Кыргызстан жана Өзбекстан: ѳз ара алаканын жаңы мейкиндиктери

7 - Сентября  2017 | 6 : 0462
Кыргызстан жана Өзбекстан: ѳз ара алаканын жаңы мейкиндиктери

Кыргызстан жана Өзбекстан: ѳз ара алаканын жаңы мейкиндиктери

Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара мамилесинде чечилбеген чек ара маселелери менен байланышкан талаш-тартыштар жана карама-каршылыктар узак убакыттан бери орун алып келген. Ушунун айынан эки мамлекет ортосунда бир нече ирет тирешүүлөр болуп, чекара тилкелерине аскерлер жайгаштырылып, чек аралар жабылып, анклавдар менен карым-катыш татаалдашкан учурлар да болгон. Мындан тышкары, коӊшубуз суу маселелери боюнча кыйыр жана тикелей эле Кыргызстандын дарегине доомат коюп, бир нече ирет айрым маселелерди чечүүдө энергетикалык рычагдарды колдонгон. Ошого карабастан, эки мамлекет кеңири масштабдагы жаңжалга айланып кетүүсү мүмкүн болгон өз ара тирешүүлөрдүн курчушуна жол беришкен эмес.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара мамилесиндеги акыркы жылыштар жыйырма беш жылдан бери жыйылып калган маселелерди чечүү кезеги келгендигин далилдөөдө.

Каталар кайталанбайт

Өзбекстанда президенттик кызматка Шавкат Мирзиёев келгенден кийин Кыргызстан менен ондогон жылдарга солгундаган байланыштар тездик менен өнүгө баштады.

Ѳткөн жылдын сентябрь айында Кыргызстандын агездеги премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын ошол таптагы өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев Жалал-Абад облусуна өзбек аскерлеринин кирип келүүсү жана кыргызстандык жарандардын барымтага алынышы сыяктуу чек арадагы курчуган кырдаалды талкуулашкан. Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн аракети менен кыргыз жарандары бошотулуп, кошуна мамлекеттин аскердик техникалары такталбаган чек ара тилкесинен чыгарылган.

Мына ушул кадамдар эки премьердин сүйлөшүүлөрү кошуна өлкөлөр ортосунда мамилелердин өзгөрүшүнө негиз салган.

Көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу өзбек тараптын чакыруусу боюнча Биринчи вице-премьер-министр жетектеген кыргыз делегациясынын Өзбекстанга 2016-жылдын 1-октябрында сапар менен барышы эки тараптуу кызматташууну нукка салуунун алгачкы кадамдарынан болуп калды. Кыргыз делегациясынын урматына уюштурулган жылуу кабыл алуу Өзбекстан Кыргызстан менен мамилени жакшыртууга даяр экендигин дагы бир ирет көргөздү. Кошуна Өзбекстанга сапардын учурунда эки өлкөнүн Фергана өрөөнүнөн орун алган үч облусун өз ара кызматташтыруу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

“Арабызда бир топ чечилбеген көйгөйлөр бар экендигин жашырууга болбойт. Бирок, биз аларды акырындык менен чечебиз”, - деп айткан документтерге кол коюудан кийин Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов жана бул кадамдар мамилелердин жанданышына жаңы түрткү берерине үмүт артып жаткандыгын билдирген.

Кыргыз тараптын чакыруусу боюнча өзбек тарап 2016-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстанга жооп сапар менен келди жана бул бир тууган Өзбекстан менен ортодо орун алган бардык көйгөйлөрдү чечүүгө даяр экендигин далилдеди. Визит учурунда Өзбекстандын өкүлдөрү Ош шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык-маданий иш-чараларга күбө болушуп, Кыргызстандын элинин Ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Конокторго ошондой эле Бабур атындагы драма театрында “Манастын уулу Семетей” спектакли көрсөтүлдү. Жолугушуунун соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген интервьюсунда Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Камил Рошидов өткөн жылдагы Ош менен Анжиянга делегациялардын сапарлашуусу чек аралаш аймактардагы эки тараптуу кызматташууларга эле эмес, жалпы мамилелердин маанайын өзгөртүүгө түрткү болгондугун белгиледи. “Биз мындан тышкары, чек ара аймагында кызматташуу боюнча документтерди даярдап жатабыз. Бул кеңири программа болот, аны кабыл алсак биздин мамлилелерибиз ырааттуу нукка салынат”, - деп баса белгиледи элчи.

