Төрагынын дубанга жасаган сапары

9 - Октября  2017 | 5 : 29244
Төрагынын дубанга жасаган сапары

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков  эки күндүк иш сапары менен болду. Анда бир катар соцобьектилерди болду,  өзгөчө жер көчкүдөн жабыркагандарга акчалай колдоо көрсөтүп кетти. Төрагынын дубанга жасаган сапары Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылындагы  авариялык абалдагы Т. Казатов орто мектебинин абалын көрүүдөн баштады.

 

Андагы мектепке элеттиктер балдарын окутуудан кабатырланышат. Анткени мектептин төбөсү ийилип, авариялык абалда турат. Бул  жыгач тибиндеги мектеп алгач 1961-жылы Көдүл айылына курулган, андан соң ал мектеп Кара-Тектир айылына көчүрүлүп келген. Мындагы айылга да башка заманбап мектеп салынгандыктан, жыгач тибиндеги мектеп үчүнчү жолу Кара-Суу айылына көчүрүлүп, мугалимдердин жардамы менен мектепке айланган. Убактылуу пайдаланып туруу үчүн салынган имаратта балдарга билим берилип жатканына  быйыл 36 жыл болгон. Бүгүнкү күнгө чейин мектеп көйгөйү күч болуп турат. Аталган айылга 2015-жылы 250 орунга ылайыкташкан мектеп куруу үчүн 59 миллион сомго тендер жарыяланган. Ал жылы 3 миллион сом бөлүнүп берилип, котлавасы казылган бойдон турат. Жергиликтүүлөр болсо 3 миллион сомдук жумуш жүрбөгөнүн айтышууда. Мектептин абалын көрүп чыккан төрага чынында абал оор экендигин, келээрки жылдын бюджетине киргизип берүүгө көмөк көрсөтөөрүн айтып, жашоочуларды, мугалимдерди сүйүндүрдү.  Ошондой эле мектеп жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, 50 миң сом сом тапшырды. КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө маселени эртелетип чечүүө чакырды. Ошентип капиталдык салымдар тизмесине киргизилмей болду. Андан соң мектептин курулушу бир топ жылдан бери толук бүтпөй жаткан  Кара-Көл шаарындагы Д. Шопоков мектебинде болду.

Ал эми Базар-Коргон районунда табийгат кырсыгынан улам  жер которууга мажбур болуп Живпром участкасына үй тургузуп жаткан жашоочулардан жеринен кабар алышты. Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Көк-Алма айылдарынын жашоочулар үчүн бөлүнүп берилген жерде турак жайлар тургузулууда. Деген менен каражат жетишсиздиги жашоочуларды кыйын абалга келтирди. Мындан улам жашоочулар 300 миң сомго чейин жеңилдетилген насыяны эртелетип берүүнү суранышты жана  суу, жол маселелерин коюшту.

-Мен сиздер айткан көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине билдирип, өкмөткө да атайын тапшырма берем. Жеңилдетилген насыя боюнча да барып тактап, жардам бергени аракет кылам-деп жооп берип, жашоочуларга жардам катары өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сом тапшырды.

Төраганын жумушчу сапары Сузак районунда да уланып, анда да жер көчкүдөну лам көчүүгө муктаж болуп  Кашка-Терек айылындагы Аэропорт участкасына келишкен жашоочулардан кабар алды. Мындагы участка 78 кожолукка жер тилке катары берилген. Ал эми 26-январдагы көчкүдөн улам турак жайсыз калган 4 кожолукка марафондон түшкөн акчага 2 бөлмөдөн үй тургузулуп берилүүдө.  Жыл аягына чейин андагы үй-бүлөлөр жаңы үйгө киргизилмекчи. Жергиликтүү бийлик тараптан электр энергиясы жеткирилип, болгон күч аракет жумшалып жаткан менен жашоочуларга толук шарт түзүп бере албай жатышканын  бийлик өкүлдөрү өздөрү ачыкташты. Акимдин орун басары төрөгелди Түркбаевдин айтымында, мындагы участканын ички жолун түшүрүүгө 350 миң сом керек болуп турат. Ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 3 миллион сом керектелет, таза суу чыгарууга да каражат жетишсиз. Мындагы көйгөй менен жеринен таанышкан төрага Жогорку Кеңеш жок дегенде ички жол түшүрүүгө көмөк көрсөтсүн деген пикирди карманган төрага Кыз-Көл айыл өкмөт башчысына 200 миң сом тапшырды.  Дагы 150 миң сомду барганда котортуп бере турган болду.

Кызыл-Туу айыл аймагынын Көк-Булак участкасында болсо жер көчкү кооптуулугу бар  айылда жашоо кечиришкен 302 кожолукка жер тилке бөлүнүп берилип, быйыл жылы жашоочулар үй тургузуп башташкан. 200гө жакын кожолук үйлөрүнүн фундаментин тугузуп бүтүп калышты. Аталган участканын элин  жергиликтүү бийлик электр энергиясы менен камсыздап, жеткирип берди. Эми суу, жол көйгөйү турат. Мындагы жашоочулар үчүн да жолдоруна шагал төгүү үчүн 300 миң сом берди.

ЖК өкүлүнүн сапарында таштак айылындагы Муратов мектебинин абалы да көрсөтүлдү. Анткени андагы мектептин окуучулары 3 смен менен окуп жатышат. Төрага мындагы айылга мектеп салуу зарылдыгын белгилеп. өзү көзөмөлгө ала турганын айтты.  Мынданы сырткары ал Кара-Дарыя айыл аймагындагы күрүчтү кайра иштетүүчү жана Ырыс аймагындагы  жашылча жемиштерди иштетүүчү заводдордун абалы менен да жеринде таанышты.

