“Менин ракетам бир нече жолу учат”

20 - Июня  2017 | 4 : 7608
“Менин ракетам бир нече жолу учат”

                   

Космоско саякаттоону  каалаган болочок окумуштуу, ойлоп табуучунун бири ага азыртан камылга көрө баштады. Ноокендин Масы айылындагы №1- Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Бекмамат Момунов астрономияга кызыгып, чоң бурулуш жасоону көздөп турат. Ал ушул жылы апрель айында Бишкекте өткөн кыргызстандык жана казакстандык жаш, болочок окумуштуулардын “Биз - ”XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” сынагына катышып, өзү жасаган космостук ракетасы менен “Астрономия жана космостук билим берүү” номинациясында 1-даражадагы диплом менен сыйланган болчу. Төмөндө келечекте космонавт болууну көксөгөн  улан менен болгон маекти сунуш кылабыз. 

- Бекмамат, космостук ракетаңын өзгөчөлүгү кандай? Сен жасаган ракета келечекте кандай ачылыштарды жасайт?

- Менин ракетам  - космоско “такси” катары кызмат кылат. Тактап айтканда башка ракеталар  бир жолу гана учса, мен жасаган ракета космоско бир нече жолу учат. Келечекте Кыргызстанга космостук станция курсак, башка өлкөлөрдөн келишип, биздин жерден планеталарга учушат. Бул-өлкө үчүн экономикалык, илимий жана маданий өсүш болот.

 -Жоктон барды жасай турган өнөрдү  кимден үйрөндүң? Үй - бүлөң тууралуу айта кетсең?

- Атам менен апам активисттер десем болот. Экөө тең ырдайт. Беш бир тууганбыз. Үйдөгү балдардын эң кичүүсү мен. Агаларым  тамадалык кылат. Мен бала кезден эле ардемелерди жасай берчүмүн. Өнөрүм өөрчүп отуруп, улам жасаган буюмдарымдан дайыма эргүү алып, толкундануу менен  изденчү болдум. 9-класстан баштап, физикага өзгөчө кызыга баштадым. Мындай өнөрүмө көбүнчө атам, апам материалдык да, моралдык да колдоо көрсөтүшөт. Мугалимдерим, айрыкча физика сабагынын окутуучусу Базаргүл  Машарипова  эжеке кеп-кеңешин берип, жол көрсөтүп турат. Ал менде жок нерселерди алып келип берет. Биргелешип,  менин идеяларымды толуктайбыз.

-Жаңы табылгаларыңа канча каражат жумшайсың?

-Эч кандай каражат кетпейт. “Керексиз” – делип, таштандыга ыргытылуучу нерселерден жаңы буюм жасайм. Менин инструменттерим - желим идиштер, кагаз кутулар, оюнчуктардын бузулган бөлүктөрү... Алардан космостук ракета, чаң  соргуч , айда жүрүүчү машина жана башка келечекте ишке ашыруучу аппараттарды жасаганмын. Болгону,  убакыт кетет. Азырынча ушинтип тажрыйба жүргүзүп, сынап турсам, буйруса кийин иш жүзүнө ашырам.

-Бул өнөрдөн башка бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

- Коён багуу - менин хоббим. Үйдө эки коён кармайм. Күндө алар менен алек болуп, тамактандырып турам. Жакында ургаачы коёнум бөжөк тартуулаганы турат. Алардын кылыктарын, тамактангандарын карап,  нервим эс алат. Идеялар пайда болот. Тагыраагы менин дагы бир нерсе ойлоп табуума мүмкүндүк түзүлөт. Мындан сырткары актёрдук өнөрүм да бар. Былтыр улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата бир көрүнүш аткарып,  биринчиликти алганбыз.

-Демек,  актёрдук өнөрдөн да алыс эмес көрүнөсүң. Келечекте учкуч болом деп жүрүп,  артисттикке ооп кетпейсиңби?

- Жок. Мен өзүмдү космонавтикага даярдап жүрөм. Бул кадамым өтө билимдүүлүктү, изденүүчүлүктү талап кылат. Интернеттен, китептерден астрономия туурасында маалыматтарды окуп турам. Космонавттар жөнүндө, алар кантип даярдык көрүшөт,  мага ушул кызыктуураак. Ушундай изденүүм менен актёрлукка ооп кетпейм го.

-Азыркы заманда “китеп окуйм” - деген жаштарды жолуктуруу кыйын. А сен...

-Астрономия жаатында китептерди көп окуйм. Бирок, жетиштүү маалыматтарды, акыркы жаңылыктарды интернеттен алам. Космос жөнүндө маалыматым кенен болсо дейм.

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 7737
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 2342
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 1674
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18192
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27610
"Адам күн сайын руханий жактан өнүгүп-өсүп турушу керек"

  Нурбек Шамуратов, Т.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчысы: “”   Ырчы тууралуу        Туулган жери   - Сузак району,...

27 - Июня  2017 | 11 : 54931
Жубайың сенин  -  башка жан Жубайың сенин - башка жан

Поэзия – Улуу Жаратуучуну издөөнү максат кылгандыктан  ары сырдуу,  ары басып өткөн жолу күүгүм тарткан жана көп тарабы түшүнүксүз купуя кайрык. Мына ошондуктан чыныгы ырдын...

27 - Июня  2017 | 12 : 12799