Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

27 - Октября  2017 | 10 : 16144
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

 

 

Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында “Жалал-Абадсууканал” башкармасынын жетекчиси Айтбай Мусаев менен маектештик.

 

- Айтбай мырза, учурда таза суу көйгөйүн чечүү максатында суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Деги суу түтүктөрү канча жылдан кийин алмаштырылып жатат?

-Шаардагы суу түтүктөрүнүн курулганына 50-60 жыл болду. Бул аралыкта темир суу түтүктөр жукарып, абдан сапатын жоготту. Негизи темир түтүктөрдүн иштөө мөөнөтү он жыл эле болот.  Минтип 60 жыл иштеген суу түтүктөрү кагаздай эле болуп калды. Же аны жамап, түзөп ширете албайсың. Бир жылда төрт жүздөй авариялык иштерди аткарган учурлар болду. Акыркы үч жылдан бери суу түтүктөрү алмаштырууга зарыл болгон жактарда 800 авариялык иштер биздин шаштыбызды алып турду. Мындай абалдан түтүктөрдү алмаштырып гана арылуу керек болуп,  2009-жылы Европа Өнүктүрүү банкынын Орто Азия боюнча  банкири Катерина Хансер деген келип, мен ошого ушул маселени көтөргөм. Ошол жылдан баштап аракеттер көрүлүп, атайын долбоор иштелип чыгып, эми суу түтүктөрүн алмаштыруу ишин баштадык. Ал долбоордун негизинде Жалал-Абад шаарынын  айланасындагы суу түтүктөрүн жаңылап жатабыз. Темир түтүктөр бүт алынып, ордуна  пластик түтүктөр коюлуп жатат. Алар сапаттуу, кеминде 50 жыл, максималдуулугу 100 жылга чейин иштетсе болот.  Бул пластик түтүктөр он аба басымына (атмосферага) туруштук берет. Ал эми темир түтүктөр төрт аба басымынан ашык көтөрө албайт. Иштин экинчи этабында Спутник кичи шаарчасындагы суу түтүктөрүн жаңылайбыз. Азыр ушул туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  

-Азыр канча түтүктөр алмашылып бүттү?

- Негизи долбоордо 564 чакырым (км) суу түтүктөрдү алмаштыруу пландалган. Анын 355 чакырымы алмашылып бүттү. Иштин  30 пайызы аткарылды. Калган 70 пайыз жумушту буйруса 2018-жылдын жарым жылдыгына чейин бүтүрөбүз.

-Бул иштерди жүргүзүүдө канча финансылык каражат жумшалды?

-  Бөлүнгөн 7 миллион еврого азыркы иштер бүткөрүлүп жатат. Мунун үч миллиону Европа өнүктүрүү  жана кайра куруу банкынан, калган төрт миллион евросу Швейцария мамлекетинен бизге грант катары которулду. Бул акчаларды ар бир иш ыргагынын жүрүшү менен акырындап алып жатабыз.   

-Ушуну менен шаарда таза суу маселеси толук чечилет десе болобу?

-Ооба,  шаарга жакын Пригородный участкасынын баш жагында 9 жарым миллион долларга заманбап суу скважинасын куруп, май айында кабыл алдык. Алмаштырылган түтүктөргө ошол жактан келген сууну агызып жатабыз. Акырындык менен бардык суу түтүктөрү алмашылса шаар калкы үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болот.

-Учурда суу эсептегичтер да коюлуп баштады. Айрым жарандар буга нааразы. Кээ бирлери “жакшы экен, сууга акчаны аз төлөйт экенбиз” дешүүдө. Сиз адис катары айтсаңыз, бул жагдай чындыгында эле суу пайдалануучулардын чөнтөгүнө канчалык таасирин тийгизет?

