ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

15 - Июня  2017 | 5 : 34922
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

 

 

Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы Жалал-Абадда аталган оорунун алдын алуу максатында “Таис Плюс 2” өкмөттүк эмес коомдук уюмун негиздешкен.Чет өлкөлүк донорлордун көмөгү менен дары-дармектер, сактануу каражаттары  денесин саткан кыз-келиндерге бекер таркатылып, дарт тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп келет. Учуру келип,  “Болушунча жардам бердик. Эми өзүңөргө өзүңөр кам көргүлө” - деп чет өлкөлүк донорлор басып кетсе, мамлекеттин аярлуу катмарлар менен иштөөгө чама-чаркы жетеби?

Ушул туурасында жана уюмдун ишмердүүлүгу жөнүндө “Таис Плюс 2”нин жетекчиси Байгазы Эрматов менен болгон маекти сунуш кылабыз.

-Байгазы мырза, он беш жылдан бери коомдун аярлуу катмарынын бири болгон - денесин саткан кызматкерлер менен жакындан иштешип, ВИЧ СПИД дартынын алдын алып келдиңиздер. Бул кадамыңыздардын натыйжа бердиби? Деги бул уюмдун ошол мезгилде  ачылуу зарылдыгы курч беле?

-Ооба, 2002-жылга чейин атайын мамлекеттик отчёттордо “Жалал-Абад областында ийне аркылуу баңги заттарын колдонуп жүргөндөр жана өз денесин саткан кыз-келиндер аз” -  деп берилчү. Алардын арасында эч кандай алдын алуу иштери жүргүзүлчү эмес. Мисалы, 2001-жылы бир жыл ичинде аярлуу топтордон ВИЧ СПИД илдетине 18 адам гана текшерилген. Алардын ичинен экөөсүнөн гана сифилис табылган. Булар өз каалоосу менен текшерүүдөн өткөн эмес. Орган кызматкерлери атайын рейд жүргүзүшкөндө гана ВИЧ СПИДке анализ тапшырышкан. Ал учурда Аксыда “Үлгү” деген гана жаштар менен иштөөчү бейөкмөт уюм бар эле. Ал эми Жалал-Абад шаарында ВИЧ СПИД оорусу тууралуу аярлуу топтор менен иштешкен бейөкмөт жок болчу. Ошол эле учурда кошуна Ош шаарында дүйнөнүн үшүн алган дартты ооздукташ үчүн бейөкмөттүк уюмдар 1995-жылдан бери иштеп келе жаткан. Жакын жайгашкан эки шаардын биринде аярлуу топтор аз, ошондуктан дартка каршы күрөшүү чаралары жок дегендин өзү чындыкка коошпой турган нерсе эле. Мамлекеттин бул аярлуу топтор менен камыр-жумур иштешүүгө чама-чаркы жетчү эмес.

Буларды өз эрки менен ВИЧке анализ тапшыра турган кылып жакындан иштешүү өтө зарыл болуп турган. Анткени, ушул чөйрөдө дарт коомго жайылып кетүү коркунучу өтө күчтүү. Биз ушу маселени колго алып, 2002-жылы апрель айында секс кызматкерлерине ВИЧ СПИД тууралуу жакындан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштадык. Башкача айтканда “Теңге тең” ыкмасында алардын ичинен активдүү лидери  менен биргеликте иш алып бардык. Алар үчүн өз эрки менен анализ тапшыра турган атайын кабинет ачтык. Натыйжада 2002-жылдын октябрь айына чейин аярлуу топтордон 104 адам өз каалоосу менен ВИЧ илдетине текшерүүдөн өттү. Алардын ичинен 54 сифилис аныкталып, 47си акысыз дарыланды. Алты ай ичиндеги мындай чоң жылыш “Таис Плюстун”  аярлуу топтор менен дагы да тыгыз иштөөсүн шарттады. Менимче, коомго биздин уюм чоң натыйжа берди. ВИЧ СПИДди бир калыпта болсо да, кармап турду. Аярлуу катмарлардын кайсы бир деңгээлде көбөйүп жаткан учурунда жана миграциялык агымда жаман дартты жайылтпай кармап туруунун өзү жоң жетишкендик.

Жакында эле республикалык,областтык СПИД борборлору жана эл аралык коомдор менен биргеликте эки жылда бир атайын изилдөө жүргүзүштү. Анын жыйынтыгына караганда жетишкендик бир топ. ВИЧ СПИД жөнүндө сурамжылоого кыз-келиндердин 85-90 пайызы бул оору тууралуу билишерин айтышкан. Дарт тууралуу маалымат жетиштүү болгондо гана аны жеңүүгө болот.

-Жылына аярлуу топтон канча кыз-келин текшерүүдөн өтөт?

-Орточо эсеп менен денесин сатып иштеген эже-карындаштардан 450дөйү өз каалосу менен кан тапшырып, текшерүүдөн өтүп турат. 2007-2008-жылдары гана жылына денесин саткан 700дөй аял текшерүүгө келишкен. Алардын ичинен үчөө ВИЧке чалдыкканы аныкталып, дарыгердин көзөмөлүнө өткөн. Өткөн жылы 260тай адам тестирлөөдөн өтүп, алардын арасынан бирөөнөн ВИЧ табылган.

