Жубайың сенин - башка жан

27 - Июня  2017 | 12 : 12998
Жубайың сенин  -  башка жан

Поэзия – Улуу Жаратуучуну издөөнү максат кылгандыктан  ары сырдуу,  ары басып өткөн жолу күүгүм тарткан жана көп тарабы түшүнүксүз купуя кайрык. Мына ошондуктан чыныгы ырдын ар бир сөзүндө жана сүйлөмүндө сырдуу сарайдын далисинде кыдырып жүргөн, ар добушка селт эткен сезимтал саякатчынынын көз карашы жана сезими байкалат.

Бүгүнкү каарманыбыз  - дал ошол жан дүйнөсүндө катылып жаткан купуялуу сезимдерин кагаз бетине түшүрө билген, сырдуу,  жаш акыныбыз. Бир эле акындык талант менен гана чектелип калбастан областтагы белгилүү  “7 - канал D” телеканалында  кабарчы  болуп эмгектенип, коомдо болуп жаткан маалыматтарды  элге жеткирип келет. Анда эмесе, Азиза Пусурманкулованын ырларын окурмандардын наазарына салганды эп көрдүк.

 

Көңүл  калды

 

Көңүл калды, көкүрөк туш муздап турат.

Арсыз жандар ишенимди уурдап тынат.

Назик жанмын, жашмын али,  ыйлаганга,

а бирок,  тамчы жаштар көздөн кулайт.

 

Кайдан сындым, эмнеде эле жазыгым?

Шылдыңына кабылдымбы касымын?

Күчтүү бол деп, апакемдин айтканын,

Кайталаймын! Келбей турат,  жашыгым.

 

Ишенгенмин, жообун бердиң ушундай.

Калат окшойм,  жек көрүүдөн кутулбай.

Жүрөгүмө кирбегиле эч бириң,

жалгыздыктын жолун тосом,  утурлай.

 

Буйрубаган махабат

 

Анда неге жолугуштук десеңиз?,

Ашып улам арман толгон кесеңиз.

Билбейм бүгүн, буулугамын сиз жокто,

Кантип өттү экен,  менсиз кечениз?

 

Жактырабыз, бирок билбейт жан адам.

Тиктесеңиз, мен да сизге кадалам.

Эркелешпей, эрдибизди тиштейбиз,

Кандай азап, мунун баары садагам?

 

Жүзүңүздү күлкү каптап жалгандан,

жүрсөңүз сиз,  түтөп кетем армандан.

Мени издеген көзүңүздү көргөндө,

мен да сизге, жипсиз гана байлангам.

 

Бакыт тынчтыкты жактырат

 

Жабыгып көңүл  айламды таппай көрүшкө,

жан адам жоктой, сырымды айтып төгүшкө.

Сен дагы мендей, ишенгин улуу сезимге,

Өзгөчө айтпа, сүйүңдүү антип бөлүшпө!

 

Анткени билсе,  башкалар түрдүү  кеп кылаар.

Көрө албас сүйлөп сүйүүнү  жалмап, жеп тынаар,

Экөөбүз гана, ээ болгон ушул жашоого,

сын сөзүн  айтып,  бузуку жандар көп чыгаар.

 

Андыктан сүйүүм катылсын оттуу жүрөктө.

Сен дагы ойго, башканын кебин түнөтпө.

Ак тойду кылып,  ак жоолук салсаң,  айтаарбыз,

тилектер буйруп, жолдорго бакыт гүлү өссө.

 

Унутпа

Кайсы бир күнү,  каректер сага тартылбай,

азыркы жанган ак сүйүү кетсе,  таптырбай.

Ошондо дагы,  оюңда өзүм болоюн.

Окуй жүр жазган,  ырларым такыр калтырбай.

 

Мезгилдер өтүп, мендеги сезим азайып,

биздеги сүйүү"Достук" деп гана аталып.

Калганда дагы, эсиңден мени чыгарба.

Бирге да жүргөн,  күндөрдү кошо ажайып.