 

Сапаттуу этапка көтөрүлүү

Камил Рашидовдун айтымында, эки тараптуу мамилелерге ыкчам кыймылды жана көтөрүңкү маанайды биздин мамлекет башчылардын сапарлары берип жатат.  Самарканддагы жана Астанада ШКУнун саммитиндеги жолугушуулар жакынкы келечекке эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын аныктады. “Бул нукта саясый диалог активдүү жүрүп жатат десек болот. Тышкы саясат мекемелеринин өз ара консультациялары өттү. Ал эми жакында ички иштер министрликтери менен авиациялык тармактын жетекчилеринин өз ара консультациялары аяктады”, -деди Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси.

Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, президент Алмазбек Атамбаев көп жылдардан бери эле “кошуна мамлекеттер менен мамилени биздин элдер чек аранын бардыгын сезбегидей кылып оңдоо керектигин” белгилеп келет. “Бул эң башкысы. Биз бул максатыбызга жетерибизге ишенем. Азыр биздин мамилелер жакшы багытта өнүгүп бара жатат”, - деп белгиледи элчи.

Аныгында эле эки тараптуу соодалашуу, достук алакалар жана эң башкысы – чек ара маселеси Кыргызстандын мурдагы жетекчилеринин тушунда ордунан зыл таштай жылган эмес. Алмазбек Атамбаевдин көрөгөч саясаты жана Сооронбай Жээнбековдун ѳкмѳттү жетектеген кезиндеги аракети менен гана оң жагына чечиле баштады.

 

Болочокту болжоо

Эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча аракеттерди улантуу максатында, 2017-жылдын август айында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапар менен Кыргызстанга келип кетти.

Акыркы сегиз жыл аралыгында алгачкы ирет Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында эки тараптуу кызматташуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссияларынын жыйыны, ошондой эле мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын 2009-жылдан берки өкмөттөр аралык комиссиялар деңгээлиндеги алгачкы жолугушуусу өттү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара мамилесиндеги жылыштын бар экендиги делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи эле мүнөттөрүндө айгине болду: алар ишкер маанайдагы жигер менен соода-экономикалык кызматташууну жандантууга жана жыл аягына чейин бардык тоскоолдуктарды алып салып, соода жүгүртүү көлөмүн эки эселентүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Кол коюлган биринчи протокол иш жүзүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын жакынкы келечекте соода-экономикалык кызматташууларды, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү пландарын аныктады.

Ошол кездеги ѳкмѳт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Ѳзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов узакка созулган тыныгуулардан кийин 2016-жылдын күзүнөн тарта тараптардын биргелешкен аракети менен өлкөлөр арасындагы мамилелер жандана баштагандыгын ачык билдиришти. Бул президенттер Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы кыргыз-өзбек мамилелеринин жаңы барагын ачууга өбөлгө түзгөн тынымсыз байланыштардын аркасында мүмкүн болду жана ал өз үзүрүн бере баштады: 2017-жылдын биринчи жарымында өз ара соода жүгүртүү 1,8 эсеге өстү жана аны жыл этегине чейин 200 миллион долларга жеткирүү белгиленүүдө. Ошол эле учурда тараптар орун алып жаткан тоскоолдуктарды, анын ичинде чек ара аркылуу адамдар менен жүктөрдүн кыймылына чектөөлөрдү жоймоюнча, соода жүгүртүүнү алга жылдыруу, ар түрлүү багыттар боюнча эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү мүмкүн эместигин бир нече ирет баса белгилешкен.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, А.Арипов менен чек арадагы өткөрүү пункттарынын иштерин жандандыруу (кыргыз-өзбек чек арасындагы КППлардын көбү 2010-жылдан бери жабык бойдон калууда), транспорттук жана адам агымдары менен байланышкан маселелер, биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду түзүү маселелери талкууланган. Мындан тышкары, тараптар өз ара продукция алмашуу маселесин да талкуулашкан. “Өзбекстан тарап Кыргызстандын рыногуна айыл чарба техникаларын, автомашиналарды, тиричилик техникаларын, кыргыз тарап тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукцияларын, сүт жана эт азыктарын, ошондой эле текстиль товарларын жана электрлампаларын жөнөтүүгө даяр”, - деп билдирген ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйынын жыйынтыктап жатып.

