Донорлор өмүр тартуулашты

29 - Сентября  2017 | 6 : 21426
Донорлор  өмүр  тартуулашты

        

Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.

 Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, областтык клиникалык оорукананын  жетекчиси Ж. Карабаев, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси М. Миянов катышып, кан тапшырып келишкен жарандарды адам өмүрүн сактап калууга эбегейсиз көмөк көрсөтүп жатышкандыктарын белгилешип, ыраазычылыктарын айтышты,  кандын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын да белгилеп өтүштү. Ы. Ызабеков  20 донорго 1000 сомдон акчалай сыйлык жана Ардак баракчаларды тапшырды.  Саамалык алкагында 5 жаран КРнын ардактуу донору болушту.

Областтык кан борборунун жетекчиси Нурдин Эрматовдун айтымында областта 4,5 миң  донор болсо, анын тең жарымын Жалал-Абад шаарынын жашоочулары түзөт.

-Эгер жаран 30 жолудан ашык акысыз кан тапшырса ардактуу донор боло алат жана ай сайын ага  Өкмөт тараптан 1000 сомдон пособие чыгып турат. Анан да ардактуу донорлор эмгек өргүүгө каалаган учурда чыга алышат.  Учурда бизде 150дөй ардактуу донорубуз бар.  Биз дайым донорчуларга рахматыбызды айтабыз, алар канга муктаж болгон бир канчалаган жарандардын өмүрүн сактап калууга жардам берип жатышат,- дейт Н. Эрматов.

 

Жумагүл  ШАЙЫКОВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу... Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу...

         Өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк оорусунун кесепетинен экени аныкталып,көпчүлүк  бул дарт жөнүндө билгенге жана андан сактанууга өзгөчө кызыктаар...

9 - Февраля  2018 | 7 : 12747
Үй-бүлө ууланды Үй-бүлө ууланды

    Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан...

26 - Декабря  2017 | 14 : 19237
Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

                    Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу...

14 - Декабря  2017 | 11 : 12241
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү” “ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:   Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да...

16 - Ноября  2017 | 8 : 32614
Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 25293
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

    Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы...

15 - Июня  2017 | 5 : 341203
“Стартап” старт алды “Стартап” старт алды

  Эми жаш ишкерлерге финансылык кеп-кеңештерди, бизнес-план түзүүнүн жолдору тууралуу акысыз, терең маалыматты Жалал-Абад шаарында ачылган “Стартап борбору” берет. Бул борбор айрыкча жаңы ишкердикти...

11 - Апреля  2017 | 10 : 20569