 

Аткан таң атат,  бөлөк да жүрсөк  агарып.

Көңүлдөр калат,  кайсы бир күнү карарып.

Керемет деген,  сүйүүдөн кемтик кетсе эгер,

Эстээрбиз кийин,  эзилип көзгө жаш алып.

 

Эркелетчи

Жакшынам дечи,  менин  жан-дүйнөм жайнай түшсүн.

Жалбарып эркелетчи,  жаңырсын күмүш күлкүм.

Жашоого тойбой турам,  өткөрчү бирге өмүр,

кайрадан берилбестир,  бактылуу кылган бул күн.

 

Татынам деп атачы,  тагдырым багыштайын.

Башкадан оолак көздөн, сен үчүн алыстайын..

Сен мага сүйүү берчи,  бир өмүр жете турган,

Өзүңдү өйдө коюп,  сүйүүдөн  калышпайын.

 

Кызганычтын азабы

 

Мен бүгүн  көргүм келбей жамалыңды,

таштадым жалгыз тарт деп,  азабыңды.

Сүйүүдөн чарчап турат,  жан-дүйнөм да,

Билемин,  бир күн кайра самаарымды.

 

А бирок азыр,  менде калбай дарман.

Кызгануу жаным өрттөп,  ыйлап алгам.

Ушундай сезим менен күн кечирсем,

алоого айланамын күйүп жанган.

 

Андыктан тандадым да башка жолду,

бет алдым турмушка мен онду-солду...

Күйгүзүп  жолуман чыкпа жаным.

Сүйүүнү кечээ күнкү унут, болду.

 

 

Ырларымдын каарманы

 

Бакыт болсоң , неге эстеп ыйлаймын?

Сынып барам,  кээде келбей чыйралгым.

Тамчы жаштан таттуу сезим жараткан,

сизге арнап,  келди бүгүн ыр жазгым.

 

Алыстасаң,  толбой көңүл өксүгү,

Суук тамчылар сизге дагы төктүбү?

Бакыт деген жылмайтчу эле адамды,

мендей болуп көңүлүңүз чөктүбү?

 

Бакыт демек,  биз каалаган ушудур.

Сүйүп сыздоо,  чын бакыттын кушудур.

Татып даамын,  жашай берем мейличи,

сиз жөнүндө,  түгөнбөгөн куруп ыр...

 

Жубайың сенин  -  башка жан

 

Мен өзүмдү алсыз жан деп жемелеп,

сүйүү үчүн,   көздөн тамчы себелеп.

Кызмат кылып,  келин болбойм,  айылыңа.

Жүрбөйт мени,  инилериң “жеңе” - деп.

 

Мен өзүмдү бактысыз деп сүрөттөп,

жаш жүрөккө жалгыз өзүң түнөктөп.

Болбой калдым,  сенин сүйгөн колуктуң.

Сенсиз эми, сезим сууган күн өтмөк.

 

Мен өзүмдү кечиктим деп жээригем.

Кайда узадың, кайда кеттиң деги сен?

Балдарыңа апа болоор,  жан башка.

Болбойм арман,  өзүң сүйгөн периштең!

 

Махабаттын кулдары

 

Жутуп биз,  бир калаанын абасын да,

жан биргем,  бир башкача тазасын да.

Жат кыздар көз кырын салбасын дейм.

Жан-дүйнө жанчып ойго саласың да.

 

Жетелеп,  кыялдарым алга чуркап,

жеңилем, мээримиңе барам,  суусап.

Башкалар “баш айлантып албасын” - деп,

көңүлүм түпөйүл ай,  демди суутат.

 

Бир аймак, бир көчөдө  турганыбыз,

ак сүйүү балы,  анан сунганыбыз.

Сагынып, кусаланып дербиш болгон,

Экөөбүз махабаттын кулдарыбыз!

Автору: Азиза Пусурманкулова.

 

Даярдаган: Элиза КАПАРОВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24204
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32313
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51351
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71389
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23227
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16286
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18495