Кыргыз тарыхы байыркыдан башталат

7 - Июня  2016 | 12 : 353048
Кыргыз тарыхы байыркыдан башталат

Кыргыздар биздин заманга чейин 201-жылы эле кытай жазмаларында  “гегунь” деген аталыш менен белгилүү болгон. Ар кайсы жылдарда мамлекет куруу идеялары көтөрүлгөн. Элибиз менен мамлекетибиздин курулуш-бурулуш, тарыхый окуялары, алардын изилдениши тууралуу бир топ суроолорубузга ЖАМУнун тарых кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Эрнис Абдыманапович Авазов жооп берет. 

- Эрнис мырза, нечендеген изилдөөлөргө карабай, кыргыз элинин жана мамлекетинин тарыхы такталып бүтөлек. Эгемендүүлүктүн баштапкы жылдарында кытай жазмаларында кыргыз тарыхы 2200 жылдан бери белгилүү экени айтылган.  Же, кыргыз тарыхы көп жыл болду деген Оштун үч миң жылдыгынан бери эсептелеби?

-Туура айтасыз, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында азыркы постсоветтик  республикалардын баарында өз өтүмүштөрүнө кайрылуу  жанданып, союздун мезгилинде бурмаланып жазылган, же айтылбай келген тарыхый окуяларды жаңыча сыпаттоо,  тарыхый инсандардын бейнелерин калыбына келтирүү боюнча изилдөөлөр колго алынды. Ага союздун кыйрашы менен күнкорсуз мамлекеттердин калыптанышы, авторитардык режимдин ордуна демократиялык түзүлүштүн орношу,  партиялык идеологиялык көзөмөлдүн жоюулушу сыяктуу факторлор таасирин тийгизди десек болот. Ушундай шартта  жаңыдан калыптанган Кыргыз мамлекетинин байыркы мезгилден тарта башталган тарыхын карап чыгууга мүмкүнчүлүктөр жаралып, Манас эпосунун 1000, Ош шаарынын 3000 , Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыктары белгиленген. Албетте, бул иш чараларга карата айрым сын пикирлер айтылып келе жаткандыгына карабастан дүйнөлүк коомчулукка кыргыз элинин  маданиятын, тарыхын таанытууга салым кошулуп, жаш эгемендүү мамлекеттин идеологиялык пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө болду. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы  байыркы кытай жазма булактарына негизделген. Алсак, кытай тарыхчысы Сыма Цзяндын ( б.з.ч. 145 - 86 жж.) “Щи- цзи” (“Тарыхый жазмалар”)  аттуу эмгегинде  б.з.ч. 201-жылы кыргыздар  “гегунь” деген аталыш менен берилет. Белгилүү чыгыш таануучу   В. В. Бартольд  анын негизинде кыргыздарды эң байыркы эл катары эсептеген. Учурда элибиздин тарыхы андан да тереңде жаткандыгы жөнүндө илимий жоромолдор айтылып келүүдө. Менимче бул туура.

- Элибиздин өз алдынча мамлекет түзүү аракетин, биздин доорго чейин башталганын кайсы тарыхый булакка таянып айтсак болот? - Муну ырастаган тарыхый булактар  барбы?

 

 

-  Тарыхый булактар  тарыхый маалыматты алып жүргөн, же андай маалымат сакталган оозеки иретиндеги, буюм,  же жазуу жүзүндөгү предмет. Мындай булактарсыз тарых жазылбайт жана тарыхта  жаңы ачылыштар жаралбайт.

Албетте булактар ар кандай шартта, ар кандай көз караштагы авторлор тарабынан жаралышы мүмкүн. Маселе - алардын нукуралыгы менен ынанымдуулугунда турат. Изилдөөчүлөрдүн милдети - алынган булактарды чечмелеп,  илимге киргизүү болуп саналат. Кыргызстандын, анын ичинде кыргыздардын жана коңшу мамлекеттердин аймагында жашаган элдер жөнүндөгү жазма булактар байыркы кытай, перс тилдеринде кездешет. Аталган аймактарды мекендешкен байыркы көчмөн жана отурукташкан уруулар  боюнча маалыматтар, грек, византия, армян жазмаларында кездешет.

