Германияда сот тутуму кандай?

24 - Июля  2017 | 5 : 12793
Германияда сот тутуму кандай?

 

Сот тутумундагы пресс-кызматынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германияда жана Страссбург шаарында окуу жана таанышуу сапарына барып келишти.  Андагы сапарда маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пресс-катчысы А.Токтошева баштап барды. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пресс-кызматынын кызматкери А.Алышбаева, Нарын жана Жалал-Абад областынын пресс-катчылары Б.Белеков жана М.Болотов, Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын пресс-катчысы Н.Нурбекова, “Акипресс” маалымат агенттигинин редактору А.Сыдыков, ЭлТР телеканалынын корреспонденти жана оператору Кайрат Кенжебай тегин жана А.Жаналиев, “Марал FM” радиосунун кабарчысы Б.Төрөгелди уулу, Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” проектисинин жетекчиси Стефанос Кареклас жана проекттин эксперти М.Орозобекова, окуу жана таанышуу сапарынын алкагында 2017-жылдын 2-июлунан 7-июлуна чейин Карлсруэ шаарында жайгашкан Германиянын биринчи жана апелляциялык инстанциядагы сотторунда, Федералдык Жогорку Сотунда, Федералдык Конституциялык Сотунда, Федералдык Башкы прокуратурасында болушту.

            Маалым болгондой Германиядагы сот тутумунун башында Федералдык Жогорку Сот (ФЖС) турат, ага жарандык иштер боюнча 11 сенат, кылмыш иштер боюнча 5 сенат жана атайын маселелер боюнча 7 сенат кирет. ФЖСтин кылмыш иштер боюнча ыйгарым укуктарына, жерлердин жогорку сотторунун, сот арачылардын жана жерлердин сотторунун чон палаталарынын  өкүмдөрүнө кассациялык даттанууларды кароо кирет, ошондой эле ФЖС айыптоо жана актоо өкүмдөрүн жаны ачылган жагдайлар боюнча карай алат.  Германияда кассациялык даттанууну ревизия деп аташат экен, соттун чечимдерин ревизия жасоодо мыйзамдардын бузулушу жана туура эмес колдонулушу текшерилет. Ал эми өкүмдүн иш жагдайына ылайык келүү жүйөөлөрү текшерилбейт. ФЖСтин жарандык иштер боюнча ыйгарым укуктарына, жерлердин жогорку сотторунун чечимдерине кассациялык даттанууларды кароо кирет. Кассациялык даттануулар ФЖСтин сенаттары тарабынан каралып, сенаттын курамы ФЖСтин 5 судьясынан турат.

            Жерлердин жогорку сотторун төрагалары жетектейт, ал жерде кылмыш жана жарандык иштер боюнча сенаттар уюштурулуп, ар бир сенаттын төрагалары болот. Биринчи инстанциядагы сот катарында кылмыш иштер боюнча сенат 5 кесипкөй судьялардан куралат. Алар мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык, террористтик акт жана ушул сыяктуу иштерди,  же төмөнкү инстанциядагы сотторго караштуу болгон, бирок резонанстуу,  же татаал деп аныкталган иштерди да карайт. Кассациялык сот катарында, 3 судьядан турган жарандык иштер боюнча сенат төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимдерине жана аныктамаларына даттанууларды карайт экен. 3 судьядан турган кылмыш иштер боюнча сенат участкалык соттордун өкүмдөрүнө кассациялык даттанууларды кароо боюнча сот өндүрүшүн жүргүзүшөт.

            Жерлердин соттору биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор катарында иш алып барат. Жерлердин сотторунун курамында кылмыш жана жарандык иштер боюнча палаталар уюштурулуп, төрагалардын жетекчилиги астында болушат. Жарандык иштер боюнча палаталар 3 кесипкөй судьядан куралып, башчы катарында жерлердин сотторунун төрагасы,  же палатанын төрагасы болот. Татаал эмес иштерди жеке бир  судьянын кароосуна уруксат берилет.

Судьялардын отставка кетүү курагы 65 жаш. Ал эми Федералдык Конституциялык Соттун судьялары 68 жашты түзөт. Судьялардын кызматты ээлөө мөөнөтү төмөндөгүчө: өмүр бою дайындалгандар, белгилүү мөөнөткө дайындалгандар, сынак мөөнөткө дайындалгандар жана тапшырма менен дайындалгандар.