Аныгында эки тараптуу, эң башкысы, чек арадагы соодалашуу көп жылдар бою төмөнкү деңгээлде калып келген жана анын айынан эки мамлекеттин карапайым жарандары запкы тартышкан. Ушундан улам,эки тараптын комиссия өкүлдөрү күн ичинде өзүлөрү абдан кызыкдар болгон диалог акыры ишке ашкандыгына ыраазылыктарын жашырышпады. “Кыргызстан – биздин жакын кошунабыз жана ишенимдүү өнөктөшүбүз, өз ара аракеттенишүүнүн бардык чөйрөсүндө ишенимдүү жана ачык диалогду улантууга Өзбекстандын саясый эрки жетет жана көп пландуу кызматташуунун чыңдоо үчүн бүт аракетин багыттоого даяр. Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин өзөктүү маселелерин, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууларды кеңейтүү келечегин талкуулашып, тиешелүү мекемелерге соода жүгүртүүнү күчөтүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү тапшырмалары берилди”, - деди Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.

 

Чек арада бейпилдик орноду

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселесинде тараптар бат эле тил табышса, чек ара маселесин талкуулоого бир нече раунддар талап кылынды. Анткени, 2009-жылдан бери кыргыз жана өзбек тараптын өкмөттүк делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын деңгээлинде жолугушкан эмес, ошондуктан саясый жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү жагымдуу динамика 2016-жылдын сентябрь айынан тарта гана байкала баштады жана жолугушуулардын жогорку ыкчамдыгы менен айрымаланды.

Бир жылга жетпеген убакытта Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик делегацияларынын жумушчу топтору 15 жолугушуу өткөрүп Бишкектеги жыйынга карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара линиясынын чийме долбоорун даярдашты. Чек ара маселеси өкмөттүн мурдагы жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө болду. Натыйжада, биргелешкен күч-аракеттер менен тараптар 1378 чакырымдык жалпы чек аранын такталган 1170,53 чакырымын кагазга түшүрүштү.

Бишкектеги жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар чек аранын кагазга түшүрүлгөн чакырымдары киргизилген чек ара жөнүндө өткөөл Келишимдин долбоорун даярдоо ниеттерин билдиришти. Келишимге кол коюу тараптардын мамлекеттик чек аранын 84%ын делимитациялоо жумуштарын баштоого мүмкүндүк берет. 

Сооронбай Жээнбековдун ѳкмөтүн алмаштырган Сапар Исаковдун командасы мамлекеттик чек аранын өтүү линиясы жөнүндө өткөөл келишимдин даярдалышы жана өзбек тараптын чек араны делимитациялоо маселесин чечиши менен өлкөлөр ортосундагы чек арадагы чыңалуунун төмөндөтүлүшүнө кепилдик алды. Учурда чек арада эки тараптын өз ара үрпөңдөшүүсү таптакыр токтоду, чек ара аймактарындагы мындай бейкуттуктун орношунда албетте эки өлкө бийликтеринин салымы сөзсүз бар.

Мындан тышкары, өз ара урматташуунун негизинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы жөнүндө өткөөл Келишимге кол коюу талаштуу жерлер боюнча бир чечимге келүүнү тездетет, ошондой эле азыркыга чейин жүрөк өйүткөн кыргыз жана өзбек анклавдарынын маселесин чечүүгө киришүүгө өбөлгө түзөт деген зор ишеним бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда активдүү диалогду жандандыруу эки тараптуу аспектиде эле эмес, көп тараптуу жармакташкан кызматташуу маселесинде чоң мааниге ээ. Мындан тышкары, өлкөлөрдү бир нече ондогон жылдар бириктирген байланыштар калыбына келтирилет деген ишеним арткан эки өлкөнүн чек ара аймагындагы жашоочулары үчүн да өзгөчө мааниге ээ.

5-сентябрда Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келип кетти. Өзбекстандын жаңы мамлекет башчысынын Кыргызстанга келишинде бир катар маселелер, алардын ичинде эки өлкө үчүн аялуу делген чек ара маселеси чечилди. Андан ары эки мамлекет жетекчилеринин көрөгөч саясаты жана Сооронбай Жээнбековдун ѳкмөтү тарабынан негиз салынган кадамдардын аркасы менен бир тууган эки өлкөнүн өз ара мамилеси жемиштүү болоруна, өз кезегинде бул эки мамлекеттин жарандарынын жашоо шарты жана коопсуздугу үчүн кызмат кыларында шек жок.

 

Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы? Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

...

2 - Марта  2018 | 12 : 40154
Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

                                                                                                         2018-жыл...

23 - Января  2018 | 10 : 25699
Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу...

16 - Января  2018 | 4 : 12231
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат «Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп...

12 - Января  2018 | 6 : 39312
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы... Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы...

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол...

11 - Января  2018 | 5 : 01325
Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары...

12 - Декабря  2017 | 10 : 33274
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин...

26 - Октября  2017 | 4 : 57144