Мамлекетүүлүктүн башаты катары б.з.ч. III кылымда Батыш Монголиянын Кыргыз-Нор көлүнүн аймагындагы байыркы "Кыргыз ээлиги" эсептелип келет.  Мындай пикир кытай тарыхчысы Бань Гунун (б.з.ч. I кылымда жашаган) "Хань Шу" ("Хань династиясынын тарыхы")  деген эмгегиндеги "Кыргыз ээлиги хуннулардын шанүйүнүн ордосунан 7 миң ли батышта  жайгашкан” деген маалыматтан келип чыккан. Андан айырмаланып, Москвадагы чыгыш таануу институтунун кызматкери, кытай таануучу Людмила Боровкова “Кыргыздар биздин замандын IV кылымына чейин Чыгыш Түркстан аймагын байырлаган”- деген пикирин билдирген . Айрым кыргыз окумуштуулары (Т. Чоротегин, К. Молдокасымов ж.б.) жогоруда аталган маалыматтардын негизинде б.з.ч. 1-миң жылдыктын аягында кыргыздардын түпкү мекени Чыгыш Теңир-Тоо региону - азыркы Чыгыш Түркстандын Манас, Кара-Шаарларынын түндүгүрөөгү, ошондой эле Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүрөөк жагы, б.а. Кыргызстандын азыркы территориясы менен катарлаш аймак болгон деген жыйынтыкка келишкен.

Булактардан маалым болгондой кыргыз ээликтери  хунн дөөлөтүнүн борборунан алыстыкта жайгашкандыктан хунндардын бийлигине толук баш ийбей, өз алдынча болуп, б.з.ч 50-жылдарда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы башаты катары өнүккөн.

- 1170 жылдан мурда кыргыз державасы (каганаты) болгондугу жөнүндө далил-ойлор бар. Буга бир тараптуу жооп табылабы?

- IX кылымдын ортосунда кыргыздардын күчтүү, улуу жана бирдиктүү державасы түзүлгөн. Муну кытай тарыхчылары "Кыргыздардын күчтүү мамлекети болгон. Кеңдиги жагынан ал түрктөрдүн ээлигине барабар келген. Чыгыш Гулиганга (Байкалдын арт жагы), түштүккө - Тибетке чейин (Чыгыш Түркстан), түштүк-батышка- Гелолго (Жети-Суу) чейин созулган" деп белгилешкен. Түндүктөгү чек арасы болжол менен азыркы Томск жана Красноярск шаарларына чейин жеткен. IX кылымдын 40 - жылдарында түзүлгөн бул мамлекетти белгилүү орус тарыхчысы, академик  В. В. Бартольд "Улуу кыргыз дөөлөтү" деп атаган. Бирок тарыхчы  Ю. Худяков тарабынан “кыргыздардын колу жылдыз сермеген учуру” катары таасын баасын алган бул мамлекеттин жашоосу  көпкө созулган эмес.  Монгол басып алуусунун алдында кыргыздар эки княздыкты, Кем-Кемжиут (Кем-Кемчет) жана чыныгы Кыргыз княздыктарын түзүшкөн. Кем-Кемжиут - Енисейде, кыргыздардын княздыгы болсо,  Тоолуу Алтайда жана Жунгариянын түндүк райондорунда жайгашкан. Улуу каганаттын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгын белгилөө боюнча  президентибиздин Жарлыгына ылайык соңку мезгилдерде бир нече ирет илимий конференциялар өткөрүлүп келүүдө. Тарыхка кылчайып карасак чындыгында кылым карыткан кыргыз тарыхында мындай алтын  учур башка доорлордо учурабайт.

-“1876-жылы ураган Кокон хандыгы маалында жана бий-болуштардын заманында да кыргыз мамлекети куралган”  деген  көз караш да айтылып келүүдө.  Бул жагы расмий тастыкталдыбы?

 

