“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

3 - Августа  2017 | 5 : 29635
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

 

 

 

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:

 

Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында турган Жалал-Абад дубанында алты ай кандай жыйынтыкталды? Пландык көрсөткүчтөр аткарылдыбы, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү кандай? Мына ушул сыяктуу суроолорго өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев  жооп берди.

 

- Кыянбек  Урмаматович, алгач облуста жасалып жаткан жумуштарга токтоло кетсеңиз. Биринчи жарым жылдыкты кандай жыйынтыктадыңыздар?

- Областта биринчи жарым жылдыкта пландалган көрсөткүчтөр жакшы болдум десем болот. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана облустук мекеме-уюмдар менен биргеликте бир топ жумуштар жүрүп, жакшы жыйынтыктар менен чыга алдык. Статистикалык маалыматтарга карай турган болсок, алты ай аралыгында өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 139,8%га аткарылды. Ошондой эле, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси- 104,1%, негизги капиталга инвестицияларды тартуу- 141,2%, автотранспорт менен жүк ташуу- 104,7%, жүргүнчүлөрдү ташуу- 102,7%, рыноктук кызматтардын көлөмү- 111%, чекене товар жүгүртүү- 105,9%, акылуу кызмат көрсөтүү -104,6%га камсыздалган.

2017-жылдын январь-июнь айларында облус боюнча 5 млрд. 918 млн. сомдук капиталдык инвестициялар тартылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жакшырганын кабар берип турат. Салык төлөмдөрүнүн план божомолу- 102,2%га, бажы төлөмдөрүнүн планы- 105,1%га аткарылды.

Дубанда ишканаларды ачуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү да негизги максаттарыбыздын бири болду. Жыл башынан  бери  59  жаңы ишкана ишке киргизилди, алардын ишкер берилүүсү менен жалпысынан 286 жумуш орду түзүлдү.  Мындайча айтканда бизде жылыштар бар, көрсөткүчтөрүбүз жаман эмес.

 

-Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Европага жасаган иш сапарында өлкөнү өнүктүрүүгө биримдик бөлүүчү каражаттын 10 млн евросу Жалал-Абад дубанына бериле турганы айтылды эле. Бул каражат бөлүнөйүн дейби?

- Туура, өлкө башчыбыз Европага жасаган иш сапарында Евробиримдик менен каржылык келишимдерге кол койгон.  Анда, аймактарды өнүктүрүү багыты да эске алынган. Бизге таза суу системасын өнүктүрүүгө берилүүчү Евробиримдик тарабынан бөлүнө турган 10 млн. евро каражат боюнча Архитектура,  курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ичүүчү таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды бөлүштүрүү департаменти иш жүргүзүп жатат. Тактап айтканда, Евробиримдикке кат жөнөтүлүп,  техникалык документтер даярдалууда. Биз да жакшы  үмүт тилек менен жүзөгө ашат деп күтүп жатабыз.

 

- Калкты таза суу менен камсыздоо үчүн жасалып жаткан аракеттерге канааттанууга болобу?

- Биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири-калкты таза суу менен камсыздоо. Дал ушул таза сууга болгон муктаждыкты жоюу үчүн болгон күчтү жумшап жатабыз. Област аймагындагы  441 калктуу конуштун  ичинен 297 калктуу конушта ичүүчү суу системалары бар, камсыздалышы 67,3%ды түзөт. Калктын ичүүчү сууга болгон муктаждыгын жоюу үчүн  атайын  тынымсыз  долбоорлор жазылып, колдоо тапкан долбоорлордун негизинде бир катар айылдарга суу жетип жатат. Мисалга ала турган болсок,  Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунда Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районундагы жумуштарды айтууга болот. Бул аймактарда калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын реаблитациялоо долбоору боюнча курулуш иштери толук бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилди. Бул ири долбоордун баасы Жалал-Абад шаарында  9,550 млн. долларды, Базар-Коргон айылында 4,450 млн. доллар каражатты түздү. Европалык реконструкциялоо өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы Жалал-Абад шаарынын ичүүчү суу жана канализация системасын реабилитациялоо боюнча 8,2 млн. евролук долбоор турмушка ашырылууда. Европалык реконструкциялоо өнүктүрүү банкынын каржылоосунун алкагында Токтогул шаарынын ичүүчү суу системасын реабилитациялоо боюнча 5,2 млн. евролук долбоор жүзөгө ашканы турат.

Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда Аксы районунун Кербен шаарындагы ичүүчү суу системасын реабилитациялоо үчүн 4 млн. долларлык долбоор каралган. Азыркы учурда техника-экономикалык шарттар түзүлүп, ратификацияланып, иш башталууда.

