Мал базарлар иретке келтирилет

9 - Октября  2017 | 8 : 7865
Мал базарлар иретке келтирилет

 

         Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин ушул жылдын 29-сентябрындагы № 281-б буйругуна ылайык областтын аймагындагы мал базарларды иретке келтирүүнүн эки айлыгы жарыяланды жана атайын иш чаралар белгиленди. Ал буйрукта белгиленгендей аталган эки айлык 1-октябрдан 31-декабрына чейинки аралыкты камтып, “областтын аймагында Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине, КРнын “Ветеринария жөнүндө” жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамдарга ылайык Өкмөттүн бир катар токтомдорун ишке ашыруу, мал базарлардын ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жана аларды тартипке келтирүү максатын көздөйт”.

Бул максатта областтагы бардык мал базарларды иретке келтирүү, жөнгө салуу боюнча   район-шаарлардын жетекчилери, айыл аймак башчылары, шаар-райондук мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктары өз аймактарындагы мал базарлардын иштерин жөнгө салуу иш-чараларын бекитишет. Ошол эле мезгилде айыл чарба малдарынын, үй жаныбарларынын кыймылын көзөмөлгө алуу менен бирге мал базарга келген малга берилүүчү коштомо документтер менен камсыз кылуу чараларын көрүшөт. Ветеринардык коштомо документи жок малды базарда сатылуусуна бөгөт коюуну жер-жерлердеги күч түзүмдөрү, коомдук тартип сакчылары катуу көзөмөлгө алат.

Ветеринардык-санитардык талапка жооп бербеген мал базарлардын ээлерине көрсөтмөлөр берилип, аны өз убагында аткаруу жагын көзөмөлгө алуу күчөтүлөт. Областтык ички иштер башкармалыгынын жер-жерлердеги өкүлдөрү мал базарга келген малдын кыймылын көзөмөлгө алууга талаптагыдай шарттарды жаратуу, күзөттөрдү уюштуруу аракеттерин жүргүзүшөт. Жаныбарларды идентификациялоо, көзөмөлдөө сектору жугуштуу ооруларга каршы алдын ала күзгү эмдөө, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана тийиштүү маалыматтарды берүү жагын камсыздашат. Массалык маалымат каражаттары өз багыттары боюнча, ал эми  мал базарлардагы радио түйүндөрү жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32116
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39169
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52190
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3306
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7179
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14158
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19197