Токтогулдун үй – музейин көрөлү

26 - Сентября  2017 | 9 : 18412
Токтогулдун үй – музейин көрөлү

 

Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылында ачылган музейге баш баксаң, Токтогул атаны жакындан таанышуу да бир чоң кадам болуп калат. Мындагы музейде улуу инсандын  өзүнө таандык үч гана буюм бар болсо, тирүү мезгилинде борбордо өткөн сынакта тартылып калган бир гана сүрөтү бар. Мына ошол сүрөт акын атанын ааламын ачууга да чоң кадам болгон...

                   Акындын өмүр таржымалы

Улуу акындын өмүр таржымалына токтоло турган болсок, Токтогул Сатылганов 1864-жылы Токтогул  районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чолпон-Ата айылынын Сасык-Жийде участкасында туулган. Токтогул Сатылганов тууралуу маалыматтарда камтылгандай, энеси Бурма сөздү жамактатып сүйлөгөн сөзмөр,  кошокчу аял болгон. Ошондуктан да Токтогулдун төкмөлүгүнө таасир берген. Баарыбызга маалым болгондой,  төкмө акын жокчулуктун азабын жон териси менен тартып, 13 жашынан байларга малай болуп, татаал тагдырды баштан кечирген.  Бала кезинен элдик чыгармаларга ынак өсүп, ыр-күүлөрдү жатка билген.  Токтогул ата  социалдык теңсиздик маселесине басым жасаганы байкалат.  Анын Дыйканбай деген байдын Арзымат деген ырчысы менен айтышы боюнча аңыз кептин аягы али күнчө тыйыла элек. Дал ошол экөөнүн айтышынан соң,  анын  сөзгө бай экендиги, эл таламын талашкан төкмө катары жар салынып, элдин алкоосуна татый баштаган. Ал 1884-жылы үй-бүлө күтүп, Топчубай аттуу уулдуу  болот. Өкүнүчтүүсү – ошо тун уулун бооруна катып,  өстүрө албаганында. Төкмө акындын бай манаптарды мактап жактап,  кошоматчылык кылып ырдабаганы анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына себеп болгон. Тактап айтканда «1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан « деген жалаа жабылып, ошол учурда ага өлүм жазасы берилип, бирок 7 жылга сүргүнгө айдалат. 

Сүргүндөн кайтып келгенде аны жалгыз энеси гана тосуп алган. Уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка киши менен  турмуш куруп кеткен. Кийин Сейдимкан апага турмуш куруп, бир уул, бир кыздуу болгон. 1933-жылы улуу ойчул акын дүйнө салган.

Ал эми биз музейде камтылган сүрөт таржымалдарына токтолуп бермекчибиз.

“Токонун тону” деп сакталган

Токтогул Сатылганов атындагы музейдин  кызматкери Бактыгүл  Кулубаеванын  айтымында, улуу акынга таандык буюмдарынын бири - бул койдун терисинен жасалган тонду айтууга болот. Анткени Мазар-Суу айылынын тургуну Мурат аттуу атуул  андагы  тонду “Токонун тону” деп өзү кийбей, өмүрү өткөнчө аздектеп сактап өткөн. Ал тон анын уулунда калып, ал музейге Токтогул атанын буюмдарын жыйноо мезгилинде  тапшырган.

Өзү чапкан комуз

Өзгөчө аздектелген дагы бир буюму -  үч кыл комузу.  Токтогул сүргүндө  бул комузду өз колу менен чапкан жана   өзүнүн басып өткөн жолу, жан дүйнөсү, татаал тагдырындагы бороон чапкын күндөрүн, ичиндеги туйгуларынан  ырга салып,  ушул комузу менен  күү черткен.   Чакан жана кооз комуз киргенде эле музей көрүүчүлөрүн өзүнө тартат. Анын жанында катарлаш шакиртинин да комузу коюлган. Төкмө атанын өз колу менен чабылып,  күүгө келген комузун анын жакындары Токтогул операсын жазган Власов деген адамга белекке тартуулашкан. Музыка дүйнөсүн түшүнгөн ал инсан комуздун барктуулугун эске алып, кайрадан музейге тапшырган. Ошентип,  Токтогул ата күүгө келтирген комуз  мындагы музейге алынып келип, кийинки  муундар үчүн тарыхый  баалуулук катары сакталып калды. 

