топ ийгиликтерди ачыкка чыгарып жаткан учур. Тактап айтканда, акыркы учурда жаңгак өсүмдүгүнүн сапатын арттыруу, анын мөмөсүн сыртка экспорттоо колго алынып,...

8 - Ноября  2017 | 9 : 1053
УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН... УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН...

  Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул...

21 - Августа  2017 | 4 : 46287
Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда

    Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,2 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар...

17 - Августа  2017 | 3 : 47275
Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат

    Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка...

16 - Августа  2017 | 3 : 1226
Германияда сот тутуму кандай? Германияда сот тутуму кандай?

  Сот тутумундагы пресс-кызматынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германияда жана Страссбург шаарында окуу жана таанышуу сапарына барып келишти.  Андагы сапарда маалымат каражаттарынын...

24 - Июля  2017 | 5 : 12382
Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда

    Жалал-Абад областында кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ)...

22 - Июня  2017 | 10 : 22678