Бишкек баатырдын чеби

6 - Июня  2016 | 18 : 311797
Бишкек баатырдын чеби

Бишкек баатырдын чеби

       Бишкек баатыр туурасында Сафед - Булан, Падек, Өрүктү айылдарында көп далилдер айтылып калган. Азыркы күндө да куйма кулак сөзмөр адамдар ошол окуяларды санжыра кылып, сөз учугун улап келишет. Мен төмөндө 65 жаштагы Абай уулу Боронбайдын Бишкек баатыр жөнүндө баянынын окурмандарга сунуштоону чечтим.

Баатырдын ысмын ким койгон?

       - Тарых барактарында жунгарлардын кысымынан түштүккө ооп келген кыргыздар жөнүндө көп айтылат. Мына ошолордун арасында Бишкектин, Жайылдын ата - энелери, туугандары да болгон. Бул 1700 – жылдарга туура келет. Тарыхчылар, жазуучулар Бишкек баатырдын ысмы кандайча коюлганын ушул күндө да тактай албай жатышат. Айылдагы Калыгул молдо, Турсуналы, Камчыбек аттуу карыялар эл чогулган жерде айтып отурушчу. Биз ал кезде жаш болгондуктан сөзгө анчейин маани бербеген экенбиз. Менин эсимде калганы булар болду. Бишкек Куул аттуу токолдон туулат. Ошондо байбичеси кымыз бышып отурган экен. Сүйүнчүлөгөндөргө ичи тардык кылганбы, жарыла бербей “аты Бишкек болсун” деп койгон дешет. “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет” дегендей кийин Бишкек аты таш жарган, эл керегине жараган, туу жыгар атка конуп чыга келет, - деп Боронбай ава берилип айтып отурду.

Бишкек баатырдын чеби

       Чеп тууралуу 90 жаштан өтүп калган Сатыбалды Баймуратов санжырачыдан алгач уккан элем. Кийин Боронбай ава аны көргөзмөк болду. Соломо көпүрөсүнүн күн батыш жагындагы тоонун чокусундагы жайык жерге жайгашкан экен. Ушул жерде Бишкектин аталаш тууганы Соломо жашаган. Узуну 50 метр, туурасы 15 метр келген чеп адам көтөрө алгыс жалпак таштардан кынаптап тургузулган. Дубалдардын калдыктарына караганда бийиктиги 2 метрге чейин болсо керек. Азыр урандылары даана байкалып турат. Бул жерден айлана колго салгандай көрүнүп тургандыктан Карагул дөбө деп да аташкан. Көпчүлүк азыркы күндө да Бишкектин чеби деп айтып жүрүшөт. Чептин түбүндөгү көпүрө Соломо деп айтылат.

Соломонун көпүрөсү

Боронбай Абай уулунун айтымында Бишкек менен Соломо аталаш тууган, атасы бир, энеси башка. Бул көпүрөнү салуунун да өзүнчө уламышы бар. Бишкек 13-14 жашында аштык айдагандарга жардам берип, жакада калат. Бир күнү кетменин көтөрүп келе жатса, Терек - Сай суусунун боюнда сакалы аппак карыя отурганын көрүп учурашат. Чай кайнам сүйлөшүп отуруп, карыянын “аркы өйүзгө өткөрүп кой” деген өтүнүчүн аткарып, мойнуна отургузуп, кийимине суу тийгизбей, аркы бетке алып өтөт. Карыя батасын берип, заматта көздөн кайып болот. Бул окуяны Бишкек жайлоого кеткен агасына айтат. Ошондо Соломо, “Сага кыдыр жолугуп, батасын берген тура” деп карыяны алып өткөн жерге асма көпүрө салышат. Муну элдер Соломонун көпүрөсү деп коюшат. Кийин жыгач менен бекемдешет. 1956 - жылы жолчулар заманбап көпүрө салышат. Азыр да бул жер Соломо деп айтылып келет.

