Көрсөткүчтөр көңүлгө толот, бирок, көңүлдөгүдөй иштебегендер да бар...

27 - Октября  2017 | 10 : 32258
Көрсөткүчтөр көңүлгө толот, бирок, көңүлдөгүдөй иштебегендер да бар...

 

Быйылкы жылдын 9 айында Жалал-Абад дубаны капиталга инвестицияларды тартуу жагында гана планга жетпей калбаса, башка тармактык көрсөткүчтөрдөн алга жылуулар болгону областтык коллегияда маалым болду. Социалдык-экономикалык абалдын  көрсөткүчтөрү көтөрүлгөн мындагы  коллегияда   район-шаарларда алга жылуулар болбосо,  жетекчилерге катуу чара көрүлөрү боюнча  айтылып келген эскертүүлөрдүн, чаралардын орун алуусу көп жетекчилердин уйкусун ачты...

Жыйын мамлекетке сиңирген эмгектери үчүн бир катар кызматкерлерге КРнын Өкмөтүнүн жана Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн сыйлыктарын тапшыруу менен башталды.

 

Негизги көрсөткүчтөр

Областтын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо үчүн  бир топ уюштуруу иштери жүрдү. 2017-жылдын 9 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баада, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи -151,9%, айыл чарбасындагы өсүү -101,3%, автотранспорт менен жүк ташууда-105,0%, жүргүнчүлөрдү ташуу-100,9%, рыноктук кызматтардын көлөмү -106,0%, чекене товар жүгүртүү -106,4%, акылуу кызмат көрсөтүү-110,5 пайызга аткарылган. Негизги капиталга инвестицияларды тартууда былтыркы жылга салыштырмалуу 76,5 пайызды түзүп, өсүү темпи камсыздалбай калган.

Быйыл областта өнөр жай продукциясынын өндүрүү боюнча алгылыктуу кадам ташталганы кубандырат. Анткени,  быйылкы  жылдын 9 ай аралыгында дубанда 17 миллиард 845,9 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп,  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 151,9 %ды түзгөн. Бул көрсөткүчкө чыгууга негизинен тоо кен тармактарынын анын ичинде металл рудаларды казып алуу, нефти жана газ өндүрүү, электр энергиясындагы өндүрүмдүүлүктөрдүн алга жылуусу жакшы көрсөткүчтү камсыздап олтурат. Тармактарды белгилей келгенде өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн негизин түзгөн электр энергиясы тармагында 9 млрд.923 млн. кВт саат электр энергиясын өндүргөн. Тоо кен тармагындагы өсүү темпинин камсыздалышына Ала-Букадагы “КАЗ Минералз Бозымчак” ЖЧКнын -25415,3 тонна металл рудасын, “Иштамберди”, “Фулдь Голд Майнинг” ЖЧКларынын  -103155,5 тонна алтын рудасын өндүргөндүгү түрткү берген.  Ал эми  Майлуу-Суу,  Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн индекси төмөндөгөн. Ага себеп, Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы өткөн жылга салыштырмалуу 1789 тонна дизел майы, 3452тонна мазутту аз өндүргөн. Мындагы ишканадагылар өндүрүштүн төмөндөшүнө мазуттун өз убагында сатылбай калгандыгынын кедергиси менен түшүндүрүшүүдө.  Майлуу-Сууда болсо, шаарды шаар катары кармап турган “Майлуу-Суу электр лампа заводу” ЖЧКсы былтыркы жылга салыштырмалуу 18,6 млн. даана электр лампасынын аз чыгарган. Бул заводдун товарынын өтпөй жатышы ойлондурбай койбойт.  Кезегинде Россия, Өзбекстан, Түркменистан, Украина мамлекеттерине  лампалар жөнөтүлүп турган болсо, андагы мамлекеттер электр энергисын үнөмдөөчү лампаларга кеңири өткөндүктөн өндүрүш төмөндөгөн.  Мындан улам завод ишин токтотуп калбоо далалатын жасап, учурдан талабына ылайык электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу багытындагы кубаттуулугу 4-10 Вт болгон LED тибиндеги “светодиод” лампаларын чыгарууну колго алды. Аталган лампалар мурда пайдаланылып келген электр лампаларына салыштырмалуу электр энергиясын 10 эсеге аз сарптайт. Учурда өндүрүштү өнүктүрүү үчүн өлкөнүн ички рыногунда  кеңири ордун табууга мамлекеттин колдоосу зарыл болуп турат.  

