Коомчулукту катыштыруу менен жайыттарды туруктуу башкаруу

2 - Ноября  2017 | 9 : 18453
Коомчулукту катыштыруу менен жайыттарды туруктуу башкаруу

 

       Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда малдын саны жыл санап өсүү менен бирге жайыттардын тартыштыгы байкалып, жыл өткөн сайын деградацияга учураган жайыттардын аянты көбөйүп жатканы кадыресе көйгөйгө айланды. Жайыттар такырланып, тап-такыр керектен чыгып калуу коркунучу жайыт пайдалануучуларды түйшөлткөн маселе болду. Бул көйгөй Базар-Коргон районундагы токой чарбалардын жайыттарын да кыйгап өткөн жок. Андыктан аны жөнгө салуу маселеси көп жылдардан бери көтөрүлүп келген.

Базар-Коргон районундагы мамлекеттик токой фондунун жайыттарына тиешелүү көйгөйлөр жөнүндө жана аны чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Эрмековго кайрылганыбызда төмөнкүдөй маанилүү маалыматтарды ала алдык:

 

 

-Областтын аймагында болгон 336706 гектар жайыттын 26087 гектары Базар-Коргон районуна тиешелүү. Мал-жандыктын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кызыл-Үңкүрдөн башка аймактарда жайыт жетишсиз болууда. Кызыл-Үңкүр токой чарбасында 19 миң гектар жайыт бар. Талап боюнча бир гектарда бир шарттуу малдын башы (1 мал же 5 кой) багылуусу тийиш болсо, азыркы күндө бир гектарга 50-60 баш мал туура келет. Жайыттарда түрдүү чөптүн үрөнүн таштоого үлгүртпөй, андан калганы жандыктарга тебеленип, натыйжада жайыттардын куну кетип жатат. Мындай абалдан чыгуу үчүн жайыттарды эс алдырып, которуштуруп, малдын санын чектеп, мал-жандыкты алыскы жайлоолордо багуу үчүн ал тарапка жол салып, көпүрө курууга, инфраструктураны түзүүгө убакыт жетти. Маселен, Базар-Коргон районунун малын Тогуз-Тородогу алыскы Каначуу жайлоосуна жана Токтогул районундагы ээн жаткан жайыттарга жеткирүү үчүн мал ташуучу автоунааларды иштетүүнү сунуштап жатабыз. Мал-жандыкты жөө, ат менен жайлоого бир нече күндөп айдап жеткирүүнүн ордуна машиналар менен бир күндө ташып жеткирсе болот. Тогуз-Торо жана Токтогул райондорун кыдыруу менен кайсы жерге көпүрө, кайсы жерге жол куруу керек экендигин көрүп, болжолдоп келдик. Каначуу жайлоосуна барчу жолго көпүрө курулса, Базар-Коргон районунун калкынын мал-жандыгын ошол жактын жайытында багып, бул жактагы жайыттарды эс алдырууга болот. Азыркы кезде аймакта иштеп жаткан долбоор** райондогу (МТФ) Мамлекеттик токой фондуна тиешелүү жайыттарды туруктуу башкарууга чон көмөк көрсөтүп келет.

**2014-жылдан тартып Базар-Коргон районундагы токой чарбаларына караштуу жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү Федералдык министрлигинин (BMZ) тапшыруусу боюнча Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын эл аралык кызматташтык коому) аркылуу «Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жамааттарды катыштыруу аркылуу био ар-түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоору ишке ашырылып келет.

 

Жайыт башкаруу боюнча төмөндөгү маселелер көйгөйдүн негизги өзөктөрү болуп саналат:

 –Жайыттардын жетишсиздиги жана малдын санынын өсүшү;

– Токой чарбалардын жайыттарды башкаруу боюнча планынын жоктугу;

–Жайыт пайдалануучулар жана жайыт комитеттеринин ортосундагы конфликттер;

–Жайыттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулуктун жоктугу;

–Жайыттардын инфраструктурасынын начар абалда калгандыгы.

 

 

 

Ал эми ушул аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында долбоордун алкагында кандай иш–аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу долбоордун негизги өнөктөшү болгон “САМР Алатоо” коомдук уюмунун Жалал-Абад областындагы өкүлү Русланбек Осмоналиев кабарлады.

-Базар-Коргон районундагы токой чарбалар жана жайыт комитеттери менен биргеликте “CAMP Алатоо” коомдук уюмунун жардамы менен ушул долбоордун алкагында жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча атайын модель иштелип чыгып азыркы убакта райондо ийгиликтүү иштеп жатат.

