Балдар кайда эс алышат?

8 - Июня  2017 | 11 : 361071
Балдар кайда эс алышат?

 

    Мектептер убактылуу каалгасын жапты. Окуучулар болсо, жайкы каникулга таркашты. Айылдык балдар  болсо, эртели кеч ата-энелерине “кол-бут” болуп, чарбалык иштерине жардам беришет, жайлоодо болушат. Ал эми шаардык окуучулардын айрымдары эле  элеттеги чоң-ата, чоң эне, туугандарына барып, кыска болсо да эс алышпаса, дээрлик көпчүлүгү кайда бараарын билбей, шаардагы ысык аптаптан оолак болуунун жолун издей башташат. Мындайда аларга  жайкы эс алуу жайлары, лагерлер жардамга келчү эле. Быйыл бул жааттагы абал кандай болду экен?

  Ар жылы  июлдан августтун акырына чейин төрт беш агым менен балдарды эс алдырып жүрчү Сузак районундагы Кара-Алма токоюнун кучагында жайгашкан “Алтын балалык” балдар эс алуу жайынын директору Турдукан Аманованын айтымында ар жылы   каржылык жактан көмөк көрсөтүп келчү Жалал-Абад шаардык мэриясы  бул ирет баш тартты. Анын себеби, жыл башынан бери  шаардын бюджети бекитилбей, анын кесепетинен лагерь үчүн каражат бөлүнбөй жатат.   Андыктан профсоюз тарабынан он  күндүк эс алуу үчүн, ар бир балага  наркы 2500 сомдук жолдомо сатылат. Аны ата-энелер көтөрө алса, балдарды үч агым менен эс алдырууга даярдыктар жүрүп жатат.

  Айта кетели, кезегинде ушул Кара-Алма токоюнун өзүндө эле ондон ашуун балдар лагерлери иштеп турган. Азыркы тапта   Жоомарт Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйүнө караган  эс алуу жайы менен  “Алтын балалык” гана туруктуу иштеген болбосо, калгандарынын аты-жыты жок. Дээрлик бардыгы менчиктештирилип, ал эми менчикке алган адам аны каалагандай иштетип жатат. Кээ бирлери балдар үчүн эмес, эртели кеч эс алууга келген чоңдор үчүн кызмат кылат. Демек, балага караганда ар күнү капчыкка тыйын түшүп турганы оң белем?. Түп орду менен жок болгондор канча. Жалал-Абад – Казарман жолунун Үрүм-Баш аймагында жайгашкан “Нур” балдар лагери да быйылкы жылда иштебей калуусу ыктымал. Анткени, аталган жолдо жакында чоң көлөмдө жер көчкү жүргөн. Аны тазалап, жол ачылганы менен дагы да айрым жерлер кооптуу абалда экендиги айтылат. Арстанбап токою да эс алууга ыңгайлуу аймак экендиги эске алынып, кезегинде бул тарапка да бир катар балдар лагерлери салынган. Жайында миңдеген балдар туш-тараптан келип эс алып кайтышчу.  

   КРнын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу жана буга чейин иштеп келген балдардын эс алуучу жайларын даярдоо жагдайында атайын иш-чара бекитип, район-шаарлардын жетекчиликтерине тапшырмаларды берди. Мурдагыдай эле  жыйырмадан ашуун  жай иштеш керек. Бул үчүн азыр камылгалар көрүлүп жатат жана июндун акыркы он күндүгүнөн тартып, балдар кабыл алына баштайт. Белгилей кете турган жагдай, айрым колунда бар инсандар балдардын эртеңин ойлоп, андай жайларды оңдоп түздөө иштерине кол кабыш кылышып, айрымдары өз эсебинен атайын жай да ачып жатышат.  Өзүн эч жерде рекламалабай, элге жарыя кылуудан баш тартып, бирок, балдар үчүн  иш жасап жаткан бир инсан Кара-Алмага  мусулман балдар лагерин ачыптыр. Аты айтып тургандай эс алуу учурунда балдарга мусулманчылыктын жолун үйрөтүп, анан балдарды ыймандуулукка тарбиялоо да башкы орунда экен. Ал лагерге балдарын алып барууну каалагандар көп. Ал эми анын келечеги кандай болот? Аны мезгил көрсөтөт.

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган 2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) шаршембиде 2017-жылы кылмыш куугунтуктоосуна 262 журналист кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтуктоолорго биринчи кезекте...

14 - Декабря  2017 | 4 : 202
Жаңгак фестивалы Арсанбапта Жаңгак фестивалы Арсанбапта

  Акыркы төрт жылдан бери жаңгак фестивалы бир топ ийгиликтерди ачыкка чыгарып жаткан учур. Тактап айтканда, акыркы учурда жаңгак өсүмдүгүнүн сапатын арттыруу, анын мөмөсүн сыртка экспорттоо колго алынып,...

8 - Ноября  2017 | 9 : 1054
УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН... УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН...

  Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул...

21 - Августа  2017 | 4 : 46288
Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда

    Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,2 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар...

17 - Августа  2017 | 3 : 47275
Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат

    Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка...

16 - Августа  2017 | 3 : 1227
Германияда сот тутуму кандай? Германияда сот тутуму кандай?

  Сот тутумундагы пресс-кызматынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германияда жана Страссбург шаарында окуу жана таанышуу сапарына барып келишти.  Андагы сапарда маалымат каражаттарынын...

24 - Июля  2017 | 5 : 12383
Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда

    Жалал-Абад областында кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ)...

22 - Июня  2017 | 10 : 22678