 

Ишке кирген ишканалар

Быйылкы жылдын 1-октябрына чейин 97 жаңы ишканалар ишке киргизилди. Анын ичинен  өнөр жай тармагында - 28, соода, кызмат көрсөтүүдө - 61, айыл чарба тармагында - 8 ишканада иш жанданып, 500гө жакын жумушу орун түзүлдү.  Өнөр жай ишканаларынан “Элдик” жана  “Келечек” мамлекеттик ишканалары жанданды, нефтини казып алууда “Энергоресурс Средней Азии”, “Кыргызжер нефтегаз”, “ПиНАЙ” компаниялары алгылыктуу жумуш ыргагын жүргүзүштү.  Сузак районунда “Фермерс-Органик-Гербен”, “Иса практик”, “Көк-Тоңду” ЖЧК ишканалары  кадам таштады. 

 

Айыл чарбада

2017-жылдын январь-сентябрь айларынын ичинде областын айыл чарбасынын, аңчылык  жана токой чарбасынын өндүргөн дүң продукциясы 32 млрд.713,2 млн. сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу жылыш болгон. Мал чарба продукцияларында өндүрүү жаман эмес. Талаачылыкта болсо, быйылкы жылдын түшүмү үчүн эгилген айыл чарба эгиндерин жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Бул жылы пахта көп эгилип, ак алтындын баасы да жогору болууда. Башкача айтканда 11451 гектар пахта эгилген, өткөн жылга салыштырмалуу 1708 гектарга көптүк кылат.  Бүгүнкү күндө пахтаны  дүң жыйымы 26928 тонна, түшүмдүүлүгү  гектарына 31 центнерден түзүүдө. Былтыры пахтанын килосу 41-43 сомдон алынса,  быйыл 44-45 сомдон болууда. Албетте ак буланын көтөрүлүүсү дыйкандардын сүйүнтөт, негизгиси алар үчүн жаз, жайы боюнча бешене тер төккөн мээнетинин акыбети кайтуусун гана каалашат.

Мал чарбасында малдарды идентификациялоого -174719 баш ири мүйүздүү малдар пландаштырылып,  жыл башында 173000 даана бирка алынып келген.  1-октябрга чейин  167879 баш мал индентификациядан өтүп, көрсөткүч 96 пайызды түздү. Индентификациядан өткөн малдардын ичинен 167313 баш маалымат базасына киргизилип, 95,7 пайызды түзүүдө. Ал эми таркатылган биркалардын  акчасынын кайтарымы 98 пайызды түздү же  6 млн.247,4 миң сом жыйналды.   Калктан дагы 91,7 миң сомду өндүрүү турат.  Дал ушул биркалардын акчасын кайтаруу маселеси өткөнкү коллегияда каралып, кайтарымды жолго салуу боюнча аким-мэрлер убадаларды беришти эле. “Жетекчилер аткарабыз”  деп берген жоопторуна туруп,  кайтарымы арсар болгон насыяны топтоого катуу киришкени байкалып турат.  Калган кайтарымга дагы бир силкинип,  бел байлашса маселе көтөрүлбөйт деп ишенип туралы.

 

Насыя кандай берилди?