-Бул аярлуу топ менен аралашып жакындан иштөө оор деңизчи. Алгачкы кадамдарда түшүнбөстүктөр болгондур?

-Баса калып мажбурлап,  ВИЧке текшерүүнүн өзү укук бузгандык. Ал денесин сатып иштесе да, жаран катары укугу бузулбаш керек. Биз ушуну колго алдык. Өз эрки менен, эч тоскоолдуксуз, каалаган убакта кан тапшырып, ооруп калса акысыз дарылана турган шарт түздүк. Албетте, алгачкы учурларда эки тарап түшүнүшө албаган учурлар болду. Бирок, ВИЧ СПИД оорусу тууралуу кеңири түшүнүк бергенден кийин алар өздөрү издеп келе турган болду. Алардын лидерлерин катарыбызга коштук. Башкача айтканда ыктыярчы болуп иштеп жүрүштү.

-Сиздердин терең, тыгыз иштөөңүздөр алардын жүрүш-турушунун жакшы жакка өзгөрүүсүнө да таасирин бердиби?

- Ооба, Бул суроону көп жерден уктук. Көпчүлүгү “силер аларды текшерип, оорусу болсо дарылап коюп эле жүрө бересиңерби?”- дешет. Биз ВИЧ СПИДди алдын алууну негизги максат койгонбуз. Аткара турган ишибиз да ушу. Аларды жакшы жолго, коомчулукка кайтаруу башка  маселе. Он беш жыл аралыгында денесин сатып иштеген 23төй кыз-келин туура жолго түшүп, турмуш куруп, башка иштер менен алек болуп кетишти. Бул өтө чоң жылыш болбосо да, биздин үгүтүбүздүн жемиши жерде калган жок дегендик. “Тайис Плюс” менен иштешкен адамдардын 80 пайызы башта адашып, ушул жолго түшүп кеткендер.  

-Сиздерге  негизги донор  болгон Глобалдык фонд жана башка эл аралык уюмдар каржылоосун 2019-жылы токтотушу мүмкүн деген маалымат бар. Сиздин оюңузча эми мамлекет бутка турган аярлуу катмарлар менен иштешкен уюмдарды жөндөп кете алабы?

-Эң коркунучтуу маселе ушу. Эл аралык уюмдар чыгып кеткен соң, мамлекет коомдун аярлуу катмарлары менен иштеше албаса,  азырынча бир калыпта турган ВИЧ СПИД дарты кескин өсүп кетиши мүмкүн. Мамлекет түшүндүрүү иштерин атайын уюштурулган мекеме-уюмдардын арасында жакшы жүргүзө алат. Алар көбүнчө күндүзү, иш убактысына болот. Ал эми коомдун аярлуу катмарлары менен көбүнчө түндөсү иш алып баруу керек.Өкмөт ушул жагынан аксайт.  Алар менен камыр-жумур иштешкен уюмдарды толук каржылай албайт. Эл аралык уюмдар мамлекет өз жарандары үчүн көбүрөөк акча жумшашын  каалоодо. Эгер буга өлкөнүн чама-чаркы жетпесе, алар да каржылоосун төмөндөтөт. Натыйжада ВИЧ СПИДдин өсүү темпи башталат. Тактап айтканда эки жылдан соң каржылоо токтосо, 2020-жылдардан баштап аярлуу топтор менен иштешүү ишинде кризис болушу мүмкүн. 

-Бул көйгөй мамлекеттик деңгээлде белгилүү да. Козголуу байкалабы?

- Сөзүмдү мисал менен баштагым келип турат. Россияда,Казакстанда ВИЧ СПИДге көбүрөөк акча бөлүшөт да,  ар кандай сынактарды өткөрүшөт. Ага бейөкмөт уюмдар да катыша алат. Бизде бул кадам эми башталганы турат.Атайын социалдык заказ иштелип чыкты деп угуп жатам. Буйруса мамлекет СПИДдин алдын алган бейөкмөт уюмдарды кайсы бир деңгээлде каржылоого багыт алат го. Бирок, толук каржылоосу күмөн жаратат.

        

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу... Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу...

         Өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк оорусунун кесепетинен экени аныкталып,көпчүлүк  бул дарт жөнүндө билгенге жана андан сактанууга өзгөчө кызыктаар...

9 - Февраля  2018 | 7 : 12395
Үй-бүлө ууланды Үй-бүлө ууланды

    Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан...

26 - Декабря  2017 | 14 : 19115
Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

                    Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу...

14 - Декабря  2017 | 11 : 12119
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү” “ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:   Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да...

16 - Ноября  2017 | 8 : 32429
Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 25176
Донорлор  өмүр  тартуулашты Донорлор өмүр тартуулашты

         Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.  Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча...

29 - Сентября  2017 | 6 : 21266
“Стартап” старт алды “Стартап” старт алды

  Эми жаш ишкерлерге финансылык кеп-кеңештерди, бизнес-план түзүүнүн жолдору тууралуу акысыз, терең маалыматты Жалал-Абад шаарында ачылган “Стартап борбору” берет. Бул борбор айрыкча жаңы ишкердикти...

11 - Апреля  2017 | 10 : 20463