Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат- сааттан ашык кубаттуулук үнөмдөлдү

28 - Августа  2017 | 4 : 20282
Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат- сааттан ашык кубаттуулук үнөмдөлдү

 

 

Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасы (ЖЖЧЭТИ) аркылуу өлкөнүн бардык тарабына электр кубаты тарайт. Себеби, Суу-электр станцияларынан иштелип чыккан электр кубаты жогорку чыңалуудагы чубалгылар аркылуу чаратапка кетет. Аларды тейлөө, дайыма оң абалда иштетүү, электр кубатынын үзгүлтүксүз өтүп турушун камсыздоо – биздин милдет.

Үстүбүздөгү жылдын 7 айынын ичинде биздин ишкана бир катар иштерди жүзөгө ашырды. Электр энергиясын келип түшүү планы 6 миллиард 312 миллион 294,5 миң кВт/саат болсо, факт жүзүндө 6 миллиард 946 миллион 576 миң кВт саат келип түшкөн. Анын ичинен Өзбекстан Республикасына 3 миллиард 39 миллион 550,5 миң кВт/саат өткөрүү керек болсо, 3 миллиард 678 миллион 993,675 миң кВт/саат өткөрүлгөн. Пландын аткарылышы 119 пайызды түздү. Ош ЖЧЭТИге пландагы 986 миллион 500 миң 749 кВт/сааттын ордуна 1 миллиард 40 миллион 753, 637 миң кВт/саат электр энергиясы берилип, 105,5 пайызга аткарылды. “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна пландагы 922 миллион 717,225 миң кВт/саат электр энергиясынын ордуна 942 миллион 820, 845 миң кВт/саат электр энергиясын өткөрүп, 102,1 пайызга аткарылды. Чүй ЖЧЭТИге пландагы 1 миллиард 80 миллион 875 миң кВт/саат электр энергиясы өткөрүп берилди.

Пландагы техникалык жоготуу 163 миллион 244,556 миң кВт/саат же 2,35 пайызды түзүшү керек болсо, жоготууларды азайтуу иш-чаралары аркылуу техникалык жоготуу 158 миллион 204,166 миң кВт/саат же 2,28 пайыз болуп, 5 милион 40,390 миң кВт/саат электр энергиясы үнөмдөлдү.

Чыңалуусу 220-550 кВ аба чубалгыларын, көмөк чордондорду оңдоп-түзөө жана иштетүү максатында ишкана боюнча 47 катардан турган иш-чаралары иштелип чыгып, 1-августка карата 16 катары аткарылып, калган 31 катары август, сентябрь октябрь айларында аткарылмакчы.

Бизде оңдоп-түзөө иштерине көп көңүл бурулду. Жети ай ичинде капиталдык оңдоп-түзөө планы 6 миллион 646,1 миң сом көлөмдө болсо, 4 миллион 920,5 миң сомго аткарылып, 74 пайызды түздү. Пландагы 220 даана көмөк чордон жабдууларынын ордуна 224 жана пландагы 32 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы оңдолгон. Чыңалуусу 220/110/10 кВ “Торобаев” көмөк чордонунда кубаттуулугу 125,0 МВА АТ-1 автотрансформатору 1 миллион 194 миң 400,77 сомдук капиталдык оңдоодөн өттү. Анын ичинде 512 миң 661,8 сомдук катардагы иштер аткарылды.

Күнүмдүк оңдоп-түзөө иштери пландагы 26 миллион 111,3 миң сомдун ордуна, 20 миллион 244 миң сомго аткарылды же 77,5 пайызды түздү. Ошонун ичинде пландагы 1340 даана көмөк чордондордун жабдууларынын ордуна 1380 жана пландагы 535 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы  оңдолгон. Аткарылбаган себеби - “КУЭТ” ААК тарабынан материалдардын өз убагында жана толук көлөмдө жеткирилбей калышы, тендердик сатып алууда наркынын айырмасы болгондугу.

Авариялык калыбына келтирүү иштери 7 айдын ичинде 377,4 миң сомго аткарылды.

Суу каптоого каршы иш чаралар пландагы 261,7 миң сомдун 183,8 миң сомдук иш аткарылды.

Атайын жумуштар (аба чубалгыларына баруучу жолдорду оңдоо) пландагы 662,2 миң сомдун  503,9 миң сому аткарылды.

