Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

29 - Сентября  2017 | 6 : 22257
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

 

 

Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин аймактан КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов катышып келүүдө.  “Акыйкат” андагы иш аракеттердин жүрүшү тууралуу коомчулукка бөлүшүүнү ылайык көргөн.

 

- Мамасалы Такабаевич, айтсаңыз сүйлөшүүлөр кандай деңгээлде жүрүп, кандай натыйжалар жетишилип жатат?

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жогорудагы маселе боюнча Кыргызстандын жумушчу тобунда мен областтык өкүлчүлүктүн атынан катышып келүүдөмүн. Өзбекстандын Ташкент,  Анжиян, Наманган сыяктуу областтары менен биздин областыбыздын алты району чектешет. Алар: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору. Жалпысынан 725 чакырым (км) жерибиз чектешет. Учурда анын  643чакырымын тактап, жазып бүттүк. Ал жакында  Жогорку Кеңештен да ратификациядан өткөрүлдү. Калган 81 чакырымы экинчи этапта жазылып, такталат.

 

- Экинчи этабы качан башталганы турат?

- Биз ушул күндөрү сүйлөшүүлөрдү Баткен областында улантуунун үстүндөбүз. Учурда Жогорку Кеңештеги ратификациянын жүрүшүнө байланыштуу биз тараптан азыраак кармалуу болуп калды. Андан кийин октябрь айында кайра эле Өзбекстанга барабыз, бул маселени эртелеп чечүү, бүтүрүү Президенттин да талабы. Негизи биздин өзүбүз тарапка ылайыктаган кызыкчылыктарыбыз, талаптарыбыз бар, эгер аларга туура келип, жактырылып калса мүмкүн эртерээк эле чечилип калышы деле ыктымал.

 

- Айрым жерлерде алмашуулар болду деген да сөздөр жүрөт, ал кайсы тилкелер болушу мүмкүн?

- Ооба, мисалы Сузак районунун Кара-Дарыя аймагынын этегиндеги Тешик-Таш участкасында 76 гектар жерди мурдатан эле Өзбек жарандары иштетип, пайдаланып келишкен. Бирок, жер биздин чек арага кирип калган. Ошол эле мезгилде биздин жарандар шалы эгип, пайдаланып жүргөн 50 гектардан ашык дайранын жээги (илгери Өзбекстан “Пионер лагерь” деп пайдаланып келген) Өзбекстанга карап калган. Ушул жерлерди Кара-Дарыя айыл кеңешинин депутаттары менен биргеликте карап, алмаштырдык. Ушул сыяктуу жагдайлар эске алынууда.     

 

- Бүгүнкү күндө област аймагынан жалпы канча жер чечилди десек болот?

- Эми чындыгында чек ара маселесин чечүү Президенттерибиздин туура көз карашынан улам ушундай жетишкендиктерге жетишилүүдө. Мурда билесиздер да бир да жерди бергиси келбей, сүйлөшүүлөр оорго турчу. Бирок, акыркы жагдайлар андай эмес. Айтып коё беришибиз керек, эки тараптуу мамилелердин негизинде  Жалал-Абад областы боюнча 400 гектар жерди алган болсок, аларга 100 гана гектар жер чечилди. Мындай учурлар көп эле кезигип жатат. Бирок, бул бүттү дегенге жатпайт, алдыда дагы сүйлөшүүлөр бар. Мисалы Уңгар-Тоо, Чала-Сарт сыяктуу тилкелерибиз бар. Алар боюнча да сүйлөшүлгөн, баарын өзүбүзгө калтыралы деп жатабыз, буйруса, экинчи этапта чечилет го деген ойдобуз. Албетте, бул иштер орундалганча өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук болуп турушу кажет.

 

-Кандай жана кайсы жылдардагы документтер менен чечишип жатасыздар?

- 1920-1955-жылдардагы карталар, акыркысы эгемендүүлүк алган жылдагы(1991-ж.) келишим бар экен. Ошолордун негизинде тактоо иштери жүрүп жатат.

 

- Учурда социалдык желелерде “шайлоо шарапатында билдирбей бир топ жерлер Өзбекстанга берилип кетүүдө” дегендей маалыматтар чыга калып жатат. Сиз бул боюнча коомчулукка эмне деп айтаар элеңиз?

- Туура эмес деп айтаар элем. Ооба, социалдык желелерде “жерлерди берип ачыкка чыгарбай  атат” деген маалыматтар чыгып жатат. Эч кандай жер берилген жок. Бул маалыматтарды чыгарып жаткандар шайлоо учурунда бийликти жамандап, өздөрүнө упай алалы деген максатта болсо керек деп ойлойм. Экинчиден, чек ара боюнча жакшы иштерге тоскоолдук кылуу аракети десе да болот. Анткени биздин жакшы чечилип келе жаткан иштерге зыяны толугу менен тийип калышы мүмкүн. Тетирисинче, ошол Уңгар-Тоо, Орто-Токой өңдүү талаштуу жерлерди алалы деп, макулдашуулар максатына келип турган чеги. Мындан терс маалымат жасоо акылга сыйбаган иш деп койсо болот.

 

- Элде мурдагыдай эле айрыкча чиелүү, талаштуу жерлерде Өзбекстан тараптын талаптары өзгөчө болушу мүмкүн, басым көрсөтүшү ыктымал деген күмөн саноолор да бар. Дегеле талаштуу маселелерде кандай кармануудасыздар?

- Эки тараптын кызыкчылыгына туура келчүдөй позицияны карманып жатабыз. Алар деле эч кандай ашыкча пайданы көрүп калалы деген ойдо эмес, кайра эртерээк чечели, сиздер үчүн да ыңгайлуу, адилеттүү болсун дешүүдө. Эч кандай басымдуулук кылуу деген жок. Мисалы, мурдатан Кыргыздар жашаган жерлерди алалы дейбиз, алар деле ошондой кызыкчылыкта. Айрым жерлерди алмашуу пландалууда А биз, керек болсо өзүбүзгө пайдалуу бир метр же карыш жер үчүн да катуу талашып жатабыз.

 

- Чиелүү маселелерди чечүүдө кандайдыр бир олуттуу көйгөйлөргө тушугуп жаткан жоксуздарбы?

-Негизинен чек ара маселелери баары эле көйгөйлүү. Бир канча документтер,  далилдер менен иштейсиң. Аларды ынандыруу өзүнчө сөз. Сүйлөшүүлөр өтө курч, кызуу жүрүп жатат. Эми талаштуу жерлерди чечүүдө ар кандай болот, баары жөн эле, жеңил боло койбойт экен. Бирок, белгилеп коюшубуз керек, акыркы кездери Өзбек тарап биздин ынанымдуу далилдерибизге, аракеттерибизге түшүнүү менен карап жатышат.

 

- Маегиңизге рахмат.

Арстанбек Садыр уулу.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 3138
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35145
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47207
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43223
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47186
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16194
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52461