Дүйнө эли Чынгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чынгызды тааныган

1 - Июня  2017 | 11 : 1132845
Дүйнө  эли Чынгыз десе  кыргызды, кыргыз десе Чынгызды тааныган

 

 

 

Кыргыз Республикасында эмки жылы декабрда өлкөбүздү өз чыгармалары аркылуу бүткүл дүйнөгө тааныткан белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматовдун токсон жылдыгы өткөрүлөт. Анын кайсы тилде жазылган чыгармасы болбосун, мейли кыргызча, же орусчабы, же бөлөк тилдерге которулгандарыбы, айтор жатык тил менен жазылган көркөм-адабий бардык китептери колдон түшпөс, окурманга сиңимдүү, кайра-кайра окугандан тажатпаган чыгармалар экендигин орус жана чет элдик адабий сынчылар талдап чыгышкан.

“Жамийлага” таң калган окумуштуу

Ошондуктан чыгармаларынын кыргыз тилинде чыккан сегиз томдугу окурмандардын китеп текчелеринен бекем орун алган. Сатып алынган ал китептер уул-кыздарынын баары жогорку окуу жайларын артыкчылык дипломдору менен бүтүрүп, бир баласы кезегинде республикабыздын айыл чарба министри болгон, өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде иштеп жатышкан Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Ниязмамат Бэков аксакалдын үйүндө толтура.  Ч. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулгандыгы, эки тилде мыкты жаза билген автордун  атагы “Жамийла” повестин француз окумуштуусу Луи Арагон Москвадан чыккан “Новый мир” журналынан окуп,  ага “Сүйүү тууралуу эң мыкты чыгарма”- деп, дүйнөлүк адабий середе  баа бергенден кийин таш жарганы элибиздин маданиятына сүңгүп кирген окурмандардын бардыгына  жакшы таанымал.  

Ал эми адабий чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм фильмдер, театрларда коюлган спектаклдер,  мисалы, “Жамийла”, “Бетме-бет”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Мен- Тянь-Шань”, “Ак кеме”, “Эрте жазда келген турналар”, “Бороондуу бекет”, “Жаныбарым, Гүлсары!”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Аңчынын ыйы” өңдүү повесттеринин, “Кылымдан да узак күн” аттуу романынын  негизинде тартылган тасмалар кайсы заманда болбосун көрүүчүлөргө булак суусундай жагып, өзүнө тартып, таңданта берери талашсыз.

Кыргыз жана совет адабиятына сиңирген эмгеги үчүн чет өлкөлүк сыйлыктарын айтпаганда да, ага  Социалисттик Эмгектин Баатыры, отуз үч жашында “Тоолор жана талаалардын повесттери” деген китеби үчүн Лениндик,  кийинчерээк СССРдин мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамдары ыйгарылган. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин бир нече жолку депутаты, Москвадан ай сайын чыгуучу “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, СССР Жазуучулар союзунун секретары, Кыргыз Республикасынын Бельгия, Люксембург  мамлекеттериндеги (Бенилюкс өлкөлөрүндөгү) элчиси кызматтарын аткарган. Эске сала кетсек, жогорку билимге ээ болуу үчүн Кыргыз Мамлекеттик Университетине сынак тапшырган учурумда кыргыз адабиятынан эркин тема болуп келген  Ч. Айтматовдун  чыгармачылыгы жана өмүр жолу тууралуу дил баян жазгам. Кийинки сынакка кирүү үчүн экзамендик баракчамды колума алганда карасам, жазуу ишимди  КМУнун окутуучулары, филология илимдеринин кандидаттары жана экзамен алган Сапарбек Закиров менен Байдылда Маленов агайлар текшерип,  экөөсү тең бирдей  жакшы баа менен кол койгонун көрдүм. Туңгуч жыйнагымды Фрунзедеги “Адабият” басмасына тапшыраар алдында ага кол коюп жаткан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун катчыларынын бири, прозаик Казат Акматов менен союздун адабий сын бөлүмүнүн башчысы, акын Камбаралы Бобулов агай экөөнүн “сенин курагыңда Ч. Айтматов Лениндик сыйлыкты утуп алган”- деп уяткарышып, “сен болсо, адабиятка эми аралаша баштапсың” дегендей кыйытышкан.

                Эл менен көп жолукчу

  СССРдин Жогорку Советинин депутаты кезинде аны көрүү, ыңгайы келсе, адабий кеңеш алуу, жазып жүргөн чыгармаларымдан экөө-үчөөнү анын колуна тапшыруу максаты менен жолду калың кар, муз каптаган бороон-чапкындуу январь айында Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жетип барганым эсимде. Ч. Айтматов менен жолугушкан элдин көптүгүнөн жыйналыш өткөн залга кире албай, ал сыртка чыкканда учурашууну күткөм. Бирок, ага да чолоо тийбей, маданият үйүнөн чыкканда эле аны коштогон,  алды-артынан ээрчиген адамдардын айынан, бир жагы тартынчаактык кылып, жанына жакын барууга батынбадым. Калың адамдардын арасынан Чынгыз Айтматов менен акын-жазуучу Асанбай Жусупбековдун саламдашып, сүйлөшүп турганын көрдүм. Асаке ошондо өзү изилдеп, ырларын жыйнап жүргөн Жеңижоктун китеби тууралуу айтып атканын алыстан чала-моңол уктум. Жазуучуга ошол жылдары шайлоочулардан Нарын дарыясынан суу чыгарып берүү өтүнүчү берилген болчу.

