Беш күнчүлүк дүйнөнү унутпайлы

20 - Июня  2017 | 4 : 14308
Беш күнчүлүк дүйнөнү унутпайлы

 

 

 

 

 

Пендебиз да жашайбыз тиргилик деп,

Байыганда тоготпой молчулук деп.

Күпүлдөйбүз тим эле топон суудай,

Толуп ташып жаткандай токчулук деп.

 

Керек болсо коңшуга карабайбыз,

Акыбалын сурашка жарабайбыз.

Көзүбуздү май басып кере сүйлөп,

Коңшу эмес тууганды да аябайбыз.

 

Ар кыл ишке кол уруп чамынабыз,

Акылыбыз жетпесе жалынабыз.

Кудуретин акылдын сынабастан,

Кудай кылып чоңдорго жалынабыз.

 

Белек бечкек даярдап жүгүрөбүз,

Бел болот го эми деп сүйүнөбүз.

Бийликтеги адамга сый көрсөтүп,

Кемдигине карабай жүгүнөбүз.

 

Кудайсынтып аларга жалынабыз,

Кызматында болууга чамынабыз.

Кулдук уруп тим эле күн кур эмес,

Уйкуну да унутуп камынабыз.

 

Кошоматка кой сойуп жыртаябыз,

Күлүп калса биз дагы жылмаябыз.

Өмүрүбүз түгөнбөс тоо башталып,

Өткөнүнө өкүнбөй улгаябыз.

 

Жаныбызды аябай жүгүрөбүз,

Жарым тыйын тапканга сүйүнөбүз.

Жардылыгын көрсөтүп жан-дүйнөнүн,

Жароокерлик дегенден түңүлөбүз.

 

Колдо баарын дос кылып шашылабыз,

Колдоочусу болгонго ашыгабыз.

Көрүп турган чындыкка башты ийбей,

Көрө албайт деп кайтара асылабыз.

 

Күйүп жанган адамды баалабайбыз,

Күйгөнүнө ишенип карабайбыз.

Ким болуптур мага деп алыстатып,

Кайра ага көө сүртүп каралайбыз.

 

Буйрук келсе айттырбай түшүнөбүз.

Бар тапканды үйүнө түшүрөбүз.

Бийликтеги адамдарын буйруктарын,

Көз жаздымга калтырбай бүтүрөбүз.

 

Бечараны кекетип мокотобуз,

Келбе такыр эми деп жоготобуз.

Тыйын берип турса да бой көтөрүп,

Эртең кел деп зорго эле тоготобуз.

 

Алып алып акчасын жүгүртөбүз,

Мына мына бүгүн деп сүйүнтөбүз.

Бечаранын акчасын жеп алгандан соң,

Болбоду деп кайрадан түңүлтөбүз.

 

Кайрып бер деп сураса куңкулдайбыз,

Кагып силкип кайра эле доңкулдайбыз.

Билгенинди кылгын деп тоготпостон,

Жокту айтып уялбай оңкулдайбыз.

 

Той дегенде токтобой жүгүрөбүз,

Шаша буша иштерди бүтүрөбүз.

Карыз болуп болсо да акча таап,

Кам санабай барууга үлгүрөбүз.

 

Карыз пулга кайышпай кабыргабыз,

Керек болсо ар күнү айылдабыз.

Колдо баары жогуна карабастан,

Кошо сүйлөп коңшунун айылдайбыз.

 

Өлүм болсо жылкыны сойдурабыз,

Чучук жасап элдерди тойдурабыз.

Атаң жилик карыз деп балдарына,

Каалагандай жиликти койдурабыз.

 

Көнүшөт да курулай намыс дешип,

Ыйлап сыктап айласыз кейип кепчип.

Эки үч жылда болсо да кутулушат,

Бар тапканын чогултуп терип тепчип.

 

Бет келгенде чындыкты сүйлөбөйбүз,

Күнөөсү көп адамдай үндөбөйбүз.

Наалып  каргап, аркадан наалат айтып,

Кадимки эле кан соргон бүргөдөйбүз.

 

Чын сүйлөсө жактырбай кагынабыз,

Өлтүрөм деп дароо эле асылабыз.

Теңирден да тээ бийик адамсынып,

Тейтелеңдеп тим эле качырабыз.

 

Ыгым чыгым дегенди түшүнбөйбүз,

Ооз көптүрүп тим эле күпүлдөйбүз.

Ырыскысын талашып башкалардын,

Телегейи теп-тегиз, бүтүндөйбүз.

 

Муң кайгыны жүрөккө уютпайлы,

Ушакташып ызылдашып урушпайлы.

Ызат сыйдын урматын терең баалап,

Беш күнчүлүк дүйнөнү унутпайлы...

 

Майрамкан Алтыбаева, Сузак району, Доскана айылы.

 

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 7737
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 2342
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 1674
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18192
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27610
"Адам күн сайын руханий жактан өнүгүп-өсүп турушу керек"

  Нурбек Шамуратов, Т.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчысы: “”   Ырчы тууралуу        Туулган жери   - Сузак району,...

27 - Июня  2017 | 11 : 54931
Жубайың сенин  -  башка жан Жубайың сенин - башка жан

Поэзия – Улуу Жаратуучуну издөөнү максат кылгандыктан  ары сырдуу,  ары басып өткөн жолу күүгүм тарткан жана көп тарабы түшүнүксүз купуя кайрык. Мына ошондуктан чыныгы ырдын...

27 - Июня  2017 | 12 : 12799