Англис тилин үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары

8 - Ноября  2017 | 8 : 581841
Англис тилин үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары

 

            Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму тарабынан колдоого алынып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоору боюнча Жалал-Абад областындагы долбоорго кирген мектептерде англис тили ийримин жетектеп жаткан Айсулуу Орозова аталган тилди терендетип, заманбап ыкмалар менен окутуу аракетин күчөтүп жатат.

Бул үчүн эң алдын көргөзмөлүү куралдарды ар бир сабакка жетиштүү колдонууну башкы орунга коюп, изденет жана жаңы ыкмаларды ойлоп табат. Ал өзү эмгектенген Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде балдарга англис тилин үйрөтүүнүн бир канча  жаңы усулдарын иштеп чыгып, ушул мектептеги окуучулар  райондук, областтык  олимпиадаларда ар убак алдыңкы орунга жетишип келе жатышат. А түгүл республикада да  мыкты ийгиликтер  жаралып, бир катар окуучулар Америкага чейин барып жатышат.

Ал эми долбоордун алкагында англис тили ийримин жетектеп, долбоорго кирген Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы мектептеги ийрим мүчөлөрүнүн  тил үйрөнүүлөрүнө кошумча шарт жаратып, Жалал-Абад мамлекеттик университеттин алдындагы “Америка ордосу” борборунан сабак алып турууларына мүмкүнчүлүк түзүп берди. Андагы адистер менен өз ара сүйлөшүлүп жана макулдашылып, атайын графиктин негизинде балдар бул жерге келишип, окуу куралдарын пайдаланышат жана азыркы технологиялардын жардамы менен сүйлөө ыкмаларын үйрөнүшөт. Ошондой эле ал жердеги мугалимдерден да кошумча сабак алып турушат.

-Жол кире каржысы окуучуларды бир аз кыйнап коёт. Же болбосо долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебиндеги, Токтогул жана Колот мектептериндеги ийрим мүчөлөрү да  борборго келип, кошумча сабак алууну каалап жатышат. Бул маселени да караштырып, ыңгайлуу жагын издеп жатабыз - дейт Айсулуу айым.

Мындан сырткары балдарды англис тилинде таза сүйлөөгө каныктыруунун дагы бир ыкмасы Америкадан келген ыктыярчы Николь Стасковски айым  менен биргеликте команда менен иштөө ыкмасында сабак өтүп жатат. Мындай ыкма акыркы кезде кеңири жайылтылып жаткан кез жана окуучулар да аны жакшы кабыл алышат, сабакты тереңдетип  өздөштүрүүгө чоң өбөлгө болот. Ошондой эле 5-класстардын англис тил окуу китебин  мугалимдерге окутуу боюнча да кезек-кезек тренингдерди өтүп жатат. Андай окутуу тренинги Жалал-Абад шаарындагы  кыргыз-түрк балдар лицейинин базасында Кара-Көл, Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаарларындагы англис тил мугалимдери үчүн өтүлдү.

-Андагы негизги максат - англис тилин жаңы ыкма менен окутуунун усулун үйрөтүү. Себеби, мурдагыга караганда 5-класстын англис тили окуу предмети түп тамырынан жаңыланды жана азыркы мезгилдин талабына ылайык жаңы технологиянын жардамы менен окутулат.Эң башкысы англис алфавитин үйрөнгөн соң эле, сүйлөө, маектешүү, аңгемелешүү, текст түзүү ыкмалары окутула баштайт. Мындайча айтканда  программа өтө  тыгыз  түзүлгөн - деп кошумчалайт ал.

Бактыкан Ажымаматова. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5271
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3102
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 775
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1475
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1979
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2592
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55162