-Кокон хандыгын  Фергана өрөөнүндөгү көп улуттуу тургундардын орток мамлекети катары караганыбыз оң. Албетте, аталган хандыкты  таза өзбек хандыгы болгон деген пикир ээлери чекеден табылат. Эске салсак,   Кокон хандыгын түптөөдө кыргыздардан  Акбото бий  жакындан көмөк көрсөтсө,  1741-60-жылдары кокон-кыргыз союзу түзүлүп,  анын бийлигин Кубат бий, Ажы бий ж.б. бөлүшүп турушкан. Кийинчерээк Кокон хандыгы  өз аймагын Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар жашаган аймактар менен кеңейтип, түндүк аймактарын караткан. Ошол учурдагы салт боюнча   өзбектердин миё уруусунан, тактап айтканда Шахрухтун урпактарынан башкалар  тактыга отура албаган. Мындай көрүнүш орус, же башка элдердин тарыхына  деле мүнөздүү. Ошол себептүү кыргыздар ордодо аталык,  баш вазир даражаларына чейин жеткен. Хандыктагы так талашуулардан улам  хандыктан өз алдынча бирдиктүү  кыргыз мамлекетин түзүү идеясы  да болгон.  Мындай кадамды  Алымбек датка Асан бий уулунун аракетинен көрүүгө болот. Кокон хандыгын орус бийликтеринен коргоого  Алымкул аталыктын башчылыгында  кыргыздар жигердүү катышкан. Хандыктын акыркы күндөрүндө Искак Асан уулу Полотхандын аракеттери да буга күбө. Хандыктын Фергана тургундарынын орток мамлекети болгондугу жөнүндөгү  пикирлерди айкындап келе жаткан окумуштуулардын башында менин устатым, профессор Т. Кененсариевди белгилөөгө болот. Агайыбыз жакында эле архив жетекчилигинин колдоосу менен Орусиянын архивдеринде болуп,  бир топ материалдарды колго алып, аны тартуулап келүүдө.

-1924-жылы Кыргыз автономдук облусу түзүлгөн. 1926-жылы Кыргыз АССРи мамлекеттик расмий макам алган. Ушундай ачакей маселелерден улам Кыргыз Республикасынын тарыхын кайсы жылдан тартып, айтабыз?

-1924-жылдын 8-сентябрь күнү Түркстан АССРинин БАКнын сессиясы,14-октябрда РСФСРдын Советтердин ВЦИКнин 2-сессиясы улуттук – аймактык бөлүштүрүү жөнүндө токтом кабыл алган.  Ушул токтомго ылайык РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономия областы түзүлгөндүгү жарыя болгон. Ошентип, биринчи жолу кыргыздар өз алдынча мамлекеттик түзүлүштүн алкагында бириккен. Албетте, бул али чектелген өз алдынчалык гана эле. .

1924-жылдын 25-майында РСФСРдин ВЦИКи өзүнүн атайын Токтому менен "кара" деген сөздү алып салган жана өлкөбүз Кыргыз АО ( автономиялык област)  болуп атала баштаган. 1926-жылдын 1-февраль күнү ВЦИКтин Президиуму Кыргыз АОну автономиялык республика кылып кайра түзүү жөнүндөгү чечим кабыл алат. Андыктан Кыргызстанда советтик үлгүдөгү мамлекеттүүлүктүн башатын совет бийлиги орногон 1917-жылдан, ал эми мамлекеттик түзүлүштү 1924-жылдан баштоо максатка ылайык келет.

-  Эл  менен мамлекетибиздин тарыхын так-таасын изилдөө үчүн кандай иш-чаралар жасалууда? Ага республикабыздагы тарыхчылардын шарт-шаасы жетеби?  Атайын мамлекеттик комиссия, же редакциялык кеңеш түзүлгөнбү?  Же,  тарыхчы-илимпоздор өз ыктыяры, болбосо, демөөрчүлөрдүн, балким башка уюм-мекемелердин көмөгү менен изилдешүүдөбү?

- Сонку мезгилдерде  элибиздин тарыхын изилдөөгө,  аны  коомчулукка жеткирүүгө жакшы көңүл бурулууда. КРнын президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Тарых боюнча улуттук комиссия, Кыргыз тарых коому тарабынан алгылыктуу илимий иш чаралар өткөрүлүүдө. Быйылкы жыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта түзүлгөн дирекциянын алкагында бир топ иштер белгиленген. Жеке демөөрчүлөр тарабынан да тарыхый китептерди жазууга колдоолор көрсөтүлүүдө.  ЖКнын депутаты А. Сулайманов тарабынан Кыргыз тарыхынын жети томдугун жазуу боюнча  сынак жарыяланып,  аны тарых илимдеринин доктору Т. Чоротегин баштаган окумуштуулардын тобу утуп алып, учурда  эмгекти элге тартуулаганы турушат.