Быйылкы жылы Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу облуста 24 айылды камтыган  1 млрд. сомдук ичүүчү суу системасын реабилитациялоо боюнча долбоор ишке ашырылганы турат. Мына ушул пландар жүзөгө ашып калса, бир топ аймактарда таза сууга болгон муктаждыкты чечип алган болот элек.

- Учурунда Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп иштедиңиз эле. Ал шаардын таза сууга болгон муктаждыгын өзүңүз жакшы түшүнөсүз дегендей. Област жетекчиси катары  шаардыктардын маселесин чечүү үчүн кандай аракет жасап жатасыз?

- Туура, шаардыктардын көйгөйүн жакшы түшүнөм жана билем. Жогорку Кеңеште депутат болуп турганымда да шаардыктардын маселесин көтөрүп, ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо боюнча долбоорго киргизүү боюнча аракет жасалган эле. Дал ушул шаардын суу системаларын реаблитациялоо үчүн Европалык реконструкциялоо өнүктүрүү банкы тарабынан 7,2 млн. евролук долбоор каралган. Бул боюнча Өкмөттүн 2017-жылдын 10-майындагы №146-б буйругу чыккан жана иш башталуунун алдында турат.

 

- Калк саламаттыгы да эң маанилүү да. Ишмердүүлүгүңүздө саламаттыкты сактоо тармагын приоритеттүү багыт катары койгон элеңиз. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатат?

- Мен жумуш баштаганда эле айрым ооруканалардан кабар алуудан баштагам, колдон келишинче жардам берип жатабыз. Бул тармакта оорукананын мекеме жетекчилери, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан медициналык жабдууларды жакшыртуу багытында жакшы эле аракеттери көрүлүп жатат, биз да айрым ооруканаларга өтө муктаж болгон жабдыктарды алуу үчүн каражат ажыратып берүүдөбүз. Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн операциялык блогун оңдоо зарылдыгы боюнча кайрылуу болгондуктан, биз тарап 100 миң сом  бөлүп бердик. Ал каражатка жетекчилиги суранган блок оңдоодон өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык кардиохирургия илимий борбордун имаратын иштетип алсак, жүрөккө операция жасаткан бейтаптардын маселесин чечкен болобуз. Былтыркы жылы ангиография бөлүмүнүн оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн марафон өткөрүлүп,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, облустук мекеме-уюмдардын колдоолору менен  жалпы 3,500 миң сом  чогултулуп,  учурда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Областтык төрөт үйүн оңдоого - 3,5 млн. сом, балдар бөлүмүнө - 4 млн. сом, Ала-Бука райондук аймактык оорукананын төрөт жана балдар бөлүмдөрүн оңдоого 60 миң евро  ЮНИСЕФ уюму тарабынан бөлүнүп,  капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, Чаткал, Базар-Коргон жана Токтогул райондорундагы төрөт бөлүмдөрүндө оңдоп-түзөө жумуштары колго алынды.

2017-жылдан апрель айында Германия мамлекетинин колдоосу менен  облустук клиникалык ооруканада ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн 2 кабаттуу имаратынын курулушу башталып, жумуш кызуу жүрүүдө. Калктын саламаттыгын жакшыртуу багытында жакшы жылыштар болуп жатат.

- Россиянын «Газпром» ишканасы тарабынан Жалал-Абад облусуна ден соолукту чыңдоочу спорттук комплексти куруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Бул маселе кандай чечилип жатат?

- Өзүңүздөргө маалым болгондой, «Газпром» ишканасы тарабынан  дубандарга бирден заманбап спорт комплекстер, имараттар курулуп жатат. Биз да аталган ишкананын  жардамында заманбап спорт комплекс курдуруп калуунун аракетин көрүп жатабыз.  Жалал-Абад шаарынын борборунда жайгашкан мурдагы консерва заводунун аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча Мамлекеттик мүлк фондусу менен макулдашылып, «Газпром» ЖЧКга сунушталды. Мындан сырткары, муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча кагаз иштери даярдалууда. Пландар жүзөгө ашып калса, ал жерге заманбап спорт комплекс курулат.

 

- Жакында иш сапар менен Кытай Эл Республикасына барып келдиңиз. Кытай тарап менен Жалал-Абад облусунун экономикасын көтөрүү боюнча кандай келишимдер түзүлдү?

 

- Жалал-Абад облусу менен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусунун ортосунда соода-экономика, тарыхый-маданий, медициналык жана башка  кызматташтыкты арттыруу максатында облусубуздун атайын делегациясы менин жетекчилигим менен барып келди. Иш сапар Кытай тараптын чакыруусунун негизинде уюштурулуп, расмий жана бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп, кызматташуу үстүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, Жалал-Абад облусу менен Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун ортосунда кызматташуу, Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасы менен ал жактын облустук ооруканасынын ортосунда кызматташуу, Жалал-Абад медициналык колледжи менен Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусунун медициналык колледжинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Меморандумдар эки өлкөнүн региондору, бизнес өкүлдөрү ортосунда жүргүзүлүп жаткан иштерди мындан ары да өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем.