 

  Сүрөттө: Бишкек баатыр

 

 

 

 

 

 

 

Жолборс менен кармашуу

       Аксакалдардын, санжырачылардын айтымында 24- 25 жаш курагында Бишкектин баатырдыгы элге билинип калган учуру болот. Жоокерчилик заман да буга түрткү болсо керек. Өзүнүн боюу узун, албеттүү экенин санжырачылар аңгеме курганда тамшанып айтышчу, - дейт Боронбай ава. Бишкектин жолборс менен кармашкан окуясы анын баатырдыгынан дагы кабар берип тургансыйт. Ал окуя мындайча болгон экен.

       Ошол мезгилде Орто - Токойду чытырман токой, камыш басып турган дешет. Мындай жерде жолборс пайда болуп, эч кимди өткөрбөй, адамдарга чейин кол сала баштайт. Айыл аксакалдары уй мүйүз тарта кеңешип, акыры Бишкек баатырдан “жолборсту жок кылып бер” деп өтүнүшөт. Калктын өтүнүчүн аткарып, Бишкек баатыр денесин аркан менен чырматып, колун гана ачып, жолборс менен беттешкени жөнөйт. Ошондо көпчүлүк дөңсө жерге чыгып эмне болор экен деп көз салып турушат. Капысынан качырып кирген жолборско боюу эки метрден ашык Бишкек баатырдын колу араң жетип, алкымынан муунтуп, камыштын арасына кулайт. Бир канча убактан кийин айкырганы тоо - ташка жаңырган жолборстун үнү чыкпай калат. Карыялар эмне болду деп жигиттерди чаптырат. Алар өлгөн жолборстун алкымына карышып калган Бишкек баатырдын колун араңдан зорго чыгарып алышат. Бул окуя заматта эл арасына аңыз болуп тарап кетет.

Алтын казык Аксы

       Жазма булактарда “Бишкек баатыр Аксы аймагындагы Сафед - Буланга жакын жерде төрөлгөн” деп жазылып калган. Аксы аймагына Ала - Бука, Таш - Көмүр, Кербен чөлкөмдөрү киргендигин билебиз. Ошол жоокерчилик заманда Алтын казык Аксы аймагы деп аталып калган. Жунгарлар кол салганда кыргыздар калмактардан жеңилген. Алардын армиясы сан жагынан да курал - жарагы жагынан да артыкчылыкка ээ болгон. Ошондо Көкүм бий кыргыз, кыпчактан кол курап, калмактарды Нарындан кайтарат. Аксыга душмандын буту баспаган. Анын үстүнө Алтын Казык Аксыдан, Чаткалдан Бишкек, Жайыл, Карабаатыр сыяктуу кол башчылар чыгып, калмактарды өз жеринен сүрүп таштаган. Бул окуялар, санжыралар тарыхый мезгил менен дал келип тургандыгы менен баалуу.

Бишкектин урпактары

       Боронбай Абай уулунун топтогон санжырасында Бишкек баатырдын уруусу Солто эмес, Саруу. Алардын урпактары бүгүнкү күндө Өрүктүдө жашап жатышат. Булар жөнүндө өзүнчө сөз болот. Менин оюмча Бишкек баатырдын атасы түштүккө көчүп келгенде өзүнүн туугандарын караан тутуп келиши толук мүмкүн. Ал эми Бишкектин чебинен Падектеги дөбөлөр даана көрүнүп турат. Анын үстүнө ошол мезгилде үйлөр жок ээн талаа, токой, камыш баскан жер болгон. Бишкектин чебинин ортосунда таш үйүлгөн дөңсө бар. Падектеги Карагул дөбөдөгү жер да ушундай. Демек, ошол дөңсөгө от жагып, душман келгенде кабар берип турушу мүмкүн. Ошол мезгилде пайда болгон Калмак дөбөлөр, алардын эсепсиз сөөктөрү коюлган мүрзөлөр да ошол доордогу салгылашуулардан, элин – жерин коргогон баатырлардан кабар берип тургансыйт.

 

  Сүрөттө: Бишкек баатырдын     Соломодогу чебинин күн               батыш тарабындагы дубалы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мамыр Мерген-тарыхый инсан Мамыр Мерген-тарыхый инсан

    Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон....

28 - Марта  2018 | 4 : 44304
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 32925
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30870
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311313
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 342308
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451072
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541651