Капиталдык курулуш багыты боюнча 7 айга акча каражатын өздөштүрүү 22 миллион 634,7 миң сом пландаштырылган, факт жүзүндө капиталдык салымдар 25 миллион 922,1 миң сом өздөштүрүлдү жана аткарылышы 114,5 пайызды түздү.

“Энергетика секторун өнүктүрүү” проектиси боюнча Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 220-110 көмөк чордондорунда вентильный разрядниктерди (РВС) ашыкча чыңалуудан чектөөчүлөргө (ОПН) алмаштыруу иштери аткарылды. Ал эми 110/35/10 кВ “Токтогул” көмөк чордонунда 2 даана байланыш конденсаторун алмаштыруу иши,

110 кВ “Таш-Көмүр-Караван” аба чубалгысын 6,22 чакырым узундуктагы бөлүгүн Өзбекстан Республикасынын аймагынан алып чыгуу иши аяктады. Бул жумуш “Мехколонна КЭСС” ЖЧК тарабынан 6 миллион 498,6 миң сомго аткарылды.

 Үстүбүздөгү жыдын IV кварталында бүткөрүлүүчү жумуштар аткарылууда. Мисалы, Ноокен районунда 110/6 кВ “50-лет Октября” көмөк чордонун калыбына келтирүү; 110 кВ “Үрүм-Баш-Жетиген” аба чубалгысында “МОП Максат” ЖЧК тарабынан №30-141 мамычалар арасында АЖ-120 зымын АС-120/19 зымына алмаштыруу иштери. Ошондой эле 110/35/6 кВ “Шамалды-Сай” көмөк чордонунда “Ак-Моло” ЖЧК тарабынан кезметчилер үчүн бөлмө куруу иши ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.

Жылдын аягына чейин “Энергетика секторун өнүктүрүү” долбоору боюнча Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 220/110/35/10 кВ көмөк чордондорунда АИИСКУЭ эсептегичтерин Түркия кесипчилери орнотуу каралган. Сентябрь айына ишкана боюнча 141 миң 161 сом капиталдык оңдоо, 482 миң 322 сом күнүмдүк оңдоо иштери пландаштырылган. Көмөк чордондордун 14 даана жабдуусу капиталдык оңдоодон, 149 даана жабдуусу күнүмдүк оңдоодон өтөт. Анан да 101 чакырым аба чубалгысы күнүмдүк оңдоодон өтөт.

Алдыда күз, кыш келатат. Өлкөнүн бардык керектөөчүлөрүнө электр кубаты үзгүлтүсүз берилиши зарыл. Аны үчүн электр жабдуулары даяр болушу ылаазым. Биз ушул жагынан тынымсыз иштерди алып баруудабыз. Буюрса, кышка карата мыкты даярдыктарды камсыз кылабыз.

 

Асылбек МАШРАПОВ,

Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр

тармактары ишканасынын директору.

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сатылбаган электр лампасы эсти алды Сатылбаган электр лампасы эсти алды

    Майлуу- Суу шаарынын жергиликтүү бюджети 103 пайызга аткарылган.  Бирок, республикалык бюджет  97 пайыз гана болуп калды. Эмне үчүн?.. Албетте, салыктарды толтурууда жергиликтүү салык...

6 - Февраля  2018 | 9 : 43138
Өздүк  финансыны пландоонун сырлары Өздүк финансыны пландоонун сырлары

    Сиз окуучу, студент, ишкер же пенсиядагы адам болсоңуз деле эртеңки күнгө карата пландар менен жашайсыз, туурабы? Мисалы, бейшемби киного кирем, ишемби базарга ж.б... Ал эми ар бир чакан жана...

23 - Января  2018 | 10 : 31140
Акжол Доранбек уулу Акжол Доранбек уулу

  Акжол Доранбек уулу   1994-жылы 14-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2009-2012-жылдары Ош соода экономикалык коледжин аяктап, экономист-бухгалтер кесибине ээ...

22 - Ноября  2016 | 7 : 351114
Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө

        Бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жана сырттан инвестиция тартуу аркылуу экономиканы көтөрүү, жашоо деңгээлин өстүрүү жагдайында бүгүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу...

17 - Августа  2016 | 17 : 10972
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун... “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун...

  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому (мындан ары “МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун чегинде...

29 - Июля  2016 | 10 : 37783
Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө

   Жалал-Абад областынын керектөөлөрү үчүн быйылкы жылдын алты айынын ичинде областка  12820,4 миң АКШ долларга ар кандай сырьелор, товарлар алынып келинди. Мындан тышкары областка  Кытай Эл...

28 - Июля  2016 | 16 : 14315