Жалал-Абадда кургак учуктун алдын алуу боюнча диний лидерлерди окутуу иш-чарасы өттү

18 - Июля  2017 | 2 : 14830
Жалал-Абадда кургак учуктун алдын алуу боюнча диний лидерлерди окутуу иш-чарасы өттү

 

 

Жалал-Абад шаарындагы «Мөл-мөл» мейманканасында Жалал-Абад областык казыят кызматкерлери, мечиттердин имамдары жана «Мутакаллим» уюмунун мүчөлөрү жана Жалал-Абад шаарынын аялдар медресесинин окутуучулары үчүн кургак учук маселелери боюнча 4-күндүк тренинг болуп, ага КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов жана КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов катышты.

Тренингдин программасында кургак учук туурасында негизги түшүнүктөр,  эпидемиялогиялык абал, ооруунун алдын алуу жана оорунун жугуу жолдору, ошондой эле кургак учукка каршы туруу мекемелерине баруу жана ал жердеги бейтаптар менен жолугушуу каралган. Семинар алкагында «Эгерде үй-бүлөдөгү түгөйлөрдүн бири дартка чалдыккан болсо эмне кылуу керек, жана бул туурасында Ислам эмне дейт?», «Дартка чалдыккандар бала күтсө болобу?», «Кургак учук менен ооругандарды салт кабыл алабы»?, «Шарият боюнча андай ооруну оолактатууга жол берилеби?», «Дартка чалдыккан мусулман аялга үйлөнсө болобу же мусулман эркекке турмушка чыкса болобу?», «Ислам боюнча кандай жардам көрсөтүлгөн?» сыяктуу суроо- жооптор талкууланды.

«Улуттук фтизиятрия борбору USAIDдин «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун колдоосу алдында Кыргызстанда комплекстүү диний өкүлдөрдү тартуу менен кургак учук эпидемиясына каршы туруу маселесин чечүүнү максат кылып жатышат. Учурда республикада кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн жана аны  тез аныктоочу 24 платморма иштеп жатат»,- дейт долбоордун адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация  боюнча адиси Дильшат Хаитов.

Эске салсак, КР Өкмөтүнүн  2017 ж. 17.01. №9 буйругу менен «Кыргыз Республикасында 2017-2026 жылдарга кургак учукка каршы туруудагы жардам берүү системасын оптимизациялоо жөнүндө» иш жүргүзүү планы бекитилген.  

Жалал-Абад казыяты Пресса бөлүмү

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин... Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин...

    Коргоо кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак...

23 - Ноября  2017 | 6 : 31256
Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында шаар бийликтери тарабынан “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” аталышындагы экстремисттик идеяларга, көз караштар менен аракеттерге каршы бир айлык жүрүп жатат. Ал 6-ноябрда...

20 - Ноября  2017 | 8 : 34380
Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим... Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим...

              Жалал-абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагындагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу иш...

20 - Ноября  2017 | 8 : 40292
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты... Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты...

     Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түштүк аймактык ажы-умра боюнча өкүлү, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ажылык иштерин уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп,...

19 - Сентября  2017 | 12 : 26847
Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди

       Майлуу-Суу шаарында Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элестерине багышталып Куран окулуп,  эстелик алдына гүлчамбар коюлуп, курман болгон мекендештерибиздин  жакындарына көңүл...

19 - Сентября  2017 | 12 : 30589
Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен... Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен...

  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты маалыматтуулукту кеңейтүү максатында облус казысы Закиров Абдулазиз карынын тапшырмасы менен  Жалал-Абад казыятынын маалымат кызматы облус аймагындагы...

7 - Сентября  2017 | 3 : 32704
Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө... Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө...

    Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен турмуш-шарты оор 40 үй-бүлөгө кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, бөбөктөр кийим-кечелүү болушту.  Акциянын...

6 - Сентября  2017 | 4 : 17502