Дин комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Жалал-Абад казыятынын кызматкерлери менен жолугушту

3 - Августа  2017 | 5 : 2506
Дин комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Жалал-Абад казыятынын кызматкерлери менен жолугушту

 

 

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Камалович, ДИМКтин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаевич Жалал-Абад казыятынын жалпы кызматкерлери менен жолугушту. Дин комиссиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун алкагында ынтымак, биримдик, жоолук, дааватты КМДБ тарабынан чыгарылган жобонун негизинде жүргүзүү,  Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, жума намазын өз убагында окуу, мыйзамдарды сыйлоо, тыюу салынган уюмдар тууралуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун акырында дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Камалович  “Ислам дининдеги мазхабдар, агымдар жана Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар тууралуу маалыматтар” аттуу китеп менен тааныштырып, кыскача түшүнүк берип, казыят кызматкерлерине таратты.

Эске салсак, “Ислам дининдеги мазхабдар, агымдар жана кыргызстанда тыюу салынган уюмдар тууралуу маалыматтар” аттуу китептин авторолору жана түзүүчүлөрү Самиев М.С. жана И.К.Мурзабеков тарабынан  КР Президентинин 2017-жылды “Ыйман,адеп жана маданият” жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгын аткаруу алкагында даярдалып, жаштардын исламды тутунууда адашпастан, туура жолду кармануусуна жардамдашууга багытталып, ыйман, адеп-ахлак, ислам дини, андагы акыйда-ишеним, фыкх(укук), амал боюнча келип чыккан мазхабдар жана агымдар, КР ишмердүүлүгүнө тыюу салынган айрым исламды чүмбөт кылган экстеремисттик жана террористтик уюмдар тууралуу маалыматтар камтылган.

Жалал-Абад казыяты Пресса бөлүмү

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин... Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин...

    Коргоо кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак...

23 - Ноября  2017 | 6 : 31256
Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында шаар бийликтери тарабынан “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” аталышындагы экстремисттик идеяларга, көз караштар менен аракеттерге каршы бир айлык жүрүп жатат. Ал 6-ноябрда...

20 - Ноября  2017 | 8 : 34380
Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим... Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим...

              Жалал-абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагындагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу иш...

20 - Ноября  2017 | 8 : 40292
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты... Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты...

     Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түштүк аймактык ажы-умра боюнча өкүлү, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ажылык иштерин уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп,...

19 - Сентября  2017 | 12 : 26847
Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди

       Майлуу-Суу шаарында Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элестерине багышталып Куран окулуп,  эстелик алдына гүлчамбар коюлуп, курман болгон мекендештерибиздин  жакындарына көңүл...

19 - Сентября  2017 | 12 : 30589
Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен... Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен...

  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты маалыматтуулукту кеңейтүү максатында облус казысы Закиров Абдулазиз карынын тапшырмасы менен  Жалал-Абад казыятынын маалымат кызматы облус аймагындагы...

7 - Сентября  2017 | 3 : 32704
Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө... Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө...

    Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен турмуш-шарты оор 40 үй-бүлөгө кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, бөбөктөр кийим-кечелүү болушту.  Акциянын...

6 - Сентября  2017 | 4 : 17502