"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

29 - Июня  2017 | 13 : 27709

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров

 

Туулган жери - Ноокен району, Масы айылы.

 

Туулган жылы - 1993-жыл, 12-июнь.

 

Билими - жогорку, Бишкек финансы жана экономикалык Академиясынын Финансы- менеджмент факультети.

 

Кесиби - Экономист, актёр.

 

Иштеген жери - “Кыргызстан” АКБ банкынын Ноокен райондук бөлүмү.

 

Үй-бүлөлүк абалы   - бойдок.

 

Тартылган клиптери -  Нурлан Насип- “Туулган күнүң бүгүн”, Гүлжигит

Сатыбеков- “Сагынам”,  Назира Токонова- “Сага”, KG Элмурат- “Кечир”,  Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова- “Бакыт издедик”, казак ырчыларынан Ержан Ерман -“Сагым арман”, Динара Дихамбаева- “Кыз сезими” жана башка.

 

 

Ырчылар  клиптерине  сулуу, таланттуу кыз-жигиттерди тартканга аракет кылышат. Биз сөз кылып жаткан каарманыбыз да дал ушундай келишимдүү,  кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан,  бир нече клиптердин аткаруучусу.  Бирок, ал бардык клиптерде  терс каармандын ролу менен таанылган.  Өзүнүн мүнөзүн Лондондун “аба ырайына” окшоткон Нурсултан Кудаяров  менен  маек кылууну туура көрдүк.

 

 

 

 

 - Алгачкы клипке кимдин сунушу менен тартылып калдыңыз?

 

- Негизинен чыгармачылыкка аралашам  деп эч качан ойлобоптурмун. Башка массалык маалымат каражаттарында айтып жүргөнүмдөй, чыгармачылыкка аралашып калуума белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков  себепчи болгон. Ал агабыз клиптерге чакырып, жашырынып жаткан талантымды  чыгарды десем болот. Эрнист агабыздын  артынан  белгилүү ырчылардын клиптерине тартылып калдым. Кийинчерээк биздин кыргыз ырчыларынан сырткары боордош казак элинин ырчыларынан да  сунуш, чакыруу түшө баштады. Белгилүү Ержан Ермандын ырына да Эрнист агам аркылуу тартылгам. Учурда Ержан менен жакшы байланыштабыз.  

 

- Эмне себептен терс каармандын ролун көп аткарасыз?

 

-Ушул суроону көп беришет (күлүп).   Албетте, терс образымды түшүнгөнү түшүнөт. Кээ бирлери “эмнеге эле терс каармандын ролун ойной бересиң, оң каармандын ролу жокпу сага?” деп, калышат. Көпчүлүк учурда терс каармандын ролун  аткарганым бул менин каардуу келбетим себептүү деп ойлоймун. Ошондон болсо керек,  клипке тартылуу учурунда терс каармандын ролун  аткаруу  анчалык деле кыйынчылык туудурбайт. Бирок, ролдордо каардуу көрүнгөнүм менен жашоодо, тескерисинче шаңдуу, тамашакөймүн.

 

- Үй-бүлөңүз чыгармачылыкка кандай карайт?

 

-Ата -энем чыгармачылыкка кандай көз караш менен карайт экенин билбейм, чынында. Ушул убакка чейин “клипке тартыла берейинби?” деп, сураган эмес экенмин.  Сиз суроо берсеңиз,  анан ойлонуп жатам, бир ооз сурап коюшум керек экен. Бирок,  эжемдер клиптерден көрүп,  сыймыктанышат. Ата -энем  кээ бир терс ролдорду аткарган клиптерди көрүшө  да элек (күлүп).

 

 - Чыгармачылык менен негизги  кесибиңизди чогуу алып кетейин деген оюңуз барбы?

 

-Негизинен бардык нерсеге каалоо болсо, алдыда кандай тоскоолдуктар болбосун, жеңип өтөт.  Адам өзүн бардык тармактан сынап көрсө болот. Келечекте клипке тартылуудан сыткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым. Буйруса,  дагы да сунуштар болсо, тартылууга даярмын.

 

- Биз менен маек курганыңызга чоң ырахмат!

 

Акыйкат” коомдук-саясий гезитинин жана сайтынын  эмгек жамаатына ийгиликтерди каалайм! Талыкпай коомго түрдүү маалыматтарды берип, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп жүрө бериңиздер!

 

Маектешкен Элиза Капарова.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24123
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32233
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51245
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71208
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23158
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16227
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18412