Октябрь айынын башына чейин айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө “Айыл чарба каржылоо - 5” долбоорунун алкагында 2017 обьектиге жалпы суммасы 752 млн. 477 миң сомдук жеңилдетилген 10 пайыздык , кайра иштетүүгө 6 пайыздык насыялар берилген. Андагы насыялардын ичинен 411 субьектиге  айыл чарбага 135 млн 533 сомдук, мал чарба тармагында 1531 субьектиге 512 млн. 204,7 миң сомдук, кайра иштетүүгө 75 субьектиге 104 млн.739 миң сомдук насыялар берилген. Ошондой эле “Айыл Банк” тарабынан 15 даана трактор жана 6 даана айыл чарба шаймандары лизинг шарттарында  алынган.

 

Автожолдордогу абал...

Автожолдор аркылуу үзгүлтүксүз транспорт байланышын камсыздоо боюнча “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолу башкармалыгы, “Бишкек-Ош” автожолун тейлөөчү №22, 38, 30, 23 жол тейлөө ишканалары тарабынан жалпы суммасы 304,7 миллион сомдук иштер аткарылган. Анын ичинен асфалт төшөө жалпы узундугу 46 чакырым, шагыл төшөө-20,5, ШПО жасоо-25,0 чакырымды түзгөн.

Райондордун борборлорунун, шаарлардын көчөлөрүнүн абалын жакшыртууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп,  жалпысы 18,8 чакырым жол асфальтталды.  Ошондой эле “Бишкек-Ош” автожолунун мамлекеттик дирекциясынын ЖЭМ-23 мекемеси тарабынан Токтогул шаарында 3 чакырым жолго асфальт басылган.  Мындан тышкары “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолу башкармалыгы тарабынан мамлекеттик маанидеги автожолдордун жалпы аянты 31050,6м2 асфальт төшөлгөн катмарынын чуңкурчаларын жамоо, жалпы узундугу 4,05 кмге асфальт төшөө иштери жүргөн. “Бишкек-Ош” автожолунун мамлекеттик дирекциясынын  ЖЭМ-22 мекемеси тарабынан “Маданият-Майлуу-Суу” автожолунун жыл сайын сел ташкындарынан жабыркаган участкаларына 2 көпүрө курулуп, 2 км асфальт төшөө иштери бүткөрүлгөн.

Майлуу-Суу шаарындагы 28 - апрелиндеги чоң көлөмдөгү көчкүдөн шаардын борбордук бөлүгүн Сары-Бээ аймактык башкаруусу менен транспорт байланышын камсыздоо үчүн  Майлуу-суу дарыясынын оң жээги аркылуу узундугу 813 метр жаңы жол салынды. Бул үчүн өкмөт 10 миллион сом  бөлдү.

Түштүк темир жол бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 9 айында 952 вагон 51942 тонна жүк тартылып келинип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 332 вагонго көбөйүп, жүктүн көлөмү 18690 тоннага өскөн. Ушул убакыт ичинде эле 2034 вагон 132149 тонна жүктөр жөнөтүлүп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 350 вагонго, жүктүн көлөмү 22797 тоннага көбөйгөн.

 

Санарип, интернет...

“Кыргызтелеком” акционердик коомунун областтык филиалы тарабынан январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен 86 млн. 919,9 миң сомдук тарифтик киреше алынган. Ал эми 13 млн.301,9 миң сомдук байланыш кызматы көрсөтүлгөн. Бул убакыт ичинде интернет кызматына 1755 жаңы абонент туташтырылган. Интернеттин тарифтик кирешеси 44 млн. 91,3 миң сомду түзү, өсүүнү  камсыздады.

Областтын аймагында санариптик телеберүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу жөнүндөгү маселе 2017-жылдын 25-январында ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан коллегиясында каралып, анын жыйынтыгында токтом кабыл алынган. Токтомго ылайык областтын аймагында санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштер ишке ашырылып, област боюнча жалпы 237296 кожолуктун ичинен 213134 кожолук санариптик телеберүүгө кошулган. Бирок Сузак районунда санариптик телерадиочагылдыргычтарды орнотуу үчүн 5 имарат курулбай жатат. Мисалы Курманбек айыл аймагында 2, Кыз-Көл аймагында 2, Кара-Алма  айыл өкмөтүндө  1 имараттын курулуштары бүтпөгөндүктөн эл санарипке өтүүдө кыйналууда. 