Башкаруу моделинин негизги мазмуну:

1) Базар-Коргондо райондук жайыт комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын негизги максаты райондогу жалпы жайыттарга тиешелүү болгон көйгөйлүү маселелерди райондук деңгээлде жыл ичинде бир нече ирээт кароо жана аларды чечүү. Бул комиссиянын курамына токой чарбалардын директорлору, айыл өкмөттөр, жайыт комитеттер, райондук мамлекеттикт администрациянын өкүлдөрү кирет. Комиссияга райондук мамлекеттик администрациянын өкүлү төрагалык кылат жана алардын катышуусу менен бардык маселерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2) Токой чарбалары менен жайыт комитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты камсыздоо. Моделдин негизинде токой чарбаларына караштуу жайыттарды башкарууну жайыт комитеттери менен биргеликте алып баруу каралган. Кызыл-Үңкүр токой кызматы ар бир жайыт пайдалануучу менен эмес, жайыт комитеттер менен келишим түзүп, жайыт пайдалануу планын жана бөлүштүрүүнү бирге аткармакчы.

3)- Жайыт пайдалануучулардын жайыт маселелерин чечүүдө активдүү катыштыруу менен алардын жайыттарды ырааттуу пайдаланууга жана жайыт жерлерине болгон көз карашын өзгөртүү.

Мындан сырткары долбоордун жардамы менен жайыттарды сактоо максатында Базар-Коргон районундагы жайыттарга барчу жолдорго 15 көпүрө курулуп, 9 жайыт тилкелеринде мал суу ичүүчү куурлар жана алты токой чарбага ар биринин узундугу 1200 метрден болгон зым тосмолор мал айдап өтүүчү жолдордогу токойлордун четине орнотулган. Райондогу малдын санынын жайыттын көлөмүнөн 3 эсе көп болгондугуна байланыштуу деградацияга учурай баштаган райондогу жайыттарды сактоо максатында мал-жандыктарды башка жайыттарга которуштуруп багуу зарылдыгы келип чыкты – деп Русланбек Осмоналиев өзүнүнүн сөзүн жыйынтыктады.

 

МАЛДЫ АЛЫС ЖАЙЛООЛОРДО БАККАН ПАЙДАЛУУ

Авазбек Палванов, Базар-Коргон райондук айыл чарба башкармасынын жетекчиси:

-Райондогу дээрлик малдын көбү жай мезгилинде Кызыл-Үңкүрдөгү 19 миң гектар жайыттарда багылат. Малдын көптүгүнөн жайыт талашы жылда болот.

Биздин район өз аймагыбыздагы жайыттарды эс алдыруу үчүн мал-жандыктарды жайыт котортуп багуу үчүн Тогуз-Торо району менен келишим түзүү алдында турат.

Медетбек Исаков, Базар-Коргон районундагы Акман айылынын жайыт комитетинин төрагасы:

-Малчыларды алыскы жайыттарга көчүрүү үчүн жол менен көпүрө маселеси олуттуу. Чуңкурчак жайлоосуна баруучу жолго төрт көпүрө оңдолду. Жол сүрүлүп, көчкүлөрдөн тазаланды. Азыркы күндө мал-жандыгы көбөйгөн айыл-кыштактардын калкына, малчыларга жайыттар тартыш болуп жаткандыгы дайын болуп турат. Жайыт комитетинин күчү менен 80 миң сомдун тегерегинде инфраструктура оңдолду. Токой чарбалар жыгач жагынан жардам беришти. Биздин айылдын малчылары Кызыл-Үңкүр токой кызматынын жайыттарына келишим аркылуу чыгарылат. Менимче, райондук жайыт комитеттеринин укугун кеңейтип, жумушун көбөйтсө дурус болоор эле.

Каныбек Чойтоев, Кызыл-Үңкүр токой кызматынын директору.

-Райондун тогуз айыл өкмөтүнүн калкынын мал-жандыктары Кызыл-Үңкүрдөгү жайлоолорунда багылат. Бүгүнкү күндө 1 гектар жайытка 3 шартуу малдын башы жайылып жатат (бул үч эсе малдын саны көп дегенден кабар берет). Айылдардан келген жайыт пайдалануучулардын жайыт акысы толук төлөнүп бүтө элек. Тогуз айыл өкмөт бир миллион сомдон ашык жайыт акыларын төлөбөй келүүдө.

Ал эми ушул эле айыл өкмөттүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Төрөгелди Шавкановдун айтымында долбоордун көмөгү менен Кулун - Сай жана Жаз-Кечүү жайлоолоруна барууга көпүрө курулуп, 15 чакырымдык жол салынды.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ. 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 3855
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 4664
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 3543
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1115
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20120
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 4791
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 15119