Чыгармаларымдын көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир таасирден улам жаралат

22 - Июня  2017 | 9 : 53762
Чыгармаларымдын көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир таасирден улам жаралат

Данияр Эркинбай уулу тууралуу кыскача маалымат

 

Туулган жери: Ала-Бука району, Ак-Там айылы.

Туулган жылы: 1992-жылы 12-ноябрь.

Билими: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология факультети

 

 Жаш калемгер келечекте белгилүү Чыңгыз Айтматовдой чыгаан  акын болууну самаган Данияр Эркинбай уулу жаш кезинен тарта  акындык өнөр менен талыкпай эмгектенип келет.  Чыгармаларынын көпчүлүк  бөлүгү  кандайдыр бир таасирден улам жана башынан өткөн окуялардан турганын баса белгилеген талант ээси келечекте дагы да болсо мыкты чыгармаларды жарата береээрин  белгиледи. андыктан оргуштаган талант ээсинин чыгармаларын  окурмандардын сынына коюну туура көрдүк.

 

 

Ала-Бука

 

Ала- Тоо курчап алган,

Асыл жер Ала-Букам.

Ааламга кучак жайган,

Пейли кең Ала-Букам.

 

Пайгамбар жашап өткөн,

Ак ниет бата берип.

"Идирис" деп аты калган,

Мезгилдер шаша берип.

 

Женижок, Барпыларым,

"Устат" деп айтып өткөн,

Касиеттуүү талантка бай,

Нурмолдо ырын төккөн.

 

Жашыл төр табияты,

Көк тирейт аскалары.

Дартына даба болоор,

Туп- тунук булактары.

 

Талаада кызгалдактар,

Кулпуруп агылыптыр.

Кудайдын мээриминен,

Кут береке чачылыптыр.

 

"Чанач-сай" салкын төрүм,

Толкундуу тунук колум.

Ааламга алмашпасмын,

Калсада сенден көңүлүм.

 

 

 

Биз баскан жолдор

 

Өзүңсүз  поезд жолдо бара жаттым,

Өзөгүм оттой жанат кадам сайын.

Өмүрдүн шар аккан бир дайрасында,

Махабаттан айрылганым эсте дайым.

 

Кантейин айла таппай сыздап барам,

Көзүмдөн  аккан жашты тыйып араң.

Карегим кадап алып издерине,

Биз баскан поезд жолдо дагы турам.

 

Тагдырлар тайкы жолдо талыгышты,

Ата-энең сени менден айрылтышты.

Алыс деп Ала-Бука жолдорун да,

Жакынга келин кылып тапшырышты.

 

Кыялбай Ата-энендин көз жаштарын,

Унуттун айлуу түндө антташканын.

Кантейин өткөн сүйүү эске түшүп,

Поезд жолго тамып барат көз жаштарым.

 

 

Ырларымда жашайсын

Түшүмө кирип түнү,

Жан дүйнөм козгоп кеттиң.

Жанга бир кыйбас элем,

Башкага узап кеттиң.

 

Элесин эстен кетпейт,

Сыйкырлап койдуң беле.

Элесиң менде калган,

Ырымда жашайт дале.

 

Жодурап күлүп турган,

Көздөрүн дагы жүрөт.

Күлмүңдөп сүйүп турган,

Жүзүң да ырда жүрөт.

 

Сагынып ыйлаганың,

Жолукканда жылмайганың,

Баарысы, баары жүрөт.

Бир гана өзүң жоксуң,

Муну ойлоп кыйналамын.

 

"Таппай койдум"!

 

Мезгилдин барактары өзгөрсө да,

Мен сенсиз канча күндү өткөрсөм да.

Сендеги жылуулукту таппай койдум,

Сендеги аруулукту таппай койдум.

 

Өзүңдөн сулуу кызды жандасам да,

Өзгөрүп башка жанды карасам да.

Сендеги сезимдерди таппай койдум,

Сенсиз мен кең дүйнөгө батпай койдум.

Жан дүйнөм үшүк урган жалбырактай,

Жаз келсе да жылыбай тоңуп турам.

Жалдырап жалгыз калган ээн чөлдө,

Жалооруп ботодой боздоп турам.

Калаксыз көлдө калган ак кайыктай,

Жазгы жел мен өзүңдөн үмүт кылам.

Келээриңди билбесемда кай тараптан,

Мен сени жол боюнан күтүп турам.

 

Мигранттарга кайрылуу!

 

Жүр кыргызым, бул жерден кетеличи,

Кымыз жыттуу тоолорго кетеличи.

Сагынып, саргарып жүдөптүрсүң,

Кетээр күндү сен дагы күткөндүрсүң,

Ала-Тоонун тунук суусун ичеличи!

 

Жүр кыргызым, бул шаардан алыстайлы,

Кусалык көз жаштарын агызбайлы.

Бөтөн журттун байлыгына арбалбай,

Бөтөн элдин жаранына айланбай,

Келечектин пайдубалын баштайлы.

 

Жүр кыргызым, чын эле кайталычы,

Апалардын ак  сүтүн актайлычы.

"Садагам бир жолу мени эстээр"-деп,

Жол карап " уулум качан келет"-деп,

Саамай чачы ак аралап жатпайбы!

 

Бол кыргызым, кычыраган суук түшөт,

Сени ойлоп күйпөлөктөп апаң журот.

"Суук күндө  кандай жүрөт кулунум"-деп,

Сыркоолоп калбасыңды күндө тилеп,

Курут майын сага катып апан күтөт.

 

 

Автор: Данияр Эркинбай уулу.

 

Даярдаган: Элиза Капарова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24204
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32313
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51351
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71389
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23227
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16286
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18495