 

Өзгөчө кырдаал, адам өмүрүн алган кырсык

9 айда жалпы 157 табигый техногендик өзгөчө кырдаал катталды. Анын ичинен жаратылыштык мүнөздө кар көчкү 59, жер көчкү 50, сел 16, катуу шамал4, калың кар8, суу ташкыны 9, 1 таш кулоо фактысы катталды. Техногендик мүнөздө жол кырсыгы-2, социалдык биологиялык мүнөздө уулануу 1, жугуштуу ооруу-3 болуп катталган. Жүз берген өзгөчө кырдаалдардан улам 21 жаран каза тапкан. Областтын аймагында өзгөчө кырдаалды кооптуулукту алдын алуу үчүн жалпысынан  101 обьектиде  иш-чара жүргүзүлүп, 90 обьектиде жумуш аяктаган, 8инде жумуш кызуу жүрүүдө. Дубанда табигый техногендик кырсыктардан 1994-2017-жылдар аралыгында жабыркап көчүрүүгө сунушталган 3429 үй-бүлөнү түзсө анын ичинен 1775 үй-бүлө көчүрүлгөн, 928 үй-бүлө мамлекеттен жардамдарын алган эмес. 1028 үй-бүлө мамлекеттен жардамдарын алышып кооптуу участкадан көчпөй коюшкан. Натыйжада 1654 түтүн көчүрүлбөгө. Быйылкы жылы 525 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.  Кооптуу аймактан чыгарылган жарандарга шарт түзүп берүү үчүн мамлекет жер тилкесин берип, жергиликтүү бийлик электр энергиясы менен камсыздап беришти.

Сузак району тарабынан кооптуу аймакта жашап жаткан Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылындагы 299 үй-бүлөгө 35 га жер тилкеси бөлүнүп берилди. 150 түтүн үйлөрүнүн курулушун баштаган, алардын ичинен 31 үй-бүлө ипотекалык насыя алышкан.

Майлуу-Суу шаарынын  жер көчкүдөн көчүрүлүп, турак жай курууга муктаж 143 жарандын ичинен 60 жаранга Бүргөндү айыл аймагынан, 25 жаранга Көк-Таш айылынын жер тилкелери берилди. Калган 58 жаран жер тилкелерин алуудан баш тартып батир сурап жатышат.

Базар-Коргон районунун Могол, Арстанбап, Талды-Булак, Кызыл-Үңкүр жана Кеңеш айыл аймактарынын кооптуу жерде жашаган 430 үй-бүлөдөн кезекте көчүрүлүүгө муктаж 180 үй-бүлөгө Ноокен районунун Арал айыл аймагынан убактылуу пайдалануусундагы  Живпром участкасына турак жай курууга 18 га жер тилкелери ажыратылып берилди. 100дөн ашуун турак жайлар тургузула баштады.

 

Материалдык баалуулуктар учурунда иштетилбей жатат

ӨКМ тарабынан район шаарлардагы кооптуу жерлерге алдын алуу иштерине берилген материалдык баалуулуктар өз убагында иштетилбей сапатын жоготууда. Аксынын Кашка-суу айыл аймагына 139 габион берилип, 105 торчо коюлбай турат. Жерге-Талда 225 габион тең орнотулбаган.  Ала-Буканын  Балтагулов аймагына 125 торчо берилип, 70и коюла элек. +рүктү аймагында 2 гектар аянтка көчөт эгилген менен  айланасы тосулбаган. Чаткалдын Каныш-Кыя,  кара-суу участогунда 1 га аянтында да жаш көчөттөрдүн айланасы ачык турат. Сузактын Багыш аймагына 179 габиондун 100ү ушул күнгө чейин орнотулбаган.  Жыйын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жыл аягына чейин коюларын убада кылышты.

