Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

14 - Августа  2017 | 11 : 34832
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

 

 

           Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар аймактарында атайын иш чаралар өткөрүлүп келет. Бул ирет Базар-Коргон районунун кооз уникалдуу  токой байлыктары, шаркыратмасы менен бүткүл дүйнөгө таанылган Арстанбап аймагында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин демилгеси менен “Алыш” күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү.

          Ачылуу аземинде сөз алган өкүл: -Спорт – бул сергек жашоонун негизи, улуттар арасындагы биримдиктин, достуктун, ынтымактуулуктун белгиси. Дагы да бекем ынтымактыкты, жогорку маданиятты көргөзөлү деп, атайын уюштуруп жатабыз. Бул иш чарага алыс-жакындан келген элибизди, конокторубузду куттуктап, ыраазычылык айтабыз-деген ыйгарымдуу өкүл мелдештин катышуучуларына, калыстарга ийгиликтерди каалап, чыныгы мырзачылыктын жогорку маданиятын, достукту далилдеп көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле улуттук алыш күрөшүн негиздеген Баяман Эркинбаев, Ибрагим Узаков деген чыгаандардын атын атаса, аталган күрөш боюнча кыргыздын желегин чет мамлекетке тааныткан азаматтардын да даректерине токтолду. Андан соң катышуучуларга ийгилик каалап, алгач аймактын ардагерлерине сый көрсөтүүдөн, ак калпак, чепкен кийгизүүдөн баштады.

 

        Аталган иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдилла Нышанов, Музафар Исаков, Тазабек Икрамов, Таалай Масабировдор катышып, оюндун жүрүшүндө өздөрүнүн кызыктыруучу салымдарын кошуп жатышты.

         Мелдешке жалпысынан 389 балбан катышты. Анын негизгилерин  70тен 90го чейинки салмактагылар түздү.

 

 

Натыйжада 70 кг салмактагылардын ичинен Араван районунан келген балбан Бурканбеков Алибек, 80 кг салмактагылардын ичинен Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын балбаны Хабибуллаев Куштарбек, оор салмактагылардын ичинен Чаткал Районунун Каныш-Кыя айылынын балбаны  Молдотаев Бакыт баш байгени багындырышып, ар бири тулпарлуу болушуп, алтын медалдар, дипломдор менен сыйланышты. Ал эми экинчи орунду жеңгендер 30 миң сомдон акчалай сыйлык, күмүш медаль, диплом менен сыйланышты. Үчүнчү орунду уткандар болсо 20 миң сомдон акчалай сыйлык, коло медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

 

 

Мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлүп, көрүүчүлөрдү кубандырды. Негизинен бул иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыктар арбын болду.   

 

Эскерте кетсек, “Алыш” күрөшү боюнча эл аралык федерация 2002-жылы негизделип, кырктан ашуун мамлекетте атайын федерациялары түзүлгөн.

 

 

Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 47148
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл “Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

      АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл...

18 - Апреля  2017 | 4 : 25583
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган... Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган...

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу...

27 - Марта  2017 | 8 : 51381
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30489
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

    Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу...

6 - Февраля  2017 | 7 : 291081
Спортчулардын ийгилиги Спортчулардын ийгилиги

   Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды...

3 - Февраля  2017 | 11 : 36700
Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту Спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, Байгелуу орундарды...

5 - Января  2017 | 10 : 54670