 

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алыскы райондорго болгон расмий иш сапарынын алкагында бир катар маселелерди чечүүгө жардам бере турганын айтып кетти.  Ошол колдоо туурасында айта кетсеңиз.

- Жалпыңыздарга маалым болгондой, премьер-министр Жалал-Абад шаарына болгон иш сапарында шаар боюнча алдын ала даярдалган 236,7 млн. сомдук долбоорлордун аткарылышына көмөк көрсөтө турганын билдирген. Учурда Жалал-Абад шаарындагы Октябрь, Шерматов, Барпы сейил, Кыргыз Республикасы, Токтогул көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча тендер жарыяланды. Бул көчөлөрдү асфальттоого республикалык бюджеттен 85,0 млн. сом бөлүнгөн. Тендер аяктары менен асфальттоо иштери башталат. Ошондой эле, № 6- мектептин  курулуш иштерине 2017-жылга 11 млн. сом каралып, курулуш иштери жүрүүдө. Учурда  Төш-Кутчу–Тайгараев айылдарын бириктирүүчү 3 км жолду асфальттоо иштери аяктоо алдында турат.

Премьер-министр Тогуз-Торо районуна жасаган иш сапарында да бир топ маселелерди жеринде көрүп чыгып,  жардам берилерин билдирди. Атап айтсак, Көк-Ирим айыл аймагында сугат аянттарын көбөйтүү үчүн Ак-Талаа каналынын башкы курулмасын оңдоо иштерин жүргүзүүгө 3 млн. сом, Казарман айылындагы райондук жалпы дарыгерлер борборунун имаратына чатыр жабуу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 12,5 млн. сом  бөлүп бермей болду.

Ошондой эле, 2017-жылдын титулунан сырткары кошумча 12 млн. сом  бөлүп берүү менен Тогуз-Торо айыл аймагынын Дөдөмөл айылындагы Азаматов Калдыбай атындагы жаңы курулуп жаткан жалпы билим берүүчү орто мектептин, Арал айылындагы Бейше Рүстөмбеков атындагы орто мектептин курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жардам бериле турганын айтып кетти. Жакында эле Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон райондорунда да жумушчу сапары менен болуп, бир катар маселелерди чечип бермей болду.

Токтогул районундагы сапарында Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал айылындагы Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратын курууну, Кара-Суу айылындагы Казатов орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун улантууну 2018-жылдын планына киргизүүнү тийиштүү өкүлдөргө табыштады. Торкент айылдык аймагынын Көтөрмө айылындагы курулуш иштери токтоп калган К.Чокоев атындагы орто мектебинин курулуш ишин аягына чыгарууга, райондук маданият үйүн оңдоп-түзөөгө мамлекеттен акча каражатын бөлүүгө көмөк көрсөтмөй болду.

Чаткал районуна жасаган жумуш сапарында Каныш-Кыя – Кировка унаа жолунун көчкү жүрүү коркунучу бар 16 чакырымын курууга, Каныш-Кыядагы К.Акназаров атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун баштоого, жаштар үчүн спорт комплексин курууга колдоо көрсөтө турган болду. Ала-Бука районунда Орток-Бел массивинде суу чыгаруу боюнча долбоорду республикалык ирригациялык планга киргизүүгө, Ала-Бука – Шекафтар унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоого, Ак-Коргон айыл аймагындагы Падек айылында курулуп жаткан Жоробаев атындагы мектеп имаратынын курулушун аягына чыгарууга колдоо көрсөтөрүн билдирди. Мындан сырткары, Сафед-Булан тарыхый мемориалдык комплексин оңдоо үчүн акча каражат бөлүп бермей болду. Аксы районунда да бир катар маселе жараткан обьектилерди карап чыгып, оң тарапка чечип берди. Өзүңүздөр көргөндөй, Өкмөт тараптан бир катар маселелер чечилип жатат.

 

- Жаз мезгилинде кооптуу аймактан көчүрүлгөндөргө жер тилке бериле баштаганы айтылууда. Деги эле жер тилкелер кайсыл аймактарда берилүүдө?

- Дубанда  1994-жылдан 2017-жылга чейин табигый жана техногендик кырсыктардан жабыр тартып, көчүрүүгө сунушталган 3305 үй-бүлө бар. Анын ичинен 476 үй-бүлө мамлекеттик жардамдарды алган эмес жана көчө элек. Ал эми, 1021 үй-бүлө мамлекеттен жардам алганы менен кайрадан кооптуу болгон эски ордуларына барып алып, жашап жатышат. Жалпы 1497  үй-бүлө көчүрүлгөн эмес.