 

Наристе өлүмү азайды, эне өлүмү арбыды

Кудайга шүгүр, 1 жашка чейинки балдардын өлүмү азайды. Тактап айтканда 2017-жылдын 9 айында 21486 жаш бала төрөлүп, 310 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталган.  Статистикалык маалыматка таянсак, 1 жашка чейинки наристелердин өлүмү 2 пайызга төмөндөдү. Былтыркы жылы 314 наристе жалган жашоо менен кош айтышса,  быйыл 262 бала көз жумган. Балдардын өлүмү Базар-Коргондо 1ге, Жалал-Абад шаарында 8ге, Кара-Көлдө 3кө өскөн.

Өкүнүчтүүсү төрөттөн каза болгон энелердин өлүмү өскөн.  Былтыркы жылы наристесин жарык дүйнөгө алып келем деп 6 эне ажал тапса, быйыл 9 энени түзүп олтурат. Бул абалга ыйгарымдуу өкүл да тынчсызданганын, дарыгерлердин да шалаакылык мамилеси да таасир берип жатканын айтты. Областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Миянов дарыгерлердин да мамилеси да себеп болуп жатканын жашыра албай турганын билдирди. Бул багытта күчөтүлгөн тартипте иш алып барылмай болду.

Башка тармактагы орун алган кемчиликтерди жоюу да кадамдары да айтылды.

Күн тартибинде кыш камылгаларына да өзгөчө көңүл бөлүндү. Андагы жагдай менен гезиттин кийинки санынан тааныша аласыздар.

 

Жыйын соңунда...

Токтом долбоордо Майлуу-Суу шаарынын мэри Н. Маматовду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өкмөт башчыга сунуш  берүү каралды.   Себеби, аталган шаарда көрсөткүчтөр жакшы эмес экен. Аксы районунун акими Майсалбек Мырзамамытовго   “Жашыл долбоор” программасынын алкагында бир нече эскертүүлөр берилгенине карабастан жетиштүү көчөттөр эгилбегени, кооптуу аймактагыларды көчүрүү иши аксагандыгы, инвестиция тартууда эч кандай өсүү темпин камсыздай албагандыгы, мындан башка да тармактардан жакшы көрсөткүчтөр менен чыга албагандыгы үчүн сөгүш берилди.

Ошондой эле Чаткал районунда да айрым көрсөткүчтөрдүн начардыгынан район акиминин орун басары М. Досматовго сөгүш жарыяланды. ӨКМ берген материалдык баалуулуктарды өз учурунда максаттуу иштете албагандыктары үчүн Ала-Бука районунун акими С. Акпаралиевге, Сузактын акими Э. Омошевге, Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевдин жеке жоопкерчиликтерине жүктөлдү. Эң кызыгы  жыйындын күн тартибинде  кооптуу жерлерди алдын алуу үчүн ӨКМ тарабынан берилген материалдык баалуулуктар өз убагында иштетилбегендиктен сапаты жоголуп жаткандыгы баса белгилендиктен ыйгарымдуу өкүл  аким-мэрлерден четинен сурады. Анда Кара-Көл шаарынын мэри И. Еркеев ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен макулдашпай туруп,  9 тонна цемент, 900 кг арматура алып барып таштап коюшкандыгын, алар габион зарылдыгын айтып кайрылышканын балп эттирип, ӨКМ өкүлдөрүн  жакшы эле сындап алды. ӨКМдин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов учурунда мэрге жооп бере албаган менен жыйын бүткүчө мэрдин цементтин зарылдыгы боюнча ӨКМге кол койгон каты алынып келип,  И. Еркеевдин  бетин кызартышты . Катка койгон колун унуткан мэрдин кылыгы менен бул жыйын эсте калды...

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА, “Акыйкат”.

 

   

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 471
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2363
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2981
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38146
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46165
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35155
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1162