Чынгыз Айтматов СССР Жогорку Советинин депутаты катары Ленин, Базар-Коргон  райондоруна бир кыйла жолу келген. Мурдагы Ленин районуна караштуу  “Ленин жолу” колхозунун Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, механизатор  Калипа Акматкулова башкарган  (азыркы Ноокен району, “Шайдан” айыл аймагынын) комсомолдук-жаштар бригадасынын талаасына барган убагында жергиликтүү гезиттин фото кабарчысы Дүйшөн Назаралиев жазуучуну шыйпаңда сүйлөп турган учурунда сүрөткө тартып алган экен. Ал сүрөт бизде сакталып турат.

 

Дүйнөлүк маанидеги жазуучуну экинчи ирет, жай айларында, ошол эле райондун Калинин атындагы колхоздун талаасына барып, дыйкандар менен түшкү эс алуу маалында жолугушкан кезинде көрдүм. Күн аябай ысык болчу. Ошондо Ч. Айтматовду Социалисттик Эмгектин Баатыры Малик Акчабаевдин пахта бригадасына партиянын Ош областтык жана Ленин райондук комитеттеринин секретарлары менен колхоздун башкармасы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Юсуп Момбеков, райондун аттуу-баштуу жетекчилери, ырчылар коштоп барган. Жолугушуу бүтүп, жеңил машинага олтураар кезинде гана улуу жазуучу менен кол алышууга үлгүрдүм, сүйлөшүүгө дагы убакыт болгон жок. Макала ээси ал кезде КМУнун “кыргыз филологиясы жана журналистика” факультетин бүтүп, Ленин аты өзгөртүлгөн Ноокен районунун  “Ноокен жаңырыгы” гезитинде редактор болуп иштеп турган.

Келечектеги чоң жазуучу Талас областына караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында, 1928-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Өспүрүм курагы Дүйнөлүк экинчи согушка туура келип, өзү кийин эскергендей он төрт жашында айылдык кеңештин катчысы, анан райондук финансы бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеген. Атасы, партиянын Жалал-Абад областтык комитетинин экинчи секретары болуп иштеген Төрөкул Айтматовду  Москвадагы “кызыл профессура” институтуна окууга жиберишкен. Т. Айтматов ошол калаада окуп жүргөн чагында кармалып кеткен. Аялы Нагима Айтматова тун баласы Чыңгыз баш болгон балдарын ээрчитип, Кыргызстанга, кайын журтуна кайтып келген. Жазуучунун атасы 1937-жылы атылган. Чынгыз агайдын изилдөөсү менен сөөгү Бишкектин чет жакасындагы Чоң-Таш айылынан табылган. Т. Айтматовдун табыты  өз тагдырлаштары менен бирге кийинчерээк “Ата Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

Чынгыз Айтматов 1946-жылы Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн. Чарбада бир аз иштегенден кийин эки жыл  Москвадагы Жогорку адабият курсунан билим алган. Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланган. Ал  В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которгон. Кийин кыргыз тилинде ”Газетчи Дзюйо”, "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу аңгемелерди жазат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш элүүнчү жылдардын ортосуна туура келген. Бул жылдары "Бетме-бет",  "Обон" повесттери кыргыз, орус тилдеринде жарык көрөт. Аталган чыгармалар каармандардын образын толук ачылышы,  көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма катары көп тилдерге которулду.

   Атагы таш жарган чыгармалар

Ч. Айтматов  чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын  жаңы кырларын ачты. “Обон”,  "Кызыл жоолук жалжалым", "Бото көз булак" , "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу" аттуу  повесттери үчүн ал Лениндик сыйлыктын лауреаты болду. "Биринчи мугалим" повести кыргыздардын билим алууга шыктанганын, азыркы мезгил менен үндөш көйгөйдү козгойт. "Саманчынын жолу" повестинде Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгеги сүрөттөлөт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын, күйөөсү Субандын, майданга кеткен бойдон кайтпай калган балдары Касым менен Майсалбектин, келини Алыймандын, коңшусу Тотойдун элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз адамдарынын чыныгы жүзүн ачкан. Ал эми "Жаныбарым, Гүлсарым!" повестинин жарык көрүшү көп улуттуу совет адабияты үчүн табылга болду. Андагы окуялар кыргыз айылынын турмушу менен чектелсе да,  совет коомуна мүнөздүү орток маселелер болчу.

 Кыргыз тарыхына тиешелүү, терең маанилүү уламыш окуяларды билгичтик менен пайдаланылган  "Ак кеме" повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө орунда турат. Повестте Момун чалдын, анын небереси менен кемпиринин, күйөө баласы Орозкул менен кызы Бекейдин  образы аркылуу адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Чыгарма баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана нравалык тазалыгын даңазалайт. Повесттеги "балык" болуп сууга агып кеткен баланын образы, куулук-шумдугу жок, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат. Чыгарма мазмунунан адам ар кандай кара күчтөрдүн зомбулугуна туруштук бере албай, пассивдүү жолго түшсө, өзүнүн ыйык идеалына да кол көтөрүүгө чейин барат деген философиялык жана нравалык  жыйынтык  чыгат.

Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесин "Эрте жаздагы турналар" аттуу  повестинде, “Жоокердин уулу” аңгемесинде да жараткан.  "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинде бизден ыраак Охот деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу баяндалган. "Кылым карытар бир күн", "Кыямат", "Кассандра тамгасы", “Тоолор кулаганда”  романдарында адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.

 Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес, улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да, өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып, симфонияга чейин жазылды. Көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды. Театралдык спектаклдер, кинофильмдер коюлду.  ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири.

 Улуу жана атактуу жазуучу Чынгыз  Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жашка караган курагында, катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Ырысбай  АБДЫРАИМОВ. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24549
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32563
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51715
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71923
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23421
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16471
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18748