            Мамлекеттик соттордун тутумунда жогорку даражада Федералдык Конституциялык Соту (ФКС) турат, ал Карлсруэ шаарында жайгашкан. Ага ФКСтин 8 судьядан турган эки сенат кирет. Биринчи сенатты жана жалпы сотту төрагасы жетектейт,  ал эми экинчи сенатты вице-төрага башкарат. ФКС Контитуциянын маанисин түшүндүрүүдө жаралган талаш-тартыштарды, ошондой эле Конституция менен Германиянын жерлердин бийлиги тарабынан кабыл алынган мыйзамдарынын карама-каршылыктарынан пайда болгон талаш-тартыштарды карап, чечет.  

            Делегация Франциянын Страсбург шаарында жайгашкан Адам укуктары боюнча Европалык сотто (АУЕС) да болушту. Адам укуктары боюнча Европалык сот 47 судьядан куралган. Соттордун саны Конвенцияга кошулган мамлекеттердин санына барабар. АУЕСтин судьялары Европа Кенешинин парламенттик ассамблеясы тарабынан, мамлекеттер тарабынан берилген 3 талапкерден турган тизмеден тандалып, дайындалышат. Алар 9 жылга тандалышат жана кайра дайындалбайт. АУЕСтин көмөк көрсөтүү органы бар, ал АУЕСтин Секретариаты деп аталат. Секретариатка юристтер, административдик жана техникалык персонал, котомочулар киришет. АУЕСтин юрисдикциясы жана ыйгарым укуктары Конвенцияга кошулган мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп эсептелинет. АУЕСке келген даттануулар биринчи эле Секретариат тарабынан каралат. Андан кийин жеке бир судья, 3 судьядан турган Комитетте, 7 судьядан турган Палатада, же 17 судьядан турган Чон Палатада каралып, чечилет.

            Сапарды улантып,   делегация Страсбург шаарында жайгашкан Европалык Парламентке барды. Европалык Парламент – бул Европа Кенешинин мыйзам чыгаруучу, өкүлчүлүк органы болуп эсептелинип, Европа Биримдигинин мамлекеттеринин жарандарын атынан депутаттардын жыйыны. Шайлоо ар бир 5 жылда жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Европарламентте 785 депутат бар. Депутаттар түз, жалпы шайлоо менен тандалышат. Депутаттардын саны Европа Биримдигинин мамлекеттеринин арасынан бөлүшүтүрүлүп, ар мамлекеттин элдеринин санына жараша пропорционалдуу мандаттар бөлүштүрүлгөн. Европарламент өз алдынча төрагасын 2,5 жылга шайлайт. Европарламенттин отурумдары Страссбург шаарында өтөт.

            Окуу жана таанышуу сапарды улай, делегация Германиянын Федералдык коомдук телеканал ZDFке визит жасады. ZDF Германиянын жалпы улуттук төрт телеканалынын бири, ал эң ири жана рейтинги жогору ММКлардын катарына кирет . Телеканалдын офиси Германиянын Майнц шаарында жайгашкан. ZDFтин өкүлдөрү телеканалдын түзүлүшү, иш алып баруусу жана сот органдары менен иштешүүсү тууралуу айтып беришти.

Андан кийин алар резонанстуу сот иштерин чагылдырууга байланышкан жеке тажрыйбалары жана кызыктуу окуялары менен меймандар менен бөлүшүштү. Иш-чаранын акырында меймандарга телеканалдын имаратында жана территориясында экскурсия өткөрүп беришти.

            Бул сапар Европа Биримдигиннин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү”(Promotion of the rule of law in the Kyrgyz Republiс) долбоорунун колдоосу менен ишке ашты.

         

    Жалал-Абад областтык сотунун пресс-кызматы.

 

                                                           

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ич жылыган ийги иштер Ич жылыган ийги иштер

  Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун алыскы айыл аймактарында болуп, жергиликтүү калктын үнүн угуп кайтты. Чек арага чектеш...

29 - Мая  2018 | 4 : 29170
Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 22282
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 47314
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 34140
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 52284
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 44203
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18298