Быйыл өзгөчө кырдаалдар көп катталып, жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган жашоочуларга тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрдү. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик тарабынан 525 үй-бүлө убактылуу коопсуз аймакка көчүрүлдү. Кооптуу аймакта жашоо кечирип жаткан жарандарды көчүрүү, жер тилкелерин берүү да акырындык менен колго алынып жатат.

Былтыркы жылдын апрель айында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынан жер көчкү кооптуулугунан улам 143 үй-бүлө көчүрүлүп, Көк-Булак тилкесинен 35 га жер аянты 300 жаранга берилген. Учурда турак жайларды куруп жатышат. Аксы районунда 2016-жылы селден жабыркаган 50 жаранга 10 га жер аянты бөлүнүп берилген. Ал эми быйылкы жылы Базар-Коргон районунун Могол, Арстанбап, Талды-Булак, Кызыл-Үңкүр жана Кеңеш айыл өкмөттөрүнөн кооптуу жерде жашаган 430 үй-бүлөгө жер көчкү коркунучу жаралып, 51 үй-бүлө убактылуу көчүрүлгөн. Учурда Ноокен районунун Арал айыл аймагына караштуу Живпром аймагынан турак жай курууга биринчи кезекте көчүрүлүүчү 180 үй-бүлөгө 18 гектар жер тилкелери берилүүдө. Сузак айыл аймагына караштуу Кыр-Жол айылынан жер көчкү коркунучунан 81 үй-бүлөнү көчүрүү үчүн Каркыра-Мисте тилкесинен 20 га, Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча Көк-Булак айылынан 360 үй-бүлөгө 40 гектар, Жашасын айылынан 10 гектар жер аянты трансформацияга даярдалууда. Көк-Арт айыл аймагы боюнча  Жалгыз-Жаңгак айылынын кооптуу жерлеринен көчүрүлгөн  21 үй-бүлөгө кайрак жерден 10,4 гектар, калктуу конуштагы башка жерлерден 6 га жер бөлүнгөнү жатат. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн  Сары-Булак айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга  Кашка-Терек айылынын Аэропорт участкасынан  63 үй-бүлөгө 11 га жер аянты даярдалып, 20 үй-бүлөгө жер берилип, 8 жаран пайдубалын куюп бүтүштү.

Майлуу-Суу шаарынын жер көчкүдөн көчүрүлүп, турак жай курууга муктаж 100 жашоочусуна Көк-Таш айылынан жер тилкелер бөлүнүп баштады. Ал эми 6 жаранга Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынан жер тилкелер каралууда. Токтогул району боюнча Толук айыл аймагынын Ак-Терек участкасында 8 турак жайга жер көчкү коркунучу жаралып, ӨКМ тарабынан жашоочуларды көчүрүү чечими чыгарылган. Учурда айыл аймактан ылайыктуу жер тилкеси каралууда. Област боюнча жалпы 1132 үй-бүлө жер тилкесине муктаж болсо, учурда 882 үй-бүлөгө жер берилип жатат.

Кооптуу жайлардан көчүрүлгөн турак жайлардын ордуна курулуш курууга тыюу салынат жана жашоочулар көчүп чыккандан кийин турак жайлар бузулат.

- Быйыл Жалал-Абад облусунда өзгөчө кырдаал көп катталды. Табигый кырсыктарды алдын алуу  үчүн кандай иштер жүрүүдө?

- Быйылкы жылы облуста өзгөчө кырдаал үч эсеге көп катталды. Алты ай аралыгында эле 142 өзгөчө кырдаал катталып, 7 жаран каза болгон. Жалпы материалдык зыян 99 млн. 215 миң сомду түзгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан биргеликте калкты жана аймактарды сел, суу ташкыны, жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү, жер көчкү коркунучтарынан жана табийгаттын башка кырсыктарынан коргоо үчүн өткөрүлүүчү иш-чараларга 59 обьект, кошумча 32 обьект кирген. Учурда 71 обьектиде иш-чаралар жүргүзүлүп, 51 обьектиде жумуш аяктап, 15 обьектиде жумуш улантылууда, 5 обьектиде суунун көптүгүнөн жумуш токтоп турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облуска 4644 даана габион торчосу, 62575 литр дизелдик күйүүчү май, 228250 кг цемент, 23414 кг арматура, 40 метр темир түтүкчө, 1288 даана шифер жергиликтүү бийликке бөлүнүп, жээк бекемдөө иштери аткарылууда. Андан сырткары, Көк-Арт, Кара-Үңкүр, Кара-Дарыя дарыяларында жээк бекемдөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, өзгөчө кырдаалды алдын алуу үчүн алгылыктуу жумуштар улантылууда.

 

Маектешкен:  Жумагүл ШАЙЫКОВА.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 31274
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35290
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47445
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43460
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47325
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16323
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52610