Төрага бир катар соцобьектилерди гана көрбөстөн Базар-Коргон районуна караштуу Жараке айылынын тургуну Жумакан Молошованын 4 айлык наристесине 100 миң сом жардам берди. Анткени жубайлар Равшанбек Матисаков менен Жумакан Молошованын бешинчи уулу Жумабек быйылкы жылдын 26-майында татаал операцияны талап кылган желке сөөктүн шишиги диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркай операцияны көтөрө албашын айтышып, октябрь айында келүүсүн сунушташкан. Бирок үй-бүлөнүн каражаты жетишсиз болгондуктан Чыныбай Турсунбековго кайрылышкан. Алардын кайрылуусу орундалып төрага өзү балага амандык каалап, энесине өз колдоосун табыштады.

Төраганын жумушчу сапарында областтын активи менен да жолугуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир катар мыйзгам өзгөртүүлө-рдү киргизүүнү суранышты. Тактап айтканда адегенде эле бюджеттен каржыланган мекеме өкүлдөрү мамлекеттик сатып алууларда  кыйынчылык жаралып жатканын четинен айтып чыгышты. Анткени мекемеге бир лампочка алыш үчүн да тендерге катышуу керек. Тендердин айынан бир катар жумуштар аксап, жумушту аркага тартып жатканын мисалдарды келтиришти. Бул боюнча ЖК депутаты Мирлан Бакиров да үн катып, мамлекеттик сатып алууларга өзгөртүү толуктоолорду киргизүү каралып жатканын, 1 миллион сомго чейинки суммага сатып алууларды тендерсиз өткөрүү жагы каралып жатканын айтты. Ал эми актив тарабынан 2 миллион сомго чейинки суммаларды тендерсиз сатып алуу демилгеси көтөрүлдү, бул демилгени Мирлан Бакиров да колдоп, Жогорку Кеңешке алып чыкмай болду.

Жыйын жүрүшүндө Чыныбай Турсунбеков жогорку кеңеш кабыл алган мыйзамдар боюнча аткарылган бир катары жумуштарды, өкмөт менен биримдикте алгылыктуу иштер жүргөнүн да белгилеп жатып, ал: Биз парламенттик демократияны куруп жатабыз. Мен  да  парламенттик демократияны курууну көздөгөндөрдү биримин. Булл кадамыбыз боюнча чет өлкөгө чыкканда жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Парламенттик демократиянын  шарапаты менен бийликти тынчтык жолу менен өткөнү турат.

Мамлекеттик тилибизди жайылтуу кадырын көтөрүү үчүн да тийиштүү кадамдарды жасап жатабыз. Атайын «кыргыз тест» борбору түзүлүп, 6 жылдык программасы кабыл алынган. Андагы борбордун жумушчу тобунун төрагасы да мен болуп жатам. «Кыргызтест»  программасын Жогорку кеңеш кабыл да алып берди, эми өкмөт токтом чыгарып берсе иш дагы да жанданат.  Эгер биз көздөгөн программа ишке ашып калса анда  мамлекеттик тил боюнча сынакка катышып, сертификатка ээ болгондор гана мамлекеттик жумуштарга кире алышат. Келээрки жылдан тарта бул кадам ишке аша баштайт деп турабыз. Ал эми сиздер айткан маселелер боюнча алгач комитеттерге тапшырма берип, карап чыгабыз-деди төрага Чыныбай Турсунбеков. 

Даярдаган: Жүмагүл Шайыкова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кургак учукту күчтүү адам жеңет Кургак учукту күчтүү адам жеңет

           Социалдык кургак учук оорусу Жалал-Абад областында бир калыпта экендигин адистер белгилешүүдө. Деген менен “миграциялык агым күч алып жаткан шартта бул дарт көбөйсө...

6 - Апреля  2018 | 7 : 2622
Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү? Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

    Өлкө башчынын быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо.  Анткени, региондордун дараметин арттыруу,  көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган...

6 - Апреля  2018 | 7 : 3135
Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр... Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр...

    Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармасынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн маалыматына караганда шаарда жалпы 1283 жумушсуз катталса, анын 1106 сы аял, 770и жаштар. Ал эми...

6 - Апреля  2018 | 7 : 4023
Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы? Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы?

“...Азыркы заманда бутка туруп алып анан төрөш керек болуп калды. Үстүнө үй, алдыңа мал-жан,  машина же жакшы бизнести түптөп алып анан катар-катар балалуу болсоң  болот. Ага чейин эки балалуу болуп турсаң...

16 - Марта  2018 | 12 : 545
Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү? Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

    Көп жылдардан бери  калк арасында нааразылык туудуруп, чечилбей  келе жаткан сүйүнчү жана жөлөк пул жөнүндөгү жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 2018-жылдын январынан баштап ишке кирмей болгон....

16 - Марта  2018 | 12 : 1051
Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

  Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш...

7 - Марта  2018 | 9 : 54188
Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды

  Кызматтык кылмыштардын ар бири сотко жетиши керек. Мындай пикирди Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Жамшитов кызматтык жана коррупциялык кылмыштар талкууланган ведомостволук ыкчам кеңешмеде...

2 - Марта  2018 | 12 : 863