Кумарпоздордун курмандыгы болдум

7 - Сентября  2017 | 5 : 29408
Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого белсенди.

Жолдошум менен алты жыл жашап ажы- рашып кеткем. Эки балам менен ата-энемдин үйүндөмүн. Шаарда бир ашканада идиш жууп иштеп жүргөндө, тааныштарым Россияга иштеп келүүмдү сунуштап калышты. Алардын айты- мында чоң офисти бир маал жууп коёт экенсиң. Айлыгы 25 миң рубл. Жаткан жери ошол офистин өзүндө. Ичкен-жегениңе гана акча кетет экен. Бош убактыңда подроботка иштерди кылып аласың, ошо менен айына 30-35 миң таап аласың дешти. Идиш жууганым үчүн күнүнө 300 сомдон таап, аным ичкен-жегенден артпай кыйналган жаным ары-бери ойлонуп макул болдум. Жол киремди ошол таанышым төлөп бермей болду. Андан сырткары катталуум, ишке орношуум анын мой- нунда болду. Балдарымды апама таштап, бийик максатты көздөп жөнөп кеттим. Максатым-үңкүр да болсо үйлүү болуу. Аэропорттон таанышымдын сиңдиси тосуп алып, өзүнүн батирине алып бар- ды. Сонун, шарт-жагдайы жакшы батирде турат экен. Ал паспортумду учётко коём деп алды. Эр- теси күнү бүгүн болбой калды, эртеңдерден бүтөт деп ишендирди. Кийинки күнү унутуп калыптыр. Анын эртеси ишемби, жекшемби болуп, 5-6 күн өтүп кетти. Же паспорттон жок, же “майлуу- сүттүү” иштен жок отуруп калдым. Бир күнү эле ишке барып тур, көчөгө деле чыкпайсың да, ишиң да, жаткан жери,ң да ошол жерде болсо деп, ээрчитип жөнөдү. Өзүм да ал болбосо, бул болуп турсунчу деп макул болуп жөнөдүм. Офис деп бир жерге алып келип, орус аял менен тааныштырып коюп, мен документтериңди даярдай берейин деп кетти. Кетээрде бирдигим түгөнүп калыптыр, телефонуңду берип турчу деп мени алаксытып кетип калыптыр. Тиги аял ал унутуп кетип калды окшойт, келет азыр, мен чалып коём деп мени жооткотту. Орусчаны жакшы билбесем да, түшү- нүп, жооп бергенге жарачумун. Ал мени үч-төрт кыз отурган бөлмөгө алып кирди. Балээнин баары ушул бөлмөдөн башталды. Клиенттерди тейлей- биз деп экөө камырабайт. Түшүнүп-түшүнбөй отуруп калдым. Ыйладым-чаңырдым, эч ким, эч жактан жардамга келбеди. Көрсө, Кыргызстанда жүргөндө эле баам бычылган экен. Кудай мага өң- түстү, бой-келбетти берген менен бак бербептир. Менин келбетим адам саткан шылуундардын чөн- төгүнө акча болуптур. (Ачуу үшкүрүп каарманым сөзүнүн ушу жерине келгенде ыйлап кирди). ...Кыскасы чиренген азербайжандарды тейлеп баштадым. Жашым 26 жашта болгону менен 50-60 жаштан өткөн азербайжан, орус, дагестан, татар улутундагы кумарпоздордун курмандыгы болдум. Биринчи таанышкан аял сутенорум экен. Ал сааты- на 1000 рублдан иштейсиң деп, мага түнкү кийим, косметиканын түрүн берди. Чала-була ага да ый- лап абалымды түшүндүрдүм. Ал чымын чакканча- лык да болбой чайпалып чыгып кетти. Жер муштап отуруп калдым. Тирүүнүн өлүгүндөй болуп, эптеп жашаганга көндүм. Клиенттердин арасынан деле түшүнүктүүсү чыгат экен, азербайжан улутундагы 57 жаштагы Гарахан деген клиентим балаң, апаң менен байланыштырам, бирок мага аял болосуң деп шарт койду. Жакындарымдын үнүн угууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө эле сүйүнүп ага деле макул болдум. Айтор Гарахан мени бир жылдан соң ал жерден сууруп чыкты. Документтериме да жардам берди. Баламы бир көрүп келейин деп суранып туруп алдым. Араң макул болуп жөнөттү. Азыр айылдамын. Ата-энем, жакындарым мен бир жылдан бери эмне иш кылып жүргөнүмдү билбейт. Гарахан менен сүйлөшүп турам. Анын кылган жакшылыгын жерге таштагым келбейт. Ал болбосо ошол жерден чыгат белем, ким билет. Башым маң, эмне кылышты билбей турам. Ал атам курактуу эле неме. Айтмакчы, келгенден соң мени Россияга сатып жиберген баягы таанышым ың-чыңсыз жоголду. Азыр да орто жолдо турам. Гарахандын колунан баары келет,-деп башын мыкчыган каарманымдын жарасын чукуп алга- ныма өкүнүп турдум. Айла жок, ал да, мен да бул баштан өткөн окуя кимдир бирөөгө сабак болор деп келишкенбиз да.

Гулнура Келдибаева

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  2017-жылдын 3-декабрында саат 18:30 чамасында Жалал-Абад Казарман жолунун 38 чакырымында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Д. А ны мамлекеттик...

4 - Декабря  2017 | 6 : 5300
Маңзат сөзсүз уулайт Маңзат сөзсүз уулайт

      Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо...

26 - Октября  2017 | 7 : 27241
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2452
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын...

7 - Сентября  2017 | 5 : 51439
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56465
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28658
11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү... 11 жыл мурдагы “кек” 9-класстын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү...

    Учурда Сузак районуна караштуу Сымкат айылынын А. Тажибаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Шерзад Алимбековдун өлүмү боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. “Акча...

4 - Ноября  2016 | 11 : 41223