Жалал-Абадда калкты тейлөө ыңгайлаштырылууда

8 - Ноября  2017 | 9 : 25164
Жалал-Абадда калкты тейлөө ыңгайлаштырылууда

 

Эми Жалал-Абад шаарынын тургундары пайдаланылган электр кубаты үчүн акыны төлөө жагынан мурдагыдай кезерип кезек күтүшпөйт жана ар кайсыл жактарга чуркашпайт. Аларды Электр кубатын сатуу ишканасында ачылган “Кардарларды тейлөө борбору” бир гана жерде кабыл алып, кардарларды бардык жакшы шарттары менен тейлешет. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. 
Шаарда “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна караштуу электр кубатын сатуу ишканасында ачылган “Кардарларды тейлөө борбору” ишке кирип, өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде төлөмдөрдү кабыл алуучу жайда кезек күткөндөрдүн санын азайтуу, аларды ыкчам жана маданияттуу тейлөө жагы бутага алынган. 
“Жалалабатэлектро” ААКнун башкы директорунун орун басары Рысбай Алдосовдун айтымында, кардарларды атайын бөлүнгөн бир нече гана кызматкер бир жерде отуруп тейлешет. 
-Бир бөлмө ичинде 3 оператор, 2 кассир жана 1 админстратор  кардарларды кезексиз тейлешет. Кеңеш берүүчү адистер чече албаган маселелерди ошол эле бөлмөдө администратор чечүүгө жардамга келет жана бул борбордун жардамы менен абоненттер өздөрүнө зарыл болгон бардык маалыматтарды ала алышат, - дейт ал. 

Нурайым Турдумаматова
  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4933
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5814
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2316
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 326
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5415
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 030
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1113