- Статистика боюнча шаарда 107 миң калк бар болсо, ошонун 53миңи гана бизге катталып суу төлөмдөрүн төлөшөт. Калганы кайда? Чынбы, жалганбы бир үйдө он же беш адам жашаса эки адам жашайт деп сууга акча төлөгөндөр көп. Сурай келсең, ал конок эле  эртең кетет, же ал жакта, бул жакта деген шылтоолордун айынан биз үйдө анык канча адам жашап жатканын тактай албайбыз. Мындай үй бүлөдө суу өтө  көп керектелет. Зарыл эмес учурда деле жөн гана агызып коюшат. Анан калса айрымдар коон, дарбызды, пивону муздап турсун деп бир канча саатка сууну коё берип, кранды ачык ташташат. Ошондо бир адамга күнүнө 1000 литр керектелип жатат. Өзү норматив боюнча бир адамга 170 литр гана каралган.  Мунун айынан жайдын күнү көп кабаттуу үйлөрдө суу чыкпай калган учурлар көп кездешет. Ушул абалды жөнгө салуу үчүн суу эсептегичтерди коюуга мажбур болдук. Бул иш суу түтүктөрүн алмаштыруу долбоору менен биргеликте аткарылып жатат. Ошондо керектелген сууга акча төлөнүп биздин кызматкерлер абоненттер менен жакалашпайт. Франциядан алынып келинген 9000 даана суу эсептегичтер жер үйлөргө коюлуп баштады. Учурда 3000 миң кожолукка суу эсептегичтер коюлду. Негизинен суу эсептегичтерди коюу бизге деле жакшы эмес. Анткени жарандар сууну сарамжалдуу пайдаланып, төлөмдөр азаят. Экинчи жагы электр энергиясына төлөм кыскарат. Биз бир жылда электр энергиясына 8 миллион сом төлөп жүргөн болсок, эгер долбоор ишке ашып калса, 4 миллионго гана жакын акча төлөп калабыз. Сууга, электр тогуна кеткен акча үнөмдөлүү менен пайдалануучулар арасында тартип да иретке келип жатпайбы. Каалайбызбы, каалабайбызбы ушул иш аракетти ишке ашыруу заман талабы.

-Башта электр эсептегичтерди артка бурап же токтотуп коймой адаттар бар эле. Бул эсептегичтердин ыңгайлуулугу кандай? Өзгөчөлүгү барбы?

-Бурап токтотуп коюу  мүмкүн эмес. Эсептегичтер абдан сапаттуу, акыркы үлгүдөгү каражат.Алар атайын ящиктерде жайгаштырылып кулпуланат. Анын ачкычы бир гана биздин кызматкерлерде болот.  

-Ушундай иштердин жүрүшүнө суу канал башкармалыгынын кызматкерлери жетишип жатабы же кошумча күчтөр тартылуудабы?

-Бул 7 миллион евро 5 ЛОТко бөлүнгөн да. Тендерге коюлуп, утуп алган  курулуш иштерин аткаруучу ишкана жүргүзүп жаткан иштерине карап жумушчуларды кабыл алат, биз кабыл алабыз.

-Маалымат катары айтсаңыз суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жатабы?

-Бизде мурунураак башталды. Ош жана Бишкек шаарында да суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Калган аймактарда да бул кадам акырындык менен ишке ашат.

-Жыл аяктап бара жатпайбы, ушул жылы кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер? Эмдиги жылга кандай пландарыңыздар бар?

-Быйылкы жылдагы негизги ийгилигибиз- суу түтүктөрүн алмаштыруу долбоорун ишке ашырып жатканыбыз. Муну менен катар 3000 суу эсептегичтерин орноштуруп алдык. Жыл аягына чейин дагы 50 пайыз жумушубузду бүткөрүп алсак деп аракет кылып жатабыз. Калганын келерки жылы улантабыз.

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА, “Акыйкат”.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 4780
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 4376
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47127
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52316
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22159
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө” “Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:   Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында...

3 - Августа  2017 | 5 : 29448
“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген” “Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

Областтын прокурору Ө. Жамшитов:       Өткөн жылы областта эң көп жер, мамлекеттик сатып алуулар, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдар бузулган. Акыркы жылдары жер...

24 - Марта  2017 | 10 : 47580