Тулга чайнек

Үчүнчү буюму катары күнүмдүк Токтогул акындын турмушка колдонуучу  тулга чайнеги айтса болот.  Маалыматка караганда ал буюмду сүргүндөн келе жатып,  жолдо чай кайнатып ичкен.

Токтогулдун сүргүндөгү сүрөтү

Музейге келген көрүүчүлөр Токтогулдун  сүргүндөгү сүрөтүнө өзгөчө үңүлүп карашат жана  ал сүрөттүн тарых таржымалына  көбүрөөк кызыгышат.  Маалыматтарга караганда Токтогул кармалган Иркусткийде камалгандардын илинген сүрөтүндө Токтогулду да кезиктирүүгө болоору айтылып келет. Анын сүргүнгө кетиши, ага карата чыгарылган чечимдер тууралуу документтер изилденип жүрүп, 1987-жылы Иркусткийде кармалганы боюнча документтери алынып келинген. Ошол мезгилде бул сүрөт да алынган.

Тирүү мезгилинде тартылган сүрөт

 

Өкүнүчтүүсү  - Токтогул атанын көзү тирүү мезгилиндеги эки гана сүрөтү бар. Анын бири - Иркусткидеги камактагы  сүрөтү болсо, экинчиси  - Фрунзе шаарындагы чыгармачыл адамдар  арасында өткөн сынакта тартылып калган. Тактап айтканда 1928-жылы Фрунзе шаарында өнөрпоздор арасында өткөн сынакка катышып, анын эки шакирти менен түшкөн  сүрөттү айтууга болот. 

Сөөгү чыгарылган үй

Азып-тозуп, кыйынчылыктын кыйын күндөрүн баштан кечирген Токтогул  1908-1910-жылдар аралыгында  өз жерине жетип келген. Ал  Сасык-Жийде айылындагы чакан эки бөлмөлү үйдө 1916-жылдан 1933-жылга чейин жашаган. 1922-жылы экинчи жолу түтүн булатып, өзүнөн 19 жаш кичүү Сейдимкан апага баш кошот. Бул түгөйлөр  1925-жылы  Гүлсара, 1928-жылы  Бабажан аттуу  балалуу болушат. 1933-жылдын  жаз мезгилинде улуу ойчул оорудан улам о дүйнө салган.

–Токтогул атанын сөөгү ушул үйдөн чыгарылган. Эл арасындагы айтылып жүргөн маалыматтарга караганда  олуяда болгон экен. Ал өлөөр алдында “Жакында көз жумам” деген экен, ал кепти айтканындан көп узабай эле каза болгон дешет. Кийин ал үйдө туугандары жашаган.  Токтогулдун 125 жылдыгына утурлай үйүнүн үстү жабылып, устундары оңдолгон - дейт Бактыгүл Кулубаева.

Кошумчалай кетсек, Токтогул жашап жаткан үй айылдан бир аз обочороок алыстыкта жайгашып, айланасы тосмолонгон.   Ал  көз жумгандан кийин уулу менен кызы  мамлекеттин камкордугуна алынып, Фрунзеге алынып кеткен.

Кызы менен небереси көмүр изине ууланып өлгөн

Токтогулдун кызы Гулсара сулуу, билимдүү алдыңкы  айымдардын катарын толуктаган. Ал еврей улутундагы  Петр аттуу жаранга турмушка чыгып, Москвада жашачу. 1958-жылы  Бишкек шаарына келип,  атасы жөнүндө маалыматтарды изилдеп жүргөн күндөрүндө, жашап жаткан үйдө көмүр исине ууланып кызы  Наталья экөө тең көз жумган.

Музейге саресеп

 

Мындагы  музей 2015-жылы Токтогулдун 150 жылдык мааракесине утурлай да капиталдык оңдоп-түзөөлөр болуп, заманбапташтырылган.

-Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесине утурлай ушул музей ачылган. Башында 900 экспонант менен ачылса,  азыркы тапта 1300гө жетип калды. Музейде Токтогул атанын мезгилиндеги буюмдар камтылган жубайы Сейдимкандын да үкөгү бар.  Улуу акындын чыгармалары, чыгармачылык жолу, сүргүнгө барып келген жолу бүт баары камтылган. Музейге кызыгып сырттан келгендер да көп болуп жатат - дейт  музей кызматкери.   

Жүмагүл Шайыкова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24123
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32233
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51245
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71208
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23158
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16227
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27710