Инвестициянын көлөмү өсүүдө

19 - Сентября  2017 | 12 : 34403
Инвестициянын көлөмү өсүүдө

 

 

  Быйылкы жылы сегиз айдын ичинде Жалал-Абад шаарына тартылып келинген жалпы инвестициянын көлөмү өткөн 2016-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 165,6 пайызга өскөн. Мында негизинен тышкы инвестицияны тартуу жагынан ири өзгөрүүлөр бар. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы сегиз ай ичинде шаарга сырттан 1 миллион сом гана инвестиция келсе, быйылкы жылы анын көлөмү 266,1 миллион сомго жетти.

- Ошентип, биздин шаарга келген тышкы инвестициянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 266 эсе көп болду. Бул негизинен шаарда жүрүп жаткан суу жана саркынды суу системасын реабилитациялоо долбоорунун жана шаардагы негизги көчөлөрдү оңдоп-түзөө, асфальттоо иштеринин алкагында сырттан келип түшкөн каражаттар эсептелет. Мындай аракеттер дагы да улантылууда, - дейт ал.

Ошондой эле, шаарда ички инвестицияларды тартуу жагы колго алынып, быйылкы сегиз айда анын көлөмү 426,2 миллион сомго жеткен. Демек, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 миллион сомго көптүк кылып, өсүү темпи 102,2 пайызга жетти.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы шаар бюджети шаардык кеңешке шайланган айрым фракциялардын айынан ушул кезге чейин бекитилбей, шаардагы негизги инфраструктуралык курулуш иштери инвестициялардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Жалил Сапаров 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 3855
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 4664
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 3543
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1115
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20120
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 4791
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 15119