- Дегеле тарыхты жазуу иши жөнгө салынганбы? Тарыхыбызды ким тактап, дайын-даректеп, орток пикирге келүү менен ким бир ыргакка салып бериши керек? Же,  ар бир илимпоз тарыхчы, этнограф, санжырачы, каалаган ар ким өз алдынча иликтеп-жазганы дуруспу? Мындайда баш аламан болуп, чак-челекейи чыгып кетет го!

-Тарыхый изилдөөлөргө жоопкерчилик менен мамиле жасап, обьективдүүлүк жана тарыхыйлуулук принциби жетекчиликке алынышы керек. Окумуштуулардын арасындагы кайчы пикирлердин болушу демейдеги көрүнүш. Бирок, тигил, же бул маселелерге келгенде  орток пикир болушу шарт, өзгөчө окуу китептериндеги маалыматтар көпчүлүк изилдөөчүлөр ынанган пикирлерге негизделиши керек. Антпесе сиз айткандай,  баш аламан көз караш орун алып келет.

- Кыргыз тарыхын бир жылда изилдеп-иликтеп, тастыктап чыгуу албетте, мүмкүн эмес. Элдин көбүнө мамлекетибиздин тарыхы өлкөбүздүн башаты автоном област болуп жарыяланган1924-жылдан бери карай эсептелгенде да, ал кезеңден тартып, 1991-жылга чейинки мезгил советтик идеологиянын талабы менен жазылган. Бул ортолуктагы окуялар да изилдөөгө  жөндүү. Ал эми Кыргыз АССРи менен Кыргыз ССРи болгон доор да кайра изилденүүгө муктаждыр?

-Албетте,   тарыхыбызды бир жылда эле жазып - бүтүп коюу мүмкүн эмес. Быйылкы мааракелик жылга карата КАССРдын 90, Кыргыз ССРинин 80,  Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгы боюнча иш чаралар белгиленген.  Советтик идеологияга ылайык көп тарыхый фактылар жаап жашырылган, же болбосо бурмаланып  жазылган. Андыктан  мезгил талабына жараша айрым тарыхый жагдайлар кайрадан каралып чыгышы мыйзам ченемдүү.

- Изилдөөлөрдө мамлекетибиз менен анын ар бир тармагы  камтылдыбы? Анын саясий турмушу, экономика, маданият, илим-билими, өнөр жай, айыл чарбасы, географиясы боюнча изилдөө иши кандай абалда?

- Ар бир тарыхчынын өзү изилдеген багыты, көтөргөн проблемасы бар. Ошондон улам кээ бирлери саясий тарых, айрымдары маданияттын тарыхы, социалдык-экономикалык тарых, же инсандардын тарыхы менен алектенишет. Өнөр жайдын, айыл чарбанын тарыхы да өзүнчө иликтөөгө алынат. Кээ бир учурларда тарыхый изилдөөлөр башка илимдер менен тектеш маселелерди деле камтыйт. Бирок, соңку жылдарда саясий жана инсандардын тарыхы боюнча изилдөөлөр басымдуулук кылууда.

-Кыргыз Республикасынын сырт жактарындагы кыргыздардын тарыхы, Борбор Азия мамлекеттериндеги, Алтай, Эне-Сай, Сибирь, Тыва, Фу-ю, Кытай, Түркия, Ооган, Европа, Америка жана башка өлкөлөрдөгү кыргыздардын тарыхы кандай изилденет?

  -Чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын тарыхына деле жетиштүү көңүл бурулууда. Алсак, кыргыз –хакас, якут , алтай  байланыштары, тажик, ооган, түрк, пакистан, өзбек  кыргыздарынын тарыхтары  боюнча алгылыктуу изилдүүлөр жүрүп жатат.

 

Маектешкен Ырысбай Абдыраимов

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 4740
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 1691
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52187
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 2263
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө” “Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:   Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында...

3 - Августа  2017 | 5 : 29354
“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген” “Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

Областтын прокурору Ө. Жамшитов:       Өткөн жылы областта эң көп жер, мамлекеттик сатып алуулар, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдар бузулган. Акыркы жылдары жер...

24 - Марта  2017 | 10 : 47487
Эки айда элүү кырсык жүз берди Эки айда элүү кырсык жүз берди

      Жалал-Абадга жаз келгенде эле жер көчкү, суу ташкыны көпчүлүктү элеңдетет. КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы бул жаатта кандай кадамдарды жасап жатканынан кабар...

14 - Марта  2017 | 5 : 15610