Улуу Жеңишке 72 жыл

4 - Мая  2017 | 7 : 261213
Улуу Жеңишке 72 жыл

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Жалал-Абад

областындагы ыйгарым

укуктуу өкүлү

К. Сатыбалдиевдин

9-май—Улуу Жеңиштин

72 жылдыгына карата

 

                    Куттуктоосу

 

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун кадырман ардагерлери!

Апаат согуш мезгилинде оорукта эмгектенген кадырман апалар жана аталар!

Кадырлуу коноктор жана шаарыбыздын тургундары!

 

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. 9-май – Улуу Жеңиш майрамы биз үчүн унутулгус ыйык майрам болуп саналат. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Ошол кандуу 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын  калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Көп улуттуу элибиз согуш жылдары “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында эки эселенген күч-кайрат жана Жеңишке болгон бекем ишеним менен эмгектенишкен. Биздин ата-бабаларыбыздын ынтымагы менен биримдиги, октон жалтанбай ажалга тике карап, өлүмдөн кайра тартбагандыктары Улуу Жеңишти камсыз кылды десек туура болот. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери Мекенибизди чындап кадырлап сүйүшөөрүн кан-жаны, бүтүндөй өмүрү жана ак эмгектери менен далилдешти.

        Улуу Ата Мекендик согушта Жалал-Абад областынан 7 адам Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. Биз бүгүн терең сыймыктануу менен жердештерибиз Тукубай Тайгараевдин, Розы Азимовдун, Евдоким Мазковдун жана Михаил Бабкиндин ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн улуу эрдиктери жана  жаркын элестери элибиздин эсинде түбөлүккө унутулбай сакталат.

        Ошол каардуу согушта Жалал-Абад областынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын ичинен 18 миңден ашуун мекендештерибиз Ата-Журтуна кайтпай калышкан.    Учурда областыбыздын аймагында 84 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 116 ооруктун катышуучулары жана апаат согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 520 жесир энелерибиз жашап жатышат.

       Сиздердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды кайра куруудагы  өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.

 

     Урматтуу согуштун жана  ооруктун кадырман ардагерлери!

     Шаарыбыздын тургундары жана кадырман коноктор!

 

      Экинчи дүйнөлүк согуштан жер жүзүндө 50 миллионго  жакын көптөгөн улуттардын өкүлдөрүнүн өмүрлөрү бейкүнөө кыйылган. Адамзаттын тарыхындагы бул оор трагедияны  эч качан унутууга  болбойт. Улуу Жеңишти колго киргизген ата-бабаларыбыздын урпактары өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана  улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз керек. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин  жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышын зарыл деп санаймын.

 

     Урматтуу согуштун жана ооруктун кадырман ардагерлери!

 

      Сиздердин улуу эрдигиңиздерге биз ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым  биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, ар дайым мекенибизде балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 72 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ич жылыган ийги иштер Ич жылыган ийги иштер

  Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун алыскы айыл аймактарында болуп, жергиликтүү калктын үнүн угуп кайтты. Чек арага чектеш...

29 - Мая  2018 | 4 : 29171
Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 22282
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 47314
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 34140
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 52284
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 44203
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18298