Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат

16 - Августа  2017 | 3 : 1226
Жалал-Абадда эгемендик майрамына карата кату даярдыктар жүрүп жатат

 

 

Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясында майрамдык иш-чараларды даярдоо боюнча мэрдин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов атайын буйрукка кол коюп, 32 кишиден турган майрамды уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Ага шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү киришкен.

Шаар мэринин биринчи орун басары Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаардын бир катар аймактарында шаардыктар үчүн майрамдык шаан-шөкөттөр, спорттук иш-чаралар уюштурулат.

-Эгемендиктин 26 жылдыгына карата шаарыбыздын борбордук “Эркиндик” аянтында, Барпы атындагы драма театрынын адындагы аянтта, Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарында шаардыктар үчүн майрамдык сейилдөөлөр, концерттер, спорттук жана башка маданий иш-чаралар уюштурулмакчы. Шаардыктар ордо, шахмат, футбол, күрөш, таш көтөрүү, теннис, баскетбол, аркан тартуу оюндарына катыша алышат. Эң башкысы, биз майрамдоо учурунда шаардыктардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо чараларын көрөбүз, - дейт ал.

Шаар мэриясында шаардык кеңештин депутаттары быйылкы жылдын бюджетин али күнгө чейин бекитип бербей, майрам өткөрүүгө каражат бөлүнбөгөнүнө карабастан жергиликтүү бийликтер шаардыктардын көңүлдүү майрамдшаны камсыз кылышарын билдиришти.

  

Элиза Капарова

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган 2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) шаршембиде 2017-жылы кылмыш куугунтуктоосуна 262 журналист кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтуктоолорго биринчи кезекте...

14 - Декабря  2017 | 4 : 202
Жаңгак фестивалы Арсанбапта Жаңгак фестивалы Арсанбапта

  Акыркы төрт жылдан бери жаңгак фестивалы бир топ ийгиликтерди ачыкка чыгарып жаткан учур. Тактап айтканда, акыркы учурда жаңгак өсүмдүгүнүн сапатын арттыруу, анын мөмөсүн сыртка экспорттоо колго алынып,...

8 - Ноября  2017 | 9 : 1053
УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН... УЛУУБРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН...

  Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул...

21 - Августа  2017 | 4 : 46287
Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда Өнөр жай продукциясынын көлөмү артууда

    Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,2 пайызды түздү. Бул тууралуу шаар...

17 - Августа  2017 | 3 : 47275
Германияда сот тутуму кандай? Германияда сот тутуму кандай?

  Сот тутумундагы пресс-кызматынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германияда жана Страссбург шаарында окуу жана таанышуу сапарына барып келишти.  Андагы сапарда маалымат каражаттарынын...

24 - Июля  2017 | 5 : 12383
Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда Кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда

    Жалал-Абад областында кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ)...

22 - Июня  2017 | 10 : 22678
Балдар кайда эс алышат? Балдар кайда эс алышат?

      Мектептер убактылуу каалгасын жапты. Окуучулар болсо, жайкы каникулга таркашты. Айылдык балдар  болсо, эртели кеч ата-энелерине “кол-бут” болуп, чарбалык иштерине жардам беришет, жайлоодо...

8 - Июня  2017 | 11 : 361071