Мектеп окуучуларын эмне азгырат?

8 - Ноября  2017 | 9 : 6196
Мектеп окуучуларын эмне азгырат?

 

 

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл балдардын кылмышка аралашуусу көп. Былтыр жыл ичинде 12 кылмыш иши катталса, 2017- жылы тогуз ай ичинде 20 кылмыш катталган.

Шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Канатбек Тургунбаевдин айтымына караганда балдардын уурулук жана бейбаштык кылган учуру абдан көп. Бир эле бала бир нече кылмыштын түрүн жасаган учурлар арбын. Кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн 3-4 мектепке бирден инспекторлор бөлүнгөн. Мындан сырткары шаардык ички иштер бөлүмүнөн экиден кызматкер мектептерде жумасына бир жолу жолугушууларды уюштурат. Бөлүнгөн инспекторлор күн сайын мектеп жетекчилери жана окуучулар менен байланышып турат. Деген менен бул аракет жетишсиздей. Мүнөт сайын коомдун, техниканын өсүшү келечек   муундардын  ар кандай пайдасыз иштер менен алектенүүсүнө таасирин тийгизип жаткандай. Мындай пикиркге айрым педогогдор да ынынышат. Жалал-Абад шаарындагы №8 мектептин директору Зиягүл Асанбекова балдардын телефон менен көп алек болуусу алардын жүрүш-турушуна таасир тийгизип жатканын белгилейт. Ошондуктан, “Телефонсуз мектеп” кадамы башталган.

-Кудайга шүгүр биздин мектепте кылмыштуулукка барган балдар жок. Биз байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Жаман нерсенин алдын алуу үчүн ата-энелер менен тыгыз байланышта иштейбиз.Менимче мектеп менен ата-эне тыгыз байланышта болгондо гана балдардын жаза басуусу жоголот. Анткени, көзөмөл эки жактан тең болгондуктан бала алаксыбайт.Ушу күнгө чейин 2-3 жолу ата-энелер менен чогулуш өткөрдүк-дейт Зиягүл Асанбекова.

Мындай тыгыз иштегенде деле балдар арасында кылмыштуулук токтобой жатканын өкүнүү менен белгилеген №4-мектептин директору Бактыкан Рустамова  мектептерде атайын психолог болсо жакшы болорун баса белгилейт.

-Азыр көбүнчө 7-8-9-класстын окуучулары жаман нерселерге көп азгырылып жатат. Бул өткөөл куракта алар алы жеткен нерселерди жасап көрүүгө кызыкдаар болушат.Өз ара лидерликти талашуу да ушул мезгилде күч алат. Биз так ошол балдар менен иштешебиз. Баланы да андай бол, мындай бол, деп уруша бергенден пайда чыкпайт. Аларды алаксытыш үчүн ар кандай маданий иш чараларга, сынактарга катыштырып туруубуз абзел. Бала  жакшы нерсе менен алек болгондо гана кылмыштуулукка барбайт-дейт Бактыкан Рустамова.

Окучулардын өздөрү да майда-барат кылмыш кылган же алаксуу үчүн ар кандай зыяндуу каражаттар менен алек болгон балдар бар экенин айтышат. Шаардагы № 5-мектептин окуучусу Айдана Кайратбекова класста балдар лизун, резина менен көп алектенишерин айтат. Өтө жарык берүүчү ручкаларды (лазер)колдонушат. Мындай нерселер балдардын коопсузлугу үчүн өтө коркунучтуу экенин баса белгилеген мектеп директору Кульнара Мамытова учурда ортоңку класстын ата-энелерин балдары менен биргеликте чогулуш өткөрүүдө. Ал  ата-эне, окуучу жана мугалим бетме-бет жолугушканда жакшы натыйжа болорун белгилейт.Баласынын тарбиясын мектепке арта салган ата-энелер жок эмес экенин да кошумчалайт. Педогогдордун мындай нааразылыгын айрым ата-энелер да туура деп эсептейт.  

-Менин эки балам мекетепе окуйт. Аларды күндө жүрүш-турушуна жана сабактарына көз салып турам. Алардын жоро-жолдошторунун да кандай жүрүшкөндүгүн  да сурайм. Азыркы заманда көпчүлүк ата-энелер мындай кылышпайт деп ойлойм. Анткени азыр базар экономикасында иштесең тиштейсиң деген заман. Көпчүлүк ата-энелер иштен чарчап келип балдарына көз салганга чамасы жетпейт. Миграцияда жүргөндөрү да көп-дейт эки баланын энеси Нургүл Кебекбаева.

Мектеп окуучулары ар нерсеге азгырылбаш үчүн мектептин өзүндө ар кандай акысыз маданий, илимий ийримдер болушу керек деп эсептеген жетинчи класстын окуучусунун атасы Шарабидин Эрмековдун пикирин көпчүлүк ата-энелер колдоорун байкадым. Окурман, балдардын азгырылуусуна дагы эмне тоскоол болушу мүмкүн? Сиз да үн кошуңуз.

  Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.          

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта  жылдын мыкты мугалимдери тандалды Сузакта жылдын мыкты мугалимдери тандалды

    Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор...

20 - Февраля  2017 | 9 : 41962
“Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок” “Беш күндүк окууга бардык мектеп өткөн жок”

                        Жыл жаңырганда эле билим берүү министрлиги окуу системасында жаңы өзгөрүштөрдү киргизди. Тактап айтканда 2017-жылдын 12 январында №33 буйругу чыгып,...

3 - Февраля  2017 | 11 : 55750
Окуу жылга даярдык кандай? Окуу жылга даярдык кандай?

  Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланууга жергиликтүү бийлик, мугалимдердин да маани беришпегендигинен  учурда бир эмес эки заманбап болуп бүткөн мектепте окуучу толбой  турат,  биринде...

26 - Августа  2016 | 18 : 41281