Жараан өзүн өрттөдү

6 - Июня  2016 | 17 : 35386
Жараан өзүн өрттөдү

Жалал-Абад шаарында  өзүнө бензин чачып, ширенке менен өзүнө өрт койгон   Ала-Бука районунун тургуну Э.  Шерботоев аман калды. Ал эми саламаттыгы оор бойдон калууда.  Окуянын чоо жайына ар тараптуу кызыгып көрдүк.

Быйылкы жылдын 1-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Дастан” дүкөнүн ичинде Ала-Бука районунун атуулу өзүнө өрт коюп жиберген. Окуя орун алып жаткан даректе ызы-чуу орун алып жатканы тууралуу маалымат түшүп, аймактык тескөөчү  Байгазы Бурканов жетип барып, денедеги отту өчүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. 

« чакан дүкөндүн ээси имарат ичин экиге бөлүп,  жатакана жана   соода сатык  катары пайдаланат экен.  Мен барсам Э. Шерботоев дүкөндүн ичиндеги жатуучу жайда өзүн өрттөөгө аракет жасап, дүкөн иштеткен аялдан ширенке талашып жаткан экен. Дароо эле өзүнө ширенке жагып жиберди.   Мен денедеги оттуу өчүрүү үчүн атуулга ак шейшептүү төшөк жаба калып өчүрүп калдым. Анан сыртка алып чыгып ички кийимдерин чечтик, ага чейи тез жардам унаасы да келип, ооруканага жөнөттүк-деп билдирет аймактык тескөөчү.

Ал эми  Э.Шерботоев окуя дүкөндүн сыртында болгонун,  дүкөн ээсинен аласа акчасын алуу үчүн барганын айтууда.

«Мен дүкөндүн ээсине: "Эгер акчаны бербесең өрт коюшум мүмкүн десем, милицияларга чалып, ызы-чуу салып жатат" деп мени күнөөлөп жиберди. Бир аз ичип (спирт ичимдигин) алгам. Бензин алып келип, өзүмө куюп жибердим. Келген милиция кызматкерлерине жаныма жолосоңор өзүмдү өрттөйм дедим, алар мага жакындоого аракет кылышты. Андан улам эркекче айткан сөзүмө туруп, өзүмө өрт коюп жибердим», - дейт ал.

өз өмүрүн кыйууга аракет жасаган атуул  тез жардам аркылуу областтык биргелешкен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түкөн, бир күндөн соң палатага которулган. Атуулдун саламаттыгы оор, денесинин 50 пайызын күйүк алган.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан текшерүү иши жүргүзүлүп жатат.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  2017-жылдын 3-декабрында саат 18:30 чамасында Жалал-Абад Казарман жолунун 38 чакырымында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Д. А ны мамлекеттик...

4 - Декабря  2017 | 6 : 5260
Маңзат сөзсүз уулайт Маңзат сөзсүз уулайт

      Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо...

26 - Октября  2017 | 7 : 27204
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2391
Кумарпоздордун курмандыгы болдум Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого...

7 - Сентября  2017 | 5 : 29364
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын...

7 - Сентября  2017 | 5 : 51395
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56435
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28637